Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:59

"Террордук уюмга акча которгон". Кыргыз жараны Литвада соттолууда

Литвада 49 жаштагы кыргызстандык Мухаммад Али Нуркулов “террордук уюмду каржылаган” деп шектелип, алты айдан бери камакта отурат. Сүрөттөр Литванын TV3.LT басылмасына таандык.
Литвада 49 жаштагы кыргызстандык Мухаммад Али Нуркулов “террордук уюмду каржылаган” деп шектелип, алты айдан бери камакта отурат. Сүрөттөр Литванын TV3.LT басылмасына таандык.

Литвада 49 жаштагы кыргызстандык Мухаммад Али Нуркулов “террордук уюмду каржылоого” шектелип, алты айдан бери камакта отурат.

Литвалык басылмалар жазгандай, Нуркулов 2025-жылы ХАМАС кыймылынын (Европа, АКШда террорчул деп табылган) согушкер бутагы “Al Qassem Brigades” тобуна криптовалюта менен эки жолу акча которгон. Ал быйыл 21-мартта Стамбулдан учуп келе жатканда Вильнюс шаарындагы аэропорттон кармалганы белгилүү болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Нуркуловдун иши көзөмөлдө турганын билдирди.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Нуркулов 2025-жылы “Al Qassem Brigades” радикал уюмуна криптовалюта менен 17 миң сомдун тегерегинде акча которгон. Аталган уюм Европада жана АКШда террордук уюм деп табылган ХАМАСтын согушкер бутагы саналат.

"Тергөө учурунда 1977-жылы туулган эркек киши исламдын радикал идеяларын карманары жана террордук уюм катары таанылган ХАМАСты колдой турганы аныкталган. Ал 2025-жылдын жай айларында жеке криптовалюта капчыгынан бир катар каржылык операцияларды жүргүзүп, ХАМАС террордук кыймылынын согушкер бутагы болгон “Аль-Касам” уюмуна колдоо көрсөткөн. Сотто Нуркулов алгач 84 евро 83 цент, андан кийин дагы 93 евро 96 цент которгону айтылды. Ал сотто бул акчаны гуманитардык максатта, кайрымдуулук катары бергенин билдирди”, - деп жазды Литванын TV3.LT басылмасы.

Литвадагы сот жараянында тартылган сүрөттөр TV3.LT басылмасына таандык.
Литвадагы сот жараянында тартылган сүрөттөр TV3.LT басылмасына таандык.

Нуркуловдун алгачкы соттук отуруму 11-августта Вильнюс аймактык сотунда өткөн. Ал сотто котормо тиркемесин колдонуп, орус тилинде сүйлөшкөн. Мухаммад Али Нуркулов кылган ишине өкүнөрүн айтып, ырайым берүүнү сураган:

“Менин Литва Республикасына, анын жарандарына же коопсуздугуна зыян жеткирүү ниетим болгон эмес. Боорум ооруп, тамак-аш үчүн деп, гуманитардык жардам берген элем. Мен мурда соттолгон эмесмин. Мага ырайым берүүңүздү суранам”, - деген ал.

Буга прокурор эмне деп суроо салганын TV3.LT басылмасы төмөндөгүдөй жазды:

“Башкы прокуратуранын прокурору Римас Юодис айыпталуучунун мындай түшүндүрмөсүнө таң калып, ХАМАС кыймылы 2023-жылы Израилге басып киргенин, адамдар каза болгонун билчү белеңиз деп сурады. Айыпталуучу өзүнүн жообу катары Палестинада каза болгондор тууралуу айтты”.

Сүрөттүн автору: Роберта Рябова/BNS
Сүрөттүн автору: Роберта Рябова/BNS

“Литвада оор жүк ташуучу унаа айдап иштеп жаткан”

Адвокат сотто Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан жана Дин иштери боюнча агенттиктен алынган документтерди көрсөткөн. Муну менен жактоочу жогорудагы радикал кыймыл Кыргызстандагы террордук уюмдардын тизмесинде жоктугун жана Нуркулов бул тууралуу кабары болбогонун далил келтирген.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ХАМАС (анын согушчан бутагы “Al Qassem Brigades” тобу) өлкөдөгү террордук топтордун катарына киргизилбегенин тастыктады. Мекеменин сайтындагы террордук топтордун тизмесинде бул уюмдар жок экенин кабарлады.

Литванын соту Нуркуловдун иши боюнча сентябрдын башында өкүм чыгармак. Бирок айрым документтер туура эмес которулгандыктан отурум кийинкиге калган. Нуркуловдун убактылуу кармоочу жайдагы мөөнөтү дагы үч айга узартылган. Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул иштен кабардар экенин жана айыпталуучуга укуктук жардам берилип жатканын “Азаттыкка” билдирди.

“Аталган маселе боюнча маалыматыбыз бар. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Беларус Республикасындагы жана Австрия Республикасындагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте консулдук жардам көрсөтүү жаатында тиешелүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын маалымдайбыз. Маселе Министрликтин көзөмөлүндө”.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Мухаммад Али Нуркулов 1977-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда төрөлгөн. 49 жашта. 2022-жылы Латвияга, көп өтпөй Литвага барып, расмий түрдө оор жүк ташуучу машине - фура айдап иштеп жаткан. Бишкектеги Медициналык академияда үч жыл билим алып, апасынын дартынан улам Европага иштегени кеткен. Литвада убактылуу жашоого уруксат берген документ алган.

Сот жараяны. Литва. Сүрөттөр Литванын TV3.LT басылмасына таандык.
Сот жараяны. Литва. Сүрөттөр Литванын TV3.LT басылмасына таандык.

“Азаттык” Нуркуловдун жакындары менен байланышты, бирок белгилүү себептерден улам алар журналистке маалымат берүүдөн баш тартты.

Литванын Каржылык кылмыштарды иликтөө кызматы жана Мамлекеттик коопсуздук департаменти кыргызстандык жаранды эки берене менен айыптоодо. Анын бири - “Террордук ишмердүүлүктү каржылоо жана колдоо” беренеси, экинчиси “Эл аралык келишимдерде каралган кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги” беренеси.

Литванын мыйзамына ылайык, бул беренелер менен айыпталгандар үч жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, акыркы жылы Литвага Борбор Азиядан келип иштегендер саны өскөн. Ал тапта бир апта мурун Литванын Миграция департаменти бул өлкөлөрдөн келген жарандардын ишке орношуу жана өлкөгө кирүү арыздарын кабыл алууну токтоткону маалым болду. Буга эмне себеп болгону так айтылган жок. Бирок 2025-жылы Литванын бийлиги Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында виза борбору ишин токтотконун, буга Литвага кирүүгө жана иштөө укугуна ээ болгондордун мыйзам бузуулары негиз болгонун билдирген эле.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Эшбаева

    Гүлжан Эшбаева "Азаттыктын" миграция темасын чагылдырган журналисти. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган.  

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG