Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

А. Абдрасулова: Укуктук кырдаал бара-бара жакшырууда


Кыргызстандын түштүгүндөгү укуктук кырдаал биринчи күндөргө салыштырмалуу жакшырууда. Ошол эле учурда, «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, ЕККУнун кыйынчылык учур өтүп кеткенден кийин полиция киргизебиз деген аракети элдин кыжырын кайнатып жатат.

- Ушул тапта түштүктө укуктук абал кандай болуп турат. Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары да айтып атты эле күч органдарына бир катар сындарын оңдоп.

- Бүгүнкү күндө абал биринчи күнгө салыштырмалуу бир топ жакшы деп айтсак болот. Милиция, прокуратура кызматкерлери тарабынан адам укуктарын сактоо аракеттери бар. Ошол эле убакта кармалгандарга мурдагыдай жактоочуларды, адвокаттарды жолотпой жаткан учурлар биз тарабынан катталган болчу, бүгүнкү күндө адвокаты жок кармалып тургандар жок. Ошондуктан биринчи күнгө караганда абал бир топ эле түзүк деп айтсак болот.

- Буга чейин билесиз ЕККУнун полциялык кеңешчи тобу Кыргызстандын түштүгүнө, Ош жана Жалал-Абадка киргизилип, ошол жакта ишмердигин жүргүзөт деп айтылып атты эле. Бирок өзгөчө Ош шаарында каршы чыгуулар көп болуп атат. Кандай деп ойлойсуз, бул маселени компромисттик жол менен чечсе болобу, маселен аларды азыр Бишкекте калтырып иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүү маселеси айтылып атат?

- Биринчиден, аларды Бишкекке калтырып, Ош, Жалал-Абадка жолотпой койсо анда Кыргызстан дагы бир жолу эл аралык коомчулуктун алдында жакшы абалда болбой калат. Себеби эмнеге Бишкекке киргизсе, Ош менен Жалал-Абадка киргизгенге мүмкүн эмес, демек, ошол жакта чоң проблемалар бар экен деген ойду жаратып коюшу мүмкүн.

Биздин «Кылым шамы» адам укугун коргоо борбору ЕККУнун полицияларына каршы чыгып аткан кыймылдарга атайын кайрылуу жолдогонбуз. Анда биз өз сунушубузду айтып атабыз, эгерде сырттан ЕККУнун кеңеш берүүчү тобунун киришине каршы болсоңор, анда ошолордун функциясын өзүңөр алгыла, өзүңөр окутуу, байкоо, консульативдик иштерди жүргүзгүлө деп. Бирок ал ар бир эле жарандын колунан келе бербейт.

Экинчи компромисттик вариант - жаштар тарабынан, Урмат Акунов тарабынан бизге сунушталып атат. Жаштарга мүмкүнчүлүк бергиле, ошол келген консультативдик топтун иш аракетине биз байкоо жүргүзөлү деп. Бул дагы аябай жакшы компромисттик вариант. Жалал-Абад, Ошто жакшы жаштар кыймылдары, өтө билимдүү жаштар бар экенин көрдүм, ушул жаштар байкоо жүргүзүүнү өзүнүн колуна алууга толук мүмкүнчүлүгү бар деп ишеним берип эле ушул жаштарды ары түртпөстөн чогуу иштешсе болот деген оюм бар.

- Ошентсе да түштүктө коопсуздук маселеси боюнча чочулоолор кала берип атканы, элдердин агымы токтобой атканы айтылып атат.

- Чочулоо бар, себеби кыргызстандыктар бийликке ишенбей калды коогалаңдуу окуялардан кийин. ЕККУнун кеңеш берүүчү тобунун киргизилбей калышына Ош окуясындагы коогалаңга түздөн-түз тиешеси бар топтор, же болбосо бүгүнкү күндө өзүнүн ушундан кызыкчылыктарын таап аткан топтор да каршы болуп же өздөрү да аралашып аткан учурлар да бар.

Ошондуктан ЕККУнун кеңеш берүүчү тобунан өтө чоң чочулабаса деле болот. Ал жөнүндө чынында маалымат жакшы эл арасында жүргүзүлбөй калды. Экинчиден, ЕККУ өтө бачым кыймылдабастан стабилдешип калган убакта чечим кабыл алып киргизебиз деп атканы да элдин кыжырын келтирип атат, кан төгүлүп атканда кайда жүргөн эле деген да ойлор айтылып атат.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG