Бул акыркы эки айда Багдадда болгон эң кандуу чабуул болду. Жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки он жарым ченде бомба жүктөлгөн машине айдаган жанкечти Адилет министрлигин келип сүздү. Бир нече мүнөттөн кийин экинчи жанкечти айдаган машине Багдад провинциалдык өкмөтүнө жете берип жарылды.
Имаратта бул тушта шиит диниятчысы, Улуу Аятолла Мухаммад Садык ас-Садрдын өлгөнүнүн 10 жылдыгы белгиленип жаткан. Жардыруу болгон кезде ”Азаттыктын” Ирак кызматынын кабарчысы Саада Камил провинциалдык өкмөттүн салатанаттар залынан бул маараке тууралуу репортаж даярдап жүргөн:
- Зыян чоң болду. Адамдар өлдү, имараттар жана автомобилдер талкаланды. Багдад провинциалдык өкмөтүнүн имараты да чоң залака жеди: имараттын фасады бузулду. Мен провинциалдык өкмөттө элем. Жардыруудан имаратта өрт чыгып, суу агып кетти.
“Азаттыктын” кабарчысы имаратка жанаша көчөдө сулап жаткан адамдарды, жардыруудан майышкан ондогон машинелерди көргөнүн, түтүктөрүнөн аккан суу көчөгө чаң аралаш акыр-чикирди айдып чыкканын да көргөн.
Саада Камилдин сөзүнчө, жардыруудан көбүн эсе астынкы кабаттагы жана тепкич менен чыгып бараткан адамдар набыт болушкан:
- Биз маараке өтүп жаткан бешинчи кабатта элек. Жардыруудан улам шып биздин үстүбүзгө кулады. Тепкич менен бараткан же эшиктен өтүп бараткан адамдардын көбү набыт болушту же оор жараат алышты. Жогорку кабаттарда зыян аз болду.
Кулаган шып астында калып, аман чыккан “Азаттыктын” кабарчысы кулагы чуулдап укпай, деми кыстыкканга байланыштуу ошол эле замат ооруканага жаткырылды.
Ирак өкмөтүнүн өкүлү Али ал-Даббаж жекшемби күнкү кошкабат бомба чабуулу өлкөдө январда өтчү парламенттик шайлоону болтурбоону көздөшү этимал экенин жана мындай жанкечтилик “ал-Каида” жана анын союздаштарынын колунан келерин билдирди.
Президент Барак Обама кандуу калабадан улам Ирактын премьер-министри Нури Маликиге жана президенти Жалал Талабаниге телефон кагып, бомба чабуулу Ирактагы прогрессти артка кайтарууну көздөгөнүн жана АКШ өкмөтү кыйраткыч күчтөргө каршы урушта Иракты жалгыз калтырбасын айтты.
Быйыл 19-августта Ирактын Тышкы иштер жана Финансы министрликтерине жасалган бомба чабуулунда 100дөй адамдын каны төгүлгөн.
Шейшемби күнкү алаамат окуя Багдаддын эң жакшы корголуп, коопсуз деп эсептелген бөлүгүнө ирактык козголоңчулардын колу жетээрин да көрсөттү.
19-августта Ирактын Тышкы иштер жана Финансы министрликтерине жасалган бомба чабуулунда 100дөй адам өлгөн эле.
Имаратта бул тушта шиит диниятчысы, Улуу Аятолла Мухаммад Садык ас-Садрдын өлгөнүнүн 10 жылдыгы белгиленип жаткан. Жардыруу болгон кезде ”Азаттыктын” Ирак кызматынын кабарчысы Саада Камил провинциалдык өкмөттүн салатанаттар залынан бул маараке тууралуу репортаж даярдап жүргөн:
- Зыян чоң болду. Адамдар өлдү, имараттар жана автомобилдер талкаланды. Багдад провинциалдык өкмөтүнүн имараты да чоң залака жеди: имараттын фасады бузулду. Мен провинциалдык өкмөттө элем. Жардыруудан имаратта өрт чыгып, суу агып кетти.
“Азаттыктын” кабарчысы имаратка жанаша көчөдө сулап жаткан адамдарды, жардыруудан майышкан ондогон машинелерди көргөнүн, түтүктөрүнөн аккан суу көчөгө чаң аралаш акыр-чикирди айдып чыкканын да көргөн.
Саада Камилдин сөзүнчө, жардыруудан көбүн эсе астынкы кабаттагы жана тепкич менен чыгып бараткан адамдар набыт болушкан:
Ирак элдик майданынын жетекчилери 17-январда болчу парламенттик шайлоого карата өткөн курултайда. Багдад. 17-октябрь 2009-ж.