Активист сот жараянын Алматы шаарына которууну суранып жаткан.
Серикжан Билашка быйыл март айында «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш иши козголгон жана ошондон бери үй камагында жаткан. Ошол маалда жарандык активист Кытайдагы казактардын абалына байланыштуу маселе көтөрүп жүргөн.
Казакстанда Билашты биротоло актап, бошотууну талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат.
Бөгөт чарасы өзгөргөн жок
29-июлда Нур-Султан шаарында Серикжан Билаштын иши боюнча алгачкы сот жараяны болду. Ишти карап жаткан судья Нуржан Мелдебаев мыйзамдагы «сот процесси кылмыш болгон аймакта өтүшү керек» деген беренеге ылайык, ишти Алматы шаарына которуу тууралуу активисттин өтүнүчүн канааттандырды. Бирок үй камагында камоо тууралуу бөгөт чарасын өзгөрткөн жок.
Сотто Серикжан Билаштын адвокаты Айман Умарова кылмыштын курамы жок болгондуктан ишти кыскартуу тууралуу да өтүнүч келтирген. Судья бул өтүнүчтү четке какты.
45 жаштагы Серикжан Билаш Кытайда туулуп-өскөн. 2000-жылдардын башында Казакстанга көчүп келген жана казак жарандыгын 2011-жылы алган. Билаш Кытайдын Шиңжаң аймагындагы кайра тарбиялоо лагерлеринде кармалган казактардын таламын талашып, Казакстанда түрдүү акцияларды, басма сөз жыйындарын өткөрүп келген.
Серикжан Билашка быйыл март айында «улут аралык кастыкты козутту» деген айып тагылган жана кылмыш иши козголгон. Прокуратура активист андан бир ай мурун Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды «кытай улутундагыларга каршы жихадга чакырган» деп билдирген. Ал кармалган күнү эле Алматыдан Нур-Султан шаарына жеткирилген жана бөгөт чарасы катары үй камагы тандалган.
Билаш күнөөсүн мойнуна алган эмес жана кылмыш иши саясий негизде козголгонун айтып келет. Серикжан Билаш 29-июлда сотто журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кылмыш ишине байланыштуу Кытай бийлигин айыптады.
Шиңжаңда миңдеген адамдар «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2017-жылдан тартып белгилүү боло баштаган.
Нур-Султан шаарында Серикжан Билаштын сотуна анын ондогон тарапташтары келди жана «Боштондук» деп кыйкырып турушту. Келгендер Билаштын ишин Алматыга которуу тууралуу сот чечимин кубатташты.
29-июлда Алматы шаарында Билашты колдогон акция өттү. Акимчилик имаратынын алдына чыккан адамдар колдоруна «Серикжан Билашка эркиндик» деп казак жана англис тилдеринде жазылган плакаттарды кармап турушту.
Казак бийлиги Кытайдагы казактар боюнча маселеге кийлигишүүгө укугу жок экенин билдирип келет. Расмий Нур-Султан алар «кытай жарандары болуп саналат» деген жүйө келтирген.
Кытайда камака алынып жаткан улуттук азчылыктардын катарында кыргыздар да бар экени былтыр күз айынан бери айтыла баштаган. Казакстандагы «Ата Журт ыктыярчылары» уюму Кытайда кыргыз улутундагы кеминде 50 миңдей жаран камакта отурушу мүмкүн деп билдирген. Буга байланыштуу кытайлык жана кыргызстандык активисттер Бишкекте атайын жыйындарды жана митингдерди өткөрүшкөн. Ошондой эле «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети» да түзүлгөн. Кыргыз бийлигин Кытайдагы кыргыздардын абалына таасир этүүгө чакыргандар да чыккан.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы улуттук азчылыктар боюнча маселе - бул өлкөнүн ички иши деген мазмундагы жооп кайтарган.