Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

"Азаттыктын" сот иши токтотулду, Европарламенттин резолюциясы


"Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Төрөгелди митинг учурунда.
"Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Төрөгелди митинг учурунда.

Бишкек шаардык соту 12-июлдагы отурумунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту. Эми министрлик “Азаттыктын” сайтын ачуу боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кат жиберет.

Келишимге ылайык, эки тарап соттук териштирүүнү токтотууга жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 27-апрелиндеги чечимин апелляциялык инстанцияда жокко чыгарууга макул болушту.

“Азаттыктын” адвокаты Тимур Султанов соттошууга негиз болгон “Настоящее время” телеканалынын “Азия: Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал” деген видео материал “Азаттыктын” платформаларында ачылбай калганын айтып, аны мындайча түшүндүрдү:

“Эркин Европа/Азаттык” медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу, контент узак мөөнөткө сакталбайт. Буга ылайык, доо арызга байланыштуу талаш жараткан видео “Эркин Европа/Азаттык” веб-сайттарында жеткиликтүү эмес”.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жеффри Гедмин "Эл аралык коомчулуктун жапатырмак аракеттеринин жана колдоосунун жыйынтыгы менен "Азаттык" радиосу өз аудиториясына такталган маалыматты жеткире берет", - деди. "Бул күттүргөн чечим "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун миссиясына, принциптерине жана журналисттик стандарттарына шайкеш келет".

Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлигине “Азаттыктын” сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет. Сайт бөгөттөлүп турганына тогуз ай болду.

Буга чейин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун контенттерди сактоо боюнча жалпы эрежелеринин өзгөргөнүнө байланыштуу былтыр сентябрда жарыяланган “Азия: Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал” аттуу видео “Азаттыктын” платформаларында ачылбай калганын (недоступен орусчасы) билдирип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кат менен кайрылган.

“Сөз болуп жаткан видео “Азаттык Медианын” бардык платформаларынан алынганы үчүн тынчтык келишимине кол койдук. Буга байланыштуу соттун да чечими чыкты. Эми Санариптик өнүктүрүү министрлигине “Азаттык Медианын” сайтына коюлган бөгөттү алуу боюнча кат жиберебиз. Ошондон кийин уруксат берилет”, - деди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев да Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

“Буга чейин президент Жапаровдун атына “Эркин Европа/Азаттык” (RFE/RL) радиосунун жаңы президенти жана башкы директору Жеффри Гедминден бул туурасында маалымдаган кат келип түшкөн. Бүгүн экинчи инстанциядагы сот Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык Медианын” ортосундагы тынчтык келишимди бекитти, соттук териштирүүлөр токтоду, “Азаттык Медиага” карата чектөөлөр алынат”.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.


Мындан кийин “Азаттыктын” банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган. “Азаттыктын” адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазган.

“Азаттыктын” дагы бир жактоочусу Акмат Алагушев да видео боюнча тактоо киргизди.

“Негизи видео алынган жок. “Азаттыктын” Интернет ресурстарындагы видеолор канча бир убакыттан кийин башкаларга жеткиликтүү болбой калат. Азыр ал видео сайтта жок болгондуктан тынчтык келишимге келдик”.

“Азаттыктын” сайты бөгөттөлүп, Жогорку Кеңештеги аккредитациясы жокко чыгарылганы менен мурдагыдай эле ишин улантып келатат. “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердиги боюнча буларга токтолду.

“Биз буга чейин кандай иштеп келсек, ишибизди ошондой эле уланта беребиз. Бардык кесиптештерибиз Бишкекте жана Пргадагы кеңседе мурдагыдай эле иштеп жатышат. Болгону сайтыбыз ачылбай калды жана телерадиокомпаниялардан эфирге чыга албай калдык. Эми Бишкек шаардык сотунун чечими менен сайт жана банк эсебибиз ачылышы керек. Биз коомго чынчыл, калыс маалымат таратуу ишибизди уланта беребиз. “Азаттыкка” быйыл 70 жыл болду. Биз ушул убакыт ичинде Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп аткан окуяларды ыкчам, бейтарап чагылдырып келатабыз жана аны уланта беребиз”.

"Азаттыктын" айланасындагы кырдаалга эл аралык коомчулуктун реакциясы

Кошмо Штаттар Кыргызстандын Маданият жана маалымат министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесине каршы ишин жокко чыгаруу боюнча соттун чечимин кубаттайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги социалдык тармактардагы баракчаларына жазды.

"Азаттык Медианын" ишмердүүлүгүнүн толук кандуу жанданышы басма сөз эркиндиги үчүн маанилүү жана Кыргызстанда бардык үндөрдүн бирдей жаңыруусу үчүн жасалган туура багыттагы кадам", - деп жазылган анда.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет кыргыз бийлигинин “Азаттык” радиосун жабуу боюнча чечиминен баш тартканын оң жыйынтык катары баалап, бирок “башында эле мекемени жабуу аракеттери жүрбөшү керек болчу” деп билдирди.

Уюм мындай билдирүүсүн сайтына 12-июлда жарыяланды.

“Кыргыз бийлиги “Азаттык” радиосунун эркин иштөөсүнө шарт түзүп, өзүнө жакпаган же макул болбогон мазмун боюнча “Азаттыкка” жана башка ЖМКларга кысым көрсөтүүнү токтотушу керек”, - деди эл аралык комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид.

12-июлда Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция талкууланды.

Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленди.

