Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:24

Түндүк Корея убададан тайдыбы?


АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Сингапур, 12-июль 2018-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Сингапур, 12-июль 2018-жыл.

АКШнын чалгын спутниктери Түндүк Кореядагы кубаттуу баллистикалык ракеталарды чыгарган заводдо иш тынымсыз уланып жатканын аныктады. Бул тууралуу "Вашингтон пост", "Рейтер" сыяктуу дүйнөлүк алдыңкы басылмалар америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме кылып жазып чыгышты.

Түндүк Кореянын "эң кубаттуу" континенттер аралык баллистикалык ракетасы жасалган заводдо иш дале уланып жатканын алгачкылардан болуп "Вашингтон пост" гезити 30-июлда жазып чыкты.

Аталган басылма атын атабаган америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме кылып кабарлагандай, Кошмо Штаттардын чалгын спутниктери Пхеньяндан анча алыс эмес Санумдон заводунда тынымсыз кыймыл бар экенин аныкташкан. Маалыматка ылайык, Түндүк Корея бул заводдо бир же эки континенттер аралык баллистикалык ракетаны жасап жатышы мүмкүн.

"Рейтер" агенттиги да өз булактарын таянып жазгандай, спутниктен алынган сүрөттөрдөн унаалар заводго тез-тез кирип чыгып жатканын көрүүгө болот. Бирок азырынча бул жайда жасалып жатканы айтылган жаңы ракета канчалык кубаттуу экени белгисиз.

Буга чейин аталган заводдо "Хвасон-15" аттуу контитенттер аралык баллистикалык ракета чыгарылган. Аны Ким Чен Ындын өкмөтү былтыр ноябрь айында сынап, бул ракета АКШга чейин жете алат деп мактанган.

Пхеньяндан анча алыс эмес Санумдон заводунун спутниктен тартылган сүрөттөрү.
Пхеньяндан анча алыс эмес Санумдон заводунун спутниктен тартылган сүрөттөрү.

Азырынча АКШ же Түндүк Корея соңку кабарлар боюнча расмий маалымат бере элек. Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Ким Дук Хван да бул маалыматты тастыктап же четке каккан жок:

- Түштүк Кореянын өкмөтү Түндүк Кореядагы иш-аракеттерге жакындан көз салып, АКШ менен тыгыз иш алып барып жатат. Бирок биз чалгын кызматынын маалыматы тууралуу эч нерсе айта албай турганыбызды түшүнөт чыгарсыздар.

Түндүк Корея баш-аягы алты өзөктүк сыноо өткөрүп, акыркы жолу былтыр сентябрь айында суутек бомбасын ийгиликтүү сынаганын жарыялаган. Пхеньян соңку эки жылда ондогон ракеталарын да сынады. АКШ баштаган бир катар өлкөлөрдүн кескин айыптоосуна кабылган мындай талаштуу аскердик сыноолордун көбү Ким Чен Ын бийликке келген акыркы алты жылга туура келет.

Кантсе да соңку тогуз айдан бери Пхеньян чоң сыноолорду өткөрө элек. Анын ордуна Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен эки жолу кездешип, 12-июнда биринчи жолу АКШ лидери Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сингапурдагы саммиттен кийин президент Трамп Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жараяны “абдан тез башталат” деп жарыялаган. Ошондой эле Түндүк Корея мурдагыдай коркунуч жаратпай турганын ишара кылган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 5-июлда Түндүк Кореяга барып, сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 5-июлда Түндүк Кореяга барып, сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген.

Бирок өткөн аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сенаттын Тышкы иштер комитетинде суроолорго жооп берип жатып, Пхеньян убадаларына карабастан өзөктүк куралга керектүү материалды өндүрүп жатканын айткан. Ал Түндүк Корея талаштуу куралдарынан арылмайынча эл аралык санкциялар кала берерин билдирген:

- Президент Трамп Түндүк Кореядагы денуклеаризация жараяны тууралуу дале оптимисттик көз карашта. Ким Чен Ын Сингапурда сөз кылган милдеттенмелерин аткарышы керек. Түндүк Корея массалык кыргын салуучу куралдарын жок кылмайынча, биздин санкциялар жана БУУнун санкциялары алынбайт. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бир катар резолюциялары Түндүк Кореядан мындай куралдарын жана баллистикалык ракеталарын жок кылуусун талап кылат.

Түндүк Корея өзөктүк программасы өлкөнүн эгемендигин коргоону гана максат кыларын айтып келет. Ошентсе да айрым маалыматтар Пхеньян кээ бир убадаларын аткарып жатканын ишара кылып жатат.

Өткөн аптада Түндүк Корея өлкөнүн түндүк-батышындагы Сохэ космодромуна караштуу ракеталык полигондун бир бөлүгүн буза баштаганы кабарланды. Бул тууралуу спутник сүрөттөрүн изилдеген Америкадагы "38 North" аналитикалык борбору билдирди.

27-июлда Пхеньян 65 жыл мурда токтогон Корей согушу учурунда Түндүк Кореяда өлгөн америкалык айрым жоокерлердин сөөгүн Вашингтонго кайтарып берген. Президент Трамп сөзүнө турганы үчүн Ким Чен Ынга ыраазылык билдирип, алдыда аткарыла турган башка убадалар да бар экенин айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG