Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:31

УКРАИНА ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН НАЗАРЫНДА


Эдил Сапарбек уулу, Прага Шейшембиде Парижде Европа Биримдиги менен Украинанын саммити өттү. Анда Украина менен Евробиримдиктин өз ара тыгыз алакаларын тереңдетүү тууралуу макулдашылды, бирок Украинанын уюмга келечектеги мүчөлүгүн тездетүү боюнча расмий Киевге кандайдыр бир ачык убада берилген жок. Саммитте соңку Орусия-Грузия жаңжалы тууралуу да талкуу болуп өттү.

Алдын-ала күтүлгөндөй эле, Евробиримдик менен Украинанын Париждеги саммитинде жакын арада Европа Биримдигине бул пост-советтик өлкө мүчөлүккө чукул арада эле өтөт деген сыяктуу убадалар айтылган жок.

Деген менен Украинанын президенти Виктор Ющенко бул саммитте алдын-ала сөз кылынган Кызматташтык келишими (Association Agreement) деп аталчу документ өз өлкөсүнүн Европа Биримдигине келечекте мүчө болуп кирүүсүнө башат ачат деп билдирди.


- Жакынкы келечектеги биздин өз ара алакаларды аныктоочу жана жөнгө салчу келишимди Кызматташтык келишими деп атоону макулдаштык. Бул 1990-жылдардан бери Европа Биримдиги менен кызматташтык келишим түзүп, акыры анын мүчөсү болуп калган мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдердикиндей философияга негизденген. -

Ал эми Лондондогу Европалык реформа борборунун тышкы саясат жана коргонуу жаатындагы адиси Томаш Валашек (Tomaš Valašek) мырза Париждеги саммит болооор алдында Украинанын Европадагы болочогу тууралуу анча ишениңкиребеген пикирин “Азаттыкка” мындайча билдирген болчу:

- Саммит Украинага анын акыр аягында мүчөлүккө өтүүсү үчүн маанилүү нерсени - европалык келечекти бербейт. Анда Украинанын маанилүүлүгү жөнүндө туура сөздөрдүн баары айтылат жана Украина менен Евробиримдик өз ара тыгыз алакаларын чыңдоочу нукта экени баса белгиленет. Бирок муну дипломатиялык тил менен чечмелегенде, бул "биз силерди талапкер катары олуттуу кароого анча даяр эмеспиз” дегенди гана туюндурат".-


Айтмакчы, шейшембидеги саммитте да Грузиядагы кризис күн тартибинин чордонунда болду.

Украина президенти Виктор Ющенко да, Евробиримдик лидерлери да кечээки жыйында Орусиянын Грузиядагыдай аскердик баскынчылыгы Украинада эч кайталанышы мүмкүн эместигин Кремлге ишаара кылышты.

Ошондой эле саммиттен кийинки маалымат жыйында президент Ющенко Грузиядагы жикчил эки аймактын көз каранды эместигин Киев тааныбай тургандыгын баса белгиледи.

- Биз Грузиянын аймактык бүтүндүгүн тааныйбыз. Украина Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааный албайт. -

Ал эми Европа Биримдигине мүчө айрым өлкөлөр Украинада реформалар талаптагыдай жүрбөй жатат, өкмөттөгү коррупция жогорку чекке жетти деп белгилешип, азырынча бул өлкө Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүү үчүн даяр эмес деген сын пикирин айтып келет.

Ошол эле учурда Европа Биримдигинин жетекчилиги Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыгын жана жалпы Европа континенти үчүн откон кылымдагыдай “кансыз согуш” ылайыксыз экендигин, талаштуу маселелерди өз ара сүйлөшүү аркылуу чечүүгө жетишүү зарылдыгын саммитте белгилешти.

XS
SM
MD
LG