Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Ак-Ордодогу эки адамдын өлүмүнө шектүү жок кылынганы кабарланды

Жаңыланды

Ички иштер министрлиги Ак-Ордогу эки адамдын өлүмүнө шектүү жаран качууга аракет кылып, жок кылынганын кабарлады. Бул тууралуу 14-октябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2006-жылы туулган шектүү бүгүн Кемин районундагы кылмышты жасоо жагдайларын көрсөтүү маалында качып кеткен.

Милиция “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамга ылайык шектүүгө карата кызматтык курал колдонулганын, анын кесепетинен ал каза болгонун билдирди.

Милиция кандай жагдайда оор кылмышка шектүү качып кеткенин кабарлаган жок.

Ички иштер министрлиги бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө, териштирүүнүн жыйынтыгы менен маалымат берилерин кошумчалады.

Ак-Ордо-3 конушунда эки бир тууганды мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 19 жаштагы адам 7-октябрда кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишинин айрым жагдайларын ачыктап, 34 жаштагы эркек кишиге 18, анын 38 жаштагы эжесине 11 жолу бычак сайылганы аныкталганын билдирген.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 34 жаштагы маркумдун жубайы анын күйөөсүн жана кайнежесин өлтүргөн деген шек менен кармалган 19 жаштагы адамды тааныганын 8-октябрда айтып берген.

“Биз ал күнү кечки саат 11лерде уктап калганбыз. Күйөөм кичүү кызымды колуна жаткырып төр жакта жаткан. Күйөөмдүн кыркыраган үнүнөн ойгонсом, баягы (ред: шектүү) жолдошумдун үстүнө отуруп алып бычактап атыптыр. Биринчи беткапчан болчу. Жолдошум беткабын чечти. Экөө алышып кетип, эшик жакты көздөй жөнөгөндө мен колума тийген телефон менен 102ге чалдым”, - деген ал.

Ал ошол кезде шектүү экинчи кабаттан түшүп келген кайнежесин да бычактаганын, окуя болуп жатканда үч баласы менен терезеден качып кетүүгө үлгүргөнүн кошумчалаган. Ал шектүүнү ал эмес кызы да тааныганын айткан.

Ички иштер министрлигинин 8-октябрда жарыялаган видеосунда шектүү ал үйгө акча үчүн киргенин айтып, эки кишини бычактап өлтүргөнүн моюнуна алган. Ал жерге маршруттук каттам менен барганын, бычакты Орто-Сай базарынан сатып алганын билдирген.

“Ал ордунан турганда башка эки-үч жолу чаптым. Ал мени кучактап жерге кулатты, экөөбүз алышып жатып, эшикти кулаттык. Ал мени түртүп, мен эшикти сындырдым. Кийин ал кулаганда ичине бычак сайдым. Ал кайра турууга аракет кылганда желкесине дагы бир жолу бычак урдум”, - деген шектүү.

Ага чейин расмий маалымат чыга электе шектүүнү кармоо учурунда тартылган сүрөттөрү социалдык тармактарда тарап, интернет колдонуучулар видеодогу адам башка экенин жазып чыгышкан.

Мындан кийин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков шектүүнүн атасы Майрамбек Садыков “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары каттоодо турганын, ал “Дөө Чыңгызды” акыркы сапарга узатуу зыйнатына да катышканын жазган.

Окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаров билдирүү жасаган.

“Милицияларга бардык шарттарды түзүп бердик. Техникалык каражаттары жетиштүү. Керек болсо милициялардын өздөрү кайда, кантип иштеп жүрүшкөнүн башкы штабда онлайн көзөмөлдөп турушат. Кээ бир жарандарыбыз: “ИИМ элге тез-тез маалымат берип турса болмок, минтип ызылдабайт элек” деп чыгышты. ИИМ мындай учурда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн тез-тез маалымат бербейт. Качан гана толук изилдеп бүткөндөн кийин бериши мүмкүн. Ошондуктан мындай чуулгандуу иштерде баарыбыз эксперт болуп кетпей, сабырдуулук менен күтүшүбүз керек”, - деген президент.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-октябрда аны 3-декабрга чейин камакка алган.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев буга чейин журналисттерге маркум бизнес менен алектенгенин, машинесинен ири суммадагы акча табылганын билдирген. Айрым коңшулары дагы маркум чет мамлекетке барып-келип иштеп жүргөнүн, автоунаа сатуу менен алектенгенин айтышкан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында быйыл сегиз айда 3 439 кылмыш катталган, бул 2024-жылдын ушул айына салыштырмалуу 9,9% көп. Өткөн жылдын январь жана август айларында 100 адам өлтүрүү кылмышы катталса, 2025-жылы 107ге жеткен.

Ак-Ордо-3 конушунда болгон окуянын алдында эле 27-сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз курбусунун үйүнө барам деп чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Эки күндөн кийин сөөгү Боом капчыгайынан табылып, анын өлүмүнө шек саналып 41 жаштагы киши кармалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG