Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Кыргызстандагы шайлоо дүйнө басма сөзүнүн назарында


Шайлодон кийинки добуш эсептөө, 10-октябрь, Бишкек.
Шайлодон кийинки добуш эсептөө, 10-октябрь, Бишкек.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоону эл аралык байкоочулар менен катар АКШ президенти, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү кубаттады. Шайлоо жыйынтыгын чет элдик басма сөз, аймак боюнча эксперттер да комментарийлеп жатышат. Шайлоого кызыгуусун көргөзгөндөрдөн Орусия менен Казакстан азырынча расмий реакциясын билдире элек.

Чет элдик басма сөздө 10-октябрда Кыргызстанда тарыхый мааниси бар шайлоо өткөндүгү белгиленүү менен 5 пайыздык чекти багындырып, парламентке кирген партиялардын карманган багытына баа берилүүдө.

"Ата Журт" улутчул, "Ар-намыс" москвачыл партиябы?

Америкалык “Washington Post” гезити 11 –октябрда “Кыргызстандын демократиялык эксперименти белгисиздик менен башталды” деген аталыштагы макала жарыялады. Макала авторлору - “Associated Press” агенттигинин кабарчылары. Аталган гезитте жарыяланган макалада айтылгандай, “Кыргызстандын Борбор Азияга парламенттик демократия алып келүү аракети башкы позицияны өлкөнүн жаңы конституциясына каршы улутчул партияга берген шайлоо сюрпризи менен олку-солку башталды”. “Эл аралык байкоочулар шайлоонун өтүшүн демократиянын жеңиши катары кубатташты, бирок улутчул “Ата Журт” партиясынын ийгилиги президенттин бийлигин чектөө боюнча соңку жемиштүү аракеттерди жокко чыгарууга негиз жаратуусу мүмкүн”,- деп белгиленет “Washington Post” гезитиндеги макалада. Америкалык бул басылма ага катар шайлоонун дагы бир күтүүсүз жыйынтыгы - Убактылуу өкмөткө кирген партиялардын ортозар көрсөткүчү экендигине токтолуу менен муну алар кризисти башкарууда баш- аламан ыкмасын көргөзүп, кээде мүдүрүлүү менен калктын көңүлүн калтырганына” байланыштуу деп түшүндүргөн.

“Ата Журт” партиясына “улутчул” деген мүнөздөмөнү америкалык “New York Times” басылмасы да берген. Бул басылма ага катар “Ата Журт” менен “Ар Намыс” убактылуу өкмөттү түзгөн жана жаңы парламентке кирип жаткан
Социал -демократтар менен “Ата Мекендин” башкы атаандашы экендигине токтолуу менен “Кулов мырза парламенттик системаны орноткон реформаны өзгөртүп, өлкөнү президенттик башкарууга кайтаруу зарылдыгын айткандан кийин Орусия колдоо көргөздү”,- деп жазат.

Ал эми америкалык “Wall Street Journal” басылмасы шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына арналган макаласында “Ата Журт” жана “Ар Намыс” партиялары бийликтин президенттен өкмөткө өтүшүн айыптаганын эске салып, “Москва парламенттик системага өтүү бийликке исламчыл экстремисттерди алып келиши мүмкүн деп эскерткен, Вашингтон өзгөрүүнү кеңири демократияны карай кадам катары кубаттаган”,- деп белгилейт. “Wall Street Journal” ошондой эле “Кулов мырзанын “Ар Намыс” партиясы добуш берүүнүн алдында Орусиянын маалымат каражаттарынын оң маанайдагы маалыматтарынын пайдасын көргөндөй жана партиянын жыйынтыгы Орусиянын Борбор азиялык өлкөдөгү салттуу таасиринин катаал эскертүүсү болду”,- деп жазат. “Ар Намысты” “москвачыл партия” деп европалык басылмалардан британдык “Daily Telegraph” да атаган. Башкалардан бир аз оозуп чыккан “Ата Журт” партиясына бул гезитте “абдан улутчул” деген мүнөздөмө берилет.

АКШ президентинин билдирүүсү

Барак Обама жакында Нью -Йоркто Роза Отунбаева менен жолуккан.
Ак үй президент Барак Обаманын атынан тараткан билдирүүдө АКШ президенти Кыргызстандын элин жана өкмөтүн биринчи кезекте парламенттик шайлоону уюшкандыкта өткөргөнү үчүн куттуктаган. “Баарынан мурда мен Кыргызстандын шайлоочуларын тарыхый шайлоого катышканы жана өкмөтүн тынч, демократиялык жол мен тандоого дилгирлигин көргөзгөнү үчүн куттуктайм”,- деп айтылат АКШ президентинин билдирүүсүндө. Андан ары билдирүүдө шайлоого байкоо салгандар добуш берүү учурундагы айрым мыйзам бузууларды, кемчиликтерди байкаганы, алар иликтенип, оңдолуусу керектиги айтылган. "Анткен мен шайлоолор нукура демократиянын маанилүү жана позитивдүү атрибутун көргөздү. Өнөктүк учуру атаандаштуу жана жандуу өттү, шайлоо жыйынтыгы добуш берүү күнү да белгилүү болгон жок. Кыргыз өкмөтүнө жана жарандык коомго жардам көргөзүү программаларыбыз, шайлоого байкоо жүргүзүү миссияларына катышуу аркылуу мен Кошмо Штаттар демократиялык жетишкендикке көмөктөшүүдө активдүү роль ойногондугуна кубанычтамын. Шайлоолор демократиялык башкаруунун бир гана аспабы. Кыргызстанды демократиялык калыбына келтирүүнүн кийинки баскычы өлкөнү тынч жана демократиялуу башкаруучу коалициялык өкмөттү түзүү болушу керек. Соңку трагедиялык окуяларды эске алганда, алдыда олуттуу проблемалар бар. Анткен менен кечээги добуш берүү демократиянын Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы, дүйнөдөгү колдоочуларына үмүт бериши керек жана Кыргызстандын каарман элине демократиясын чыңдоо, экономикасын кескин көтөрүү жана тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоодо жардам көргөзүү боюнча биздин ишенимибизди жандандырат” ,- деп айтылат АКШ президентинин билдирүүсүндө.