“Кыргызстандагы кырдаалды карап отуруу жеңил эмес. Абал начарлап баратат. Президент жана бийликтеги күчтөр тарабынан көп басым көрсөтүлүп жатат. Анын бир мисалы “Азаттык” радиосуна көрсөтүлгөн кысым. Бул радионун банк эсеби жана веб-сайты бөгөттөлдү. Күчүнө кирбесе да, сот бул радио бардык ишмердигин токтотушу керек деген чечимди кабыл алды. Эркин медиага каршы мындай аракеттер келишкис нерсе. Кеп медиа жөнүндө гана болуп жаткан жок. Сөз адам укуктарын коргогон активисттерге каршы көрүлгөн ар кыл аракеттер жөнүндө да жүрүп жатат. Биздин өнөктөштөрдүн мындай кадамга барышы кабыл алынгыс экенин биз так айтышыбыз керек”, - деди Европанын элдик партиясынын мүчөсү, чехиялык депутат Йиржи Поспишил.

"Биз соттун “Азаттык” радиосун жабуу чечимине тынчсызданып турабыз. Биз Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана маалымат каражаттарынын эркиндиги жана жалпы эле өлкөдөгү адам укуктарына байланыштуу камтамачылыгыбызды кыргыз бийлиги менен бардык деңгээлдеги жолугушууларда такай көтөрүп келатабыз", - Еврокомиссиянын каржылык туруктуулук, каржылык кызматтар боюнча комиссары Мейрид МакГиннесс.

"Бул резолюцияда эмне бар? Биз Кыргызстанды жаңжал маалында “пропаганда” жарыялаган медианы жапты деп айыптап жатабыз. Медиа компания талаштуу видеону өчүрүүгө макул болгондон кийин азыр бул чектөө алынды. Кыргызстан мыйзамдарын гана ишке ашырып жатат. Биз өлкөнү биринчи эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сындоого ашыкпайлы. Бул резолюция максатсыз. Медиа компания эми берүүлөрүн тарата берсе болот. Резолюцияга зарылчылык жок”, - деди Европарламенттеги ашкере-оңчул “Иденттүүлүк жана демократия” тобунун Франциядан шайланган депутаты Тьерри Мариани.

Европарламент кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун: “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө, “Бейөкмөт уюмдар” тууралуу мыйзамдын долбоору, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскертти.

"Азаттыктын" жабылышына кандай реакциялар болгон?

Буга чейин дагы "Азаттык" радиосу туш болгон соңку басымды АКШ, Британия, Евробиримдиктин элчиликтери жана бир катар эл аралык, жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, бийликтин бул аракетине тынчсыздануусун билдирген.

  • “Чек арасыз кабарчылар” уюму (Reporters Without Borders) Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылганын айыптаган. Уюмдун 24-январда сайтына жарыялган билдирүүсүндө бул "Кыргызстанда ансыз да кысымга кабылып жаткан басма сөз эркиндигине чоң тоскоолдук болору" жазылган.
  • Эл аралык Amnesty International (AI) уюму да Кыргызстандын бийлигин “Азаттыкты” соттун чечими менен жабуу аракетинен баш тартууга чакырган. Уюм журналисттерди жана бийликке сын айткандарды куугунтуктоону токтотууга үндөп, сөз эркиндиги сакталышы керектигин билдирген. “Азаттык” радиосунун жабылышы бир эле Жалпыга маалымдоо каражатына цензура эмес, бул өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу сокку. Кыргыз бийлиги өлкөдө болуп жаткан окуяларды сын көз караш менен чагылдырууну чектеп, журналисттердин оозун жабуу үчүн дагы бир кадам жасады”, - деп айтылган билдирүүдө.
  • Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists - CPJ) “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу тууралуу соттун чечимине тынчсыздануусун билдирген. Комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гулноза Саид Кыргызстандагы ишенимдүү маалымат булактарынын бири болгон “Азаттыкты” жабуу - көз карандысыз маалымат каражаттарына коркунуч экенин айткан.
  • Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын Демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер комитети да билдирүү кылды. Бул уюм да “Азаттык” радиосун жабуу тууралуу соттун чечими өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттарына кедергисин тийгизерин эскерткен.
  • Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү кыргыз сотунун "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу чечимине тынчсыздануу билдиришкен. Демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы, вице-төрагасы жана баяндамачысы Николоз Самхарадзе (Грузия), Фарах Карими (Нидерланд) жана Йохан Бюсер (Швеция) 27-апрелде билдирүү жасашты. Алар "Азаттыкты" жабуу - Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын эркиндигине чоң залакасын тийгизе турганын белгилешкен.
  • Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги 29-апрелде жарыяланган билдирүүсүндө элчилик “АКШ 25 жылдан бери көз каранды эмес маалыматтын ишенимдүү булагы болуп келе жаткан “Азаттыктын” иштөө мүмкүнчүлүгүн жоготушу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз жана сөз эркиндиги тууралуу билдирүүлөрүнө шек келтирет. Биз “Азаттыктын” ар бир арызын калыс жана кылдат карап чыгууга чакырабыз", - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын өзүндөгү отуздан ашуун медиа уюм “Азаттык” радиосу болуп көрбөгөндөй кысымга дуушар болуп жатканын белгилеп, анын айланасындагы соңку абалга байланыштуу бийликке кайрылуу жолдогон. 28-апрелде жарыяланган кайрылуусунда алар “кысымды жана кылмыш куугунтугун токтотууга, сайттын ишин жандандырууга, банктык эсепке коюлган бөгөттү алып салууга” чакырышкан.

XS
SM
MD
LG