Евробиримдиктин реакциясы

Кыргызстандагы шайлоо жыйынтыгын расмий тараптардан алгачкылардан болуп Евробиримдик комментарийледи. Биримдиктин аткаруучу органы – Еврокомиссиянын тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон дүйшөмбүдө түштөн кийин таратылган билдирүүсүндө шайлоонун тынч өтүшүн кубаттады жана аны өлкөнү демократиялык стабилдештирүү багытындагы “чечүүчү окуя” деп атады. Билдирүүдө " тараптардын баары Кыргызстан үчүн бул чечүүчү жана жаңы баскычка бири-бирин урматтоонун негизинде жоопкерчилик жана конструктивдүү маанайда киргени абдан маанилүү. Евробиримдик алдыдагы олуттуу көйгөйлөрдү чечүүдө, өзгөчө мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары, демократиялык принциптер урматталышын камсыздоодо, коомдук тартипти сактоодо, жамааттар ортосундагы элдешүүгө, экономиканы калыбына келтирүүдө Кыргызстанга жардам берүүгө даяр",- деп айтылат.


"Парламенттик башкарууну шайлоочулар толук колдогон жок"

КМШ аймагынан Кыргызстандагы шайлоого кылдат байкоо салган өлкө Орусия менен Казакстан болду окшойт. Бирок расмий Москва шайлоо жыйынтыгына карата өз турумун азырынча айта элек. Орус басылмаларынан
“Время новостей” гезити “Кыргызстанда парламенттик шайлоо ийгиликтүү өттү” десе, “Независимая газета” “Кыргызстанда шайлоочуларды кой, бензин жана арак” менен сатып алышты”,- деп жазган. Борбор Азияга адистешкен орусиялык талдоочу жана журналист Санобар Шерматованын пикиринде, Кыргызстандагы шайлоо жыйынтыгынан Орусия уттурган жок. Бирок жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин өткөрүлгөн шайлоо жыйынтыгынын кызык жагы референдум менен шайлоонун жыйынтыгы кайчы чыгып, парламенттик башкаруу системасын сунуш кылган партиялар көпчүлүк добуш алалбай, президенттик башкарууну жактаган партиянын биринин биринчи, экинчисинин үчүнчү орун алгандыгында:

Санобар Шерматова


- Бул коомдо кандай бийлик керек экендиги боюнча али мунаса жоктугунун белгиси. Бакиевдин доорундагыдай үй-бүлөлүк башкарууну эч ким каалабары түшүнүктүү. Бирок ошол эле учурда парламенттик башкаруу формасы да электораттын толук колдоосуна ээ болгон жок. Андай болгондо ушул идея менен чыккан “Ата Мекен”, СДПК, “Ак Шумкар” орундардын көбүн алмак. Албетте кыргыз шайлоочусу адатта программа үчүн эмес, бул экинчи орунда, лидер үчүн добуш берерин эске алуу керек.

Казакстан кайсы партияга артыкчылык берди?

КМШ аймагынан Орусиядан кийин эле Кыргызстандагы шайлоого тыгыз байкоо салган өлкө Казакстан болду окшойт. Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, алган орундарын эске албаганда жаңы парламентте саясий күчтөрдүн азыркыдай курамда жайгашуусу казакстандык эксперттер үчүн күтүлгөн эле нерсе болчу. Бирок эми маселе саясий жараяндын экинчи этабынын кантип ишке ашарында турат:

Досым Сатпаев
-Чынын айтканда, бул маанилүү эмес. Маанилүүсү бул саясий партиялар жеке амбицияларын четке таштап, толук кандуу, ишке жарамдуу коалициялык өкмөт түзө алар-албасында. Эгер бул жасалса, Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы иштеп кетти деп айтууга болот. Менимче, азыр алар биринчи этаптан өтүштү. Эми коалициялык өкмөттү куруу боюнча андан да мааниси төмөн эмес экинчи этап келе жатат. Дагы бир ирет кайталайм, бул жогорку саясий маданиятты жана жеке амбициялар менен кызыкчылыктарды четке таштап, өлкөнүн тагдыры жөнүндө ойлонууну талап кылат.


Досым Сатпаев “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалгандай, казак президенти Нурсултан Назарбаев шайлоону утурлай “Ар-намыс”, “Ата Журт”, “Ата Мекен” партияларынын лидерлери менен көзмө-көз жолукканын эске алганда, Казакстан шайлоодо кайсыл бир партияга артыкчылык берди деп айтыш кыйын.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG