Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Сузактагы желек өрттөлгөн окуя: "Коомду агартуудан башка жол жок"


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Сузакта Кыргызстандын желегин өрттөп, ордуна арапча жазуусу бар ак матаны илип кеткен окуяга байланыштуу бир нече адам, арасында 16-19 жаштагы кыздар кармалды. Атайын кызмат билдиргендей, кармалган кыздар диний-экстремисттик уюмдун буюртмасы менен кыргыз желегин атайылап өрттөөгө барышкан.

Аларга мамлекеттик символиканы жок кылуу боюнча айып тагылды. Кармалгандардын калгандары экстремисттик идеологияны жайылтууга жана тыюу салынган адабияттарды сактоого шек саналууда. Коомчулукта резонанс жараткан окуядан улам өлкөдөгү диний кырдаал, коопсуздук боюнча маселелер көтөрүлүп жатат.

"Арай көз чарай" ушул теманы УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков, "Мутакалим" аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жана Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты, дин таануучу Элмурат Кочкор уулу менен талкуулады.

- Тилекке каршы, биздин арабызда бул ирет мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жок, биз УКМКга, Ички иштер министрлигине дагы, Министрлер кабинетине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга дагы талкууга өз өкүлдөрүн жиберүүнү суранып кайрылдык. Алар келген жок. Муну ким жасашы ыктымал, кандай күчтөр ишке ашырды деген суроо туулуп атат. Артур мырза, күч органдарында иштеп кеткен адис катары сизде кандайдыр бир версиялар барбы? Бул окуя эмнени түшүндүрөт?

- Бул окуя, албетте, бүгүнкү күндүн талабына туура келбеген көрүнүш болуп эсептелет. Жалпысынан дүйнөдө деле, күчтүү болобу, чакан болобу – мамлекеттерде терроризм менен күрөш чабал жүрүп жатат, ага толтура мисалдар бар. Биздин мамлекетте дагы ар кандай террордук, экстремисттик уюмдарга кирген, аларга жан тарткан адамдардын саны барган сайын көбөйүп баратканы маалым. Жакынкы тарыхты алсак 2014-жылы Ирак, Сирияда “Ислам мамлекети” (ИГИЛ) уюму чоң согуш жарыялап, анын идеологиясы бир катар адамдардын, анын ичинде Борбор Азия, Кыргызстандагы жарандардын аң-сезимине терс таасирин тийгизди. Анын кесепетинен Баткен облусунда ИГИЛдин желегин машинасына илип алып жүргөндөр кармалган болчу. Сузактагы окуя динди жамынган экстремисттик уюмдардын өкүлдөрү өздөрүн көрсөтүү максатын койгонбу, же балким, тыштан, ичтен кандайдыр бир тапшырма алышканбы – ушундай окуя менен элге көрүнүп, алардын жүрөгүнөн орун алабыз деп атканы көрүнүп турат. Бул биринчиден. Экинчиден, Кыргызстанда бир эле “Хизб ут-Тахрир” эмес, 22 уюмдын ишине сот тыюу салган. “Хизб ут-Тахрир” уюму жергиликтүү башкаруу органдарынын чабал ишинен улам, а балким бул тармакка жетиштүү көңүл бурбай койгонунан ушинтип мамлекеттик желекти өрттөп кетип жатышат. Албетте күнөөлүүлөр такталып, алар мыйзамдын алкагында жооп бериш керек. Ал эми бийликке болсо бул окуя иштей турган жумушу көп экендигин көрсөтүп турат.

- Жамал айым, Сузактагы окуя кайсы бир бейбаш топтордун гана аракети же кандайдыр бир чагымчылдыгы болушу мүмкүнбү? Бул жагдай окуяга тиешеси жок катардагы жөнөкөй жарандарга каршы кысым-басымга жол ачып койбойбу?

- Кыргызстан Орто Азияда өзгөчөлөнүп турабыз. 2014-жылы көп кыргызстандыктар Сирия, Иракка экстремисттик уюмдар аркылуу кетип жатканда башка коңшуларыбыз күч органдары, муфтияттары аркылуу түшүндүрүү иштерин ыкчам, ырааттуу башташкан. Алар Кыргызстандын аймагынан 21 локациядан Сирияга кетишти деп очок катары аныкташкан. Ошол жыйырма бирдин бири Атабеков айыл өкмөтү. Азыр генерал айтып өткөндөй ал жерлер кооптуу жана ал жактарда өтө көп иштеш керек. Желекти өрттөп салууну 90% он пайызы муну чагымчылдык деп анализ жасап жатканда биз айтышыбыз керек, муну аябай дыкаттык менен териштиришибиз керек. Адамдар Сирияга кетпей калганда дароо эле бул жааттагы иштерди азайтып койгондой болдук. 2014-жылы президенттин катышуусу менен концепция иштелип чыгып, Коопсуздук кеңешинде бул маселе атайын талкууланып, каралган. Анан акыркы 3-4 жылда эмнегедир бул маселеге аз көңүл буруп калдык. Орто Азиядан Сириядан аялдар, балдар алынып келди. Алардын арасында он жылдап ошол мамлекеттердин жабык мекемелеринде отуруп келгендер да бар.

Алар менен кандай иштеп жатабыз, алар биздин коомго кантип аралашып жатат, биздин коомчулук аларга даярбы? Анан мындай көрүнүштөргө тыюу салынат дедик, ал кандай тыюу салынат, мыйзам менен элеби же башка формалары да барбы? Ушундай багыттарды жакшы түшүндүрүп бере албай жатабыз. Аны түшүндүрүп бере ала турган адистер дагы аз болуп турат. Анан бардык нерселерди эле "муфтият аткарат, алар айтыш керек" дейбиз. Эми алар мамлекеттен айлык албаса дагы колунан келгенин жасап жатышат. Бирок, бул жаатта коопсуздукту сактоо менен катар стратегиялык жактан чоң-чоң иштер жүрүшү керек. Мындай иштер эч качан токтобошу керек, себеби дүйнөлүк тажрыйба бир жолу радикалдашкан адам көп убакта кайра артка кайтпай турганын көрсөтүп атат. Буга чейин Ноокатта дагы чуулгандуу окуя болгон, мына генерал айтып жатат. Баткенде катталган экен, демек, мындай уюмдар “биз барбыз” деген ишаратын көргөзүп жатпайбы. Демек, бул багытта иштер азыраак жүрүп, майнап бербей жатканынан.

- Элмурат мырза, сиз ислам - бул тынчтыктын, толеранттуулуктун дини экенин айтып да, жазып да келатасыз. Дин таануу боюнча докторантурада билим алып жүрөсүз. Адис катары бул окуяга кандай баа бересиз?

- Дароо эле айтарым, мамлекеттик атрибуттарга кол салууну мен күнөө деп баалайм. Себеби, ушул мамлекет түзүп берген мүмкүнчүлүктөр менен нан жеп, тузун татып отуруп, бир аз белди түздөп алгандан кийин минтип отурганы адамгерчиликке жатпайт. Мунун түп-тамыры каякка барып такалып жатат? Бизде динди түшүнүүдө ага акыл-парасатты жакындатпаш керек деген жаңылыш түшүнүк бар. Качан акылга салалы, терең ой жүгүрткөндө гана туура диний түшүнүк келет дегенде аны диндин душманы катары көргөзүшөт. Светтик өлкөдө жашоону каапырлардын өлкөсүндө жашоо деген да туура эмес ой. Курандын негизинде бир өлкөнү башкара турган болсо, мына бул акыл менен, ой жүгүртүү менен, кеңешүү менен туура деп кабыл алынган чечимдерди мен туура эмес дей албайм. Жакшы эле, туура эле болот. Акылга салып ойлонуу менен динди карама-каршы коюу туура эмес. Ушуну түшүндүрөлү десе түшүнүшпөйт. Бул - бир. Экинчиден, исламдын тарыхын ыйыкташтыруунун да зарылдыгы жок. Буга чейин да жазгам, азыр да айтып өтөйүн, ал учурда баары жомокко окшош болгон экен, бир да күнөө болбой, сахабалардын баары жыргап-куунап калган экен деген түшүнүктү кылымдар бою сиңиргенге аракет кылып келатышат. Жыйынтыгында “аа, биз халифат курсак эле жыргап-куунап жашап жатып калабыз” дегенге алып келип жатат. Мамлекеттик тууну алып салып, жанагындай ак мата илип коюунун эки жагдай бар деп ойлойм. Биринчиси, светтик өлкөдө жашоо диний жашоого залакасын тийгизет деген бул акылга, Курандын негиздерине да каршы келе турган иш. Экинчиси, мунун баары исламдын тарыхын ашыкча идеалдаштырып салуунун кесепеттери.

- Жамал айым, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы коомдук уюм экен. Сиз мамлекет тарабынан бул жаатта иштер кийинки убакта солгундап кеткенин айттыңыз. Мамлекеттик органдардын ишине, анын ичинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жумушуна кандай баа бересиз? Комиссияга жакшы иштешине эмне жетпей жатат? Укукпу, мыйзамбы, акча каражатыбы, билимби же бийлик жетпей жатабы?

- Баары эле жетиштүү деп ойлойм, анткени былтыр президенттин фондунан жетиштүү каражат бөлүндү. Комиссиянын алдында эксперттик, аналитикалык чоң топтор иштеп жатат. Менимче, туура стратегияны түзүп, туура багыт менен иш алып кете ала турган кадрлар азыраак болуп жаткандай сезилет.

- Ошондой кадрлар Кыргызстанда барбы?

- Андай кадрлар Кыргызстанда өтө көп, себеби чет мамлекеттерге чыкканда кадрларыбыз бардык жактан күчтүү экенбиз деп сүйүнүп келебиз. А ошондой кадрлар тийиштүү жерлерде иштеп жатабы – ошол меселе. Экинчиден, баарын эле дин комиссиясына жүктөй берген да туура эмес деп ойлойм. Ошол эле күч органдары эле маселенин баарын чечет деген да туура эмес. АКШ, Испания, Германияда, ошол эле Өзбекстанда "маале" деген нерсени түзүп коюшкан, алар органдарга “бул туура эмес иш кылып жатат, тигил антип жатат” деп билдирип турушат. Ошондуктан биз жарандарыбызды мыйзамды сыйласаң кайсы гана динди тутпа бул мамлекетте бактылуу жашай турганын үйрөтүшүбүз керек. Мына ар кайсы диндердин башын кошкон конфессиялар биримдиги бар, аларды да мамлекеттик иштерге тартуу зарыл.

- Ушундай жумуштарды ким жүргүзүшү керек?

- Муну Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министр министрлиги жүргүзсө болот. Алар эми концерт, клип менен эле чектелбеши керек да. Экономика жана коммерция министрлиги деле мисалы, жарандар төккөн салык каякка жумшаларын түшүндүрүп турса жакшы болмок.

- Артур мырза, күч органдарынын иши ушундайда каякка багытталышы керек?

- Күч органдарынын негизги милдети – конституциялык түзүлүштү жана коомдо туруктуулукту сактоо. УКМКда дагы, ИИМде дагы экстремизмге, террорчулукка каршы күрөшө турган атайын башкармалык, бөлүмдөр бар. Өкмөттүн курамында, ага караган дагы структуралар бар. Негизи мындай жагдай кечээ же бүгүн эле пайда боло калган жери жок. Эгемендиктин алгачкы жылдары Кыргызстанга дүйнөдөгү ар кандай диний уюмдар, ар багыттагы агымдардын өкүлдөрү келип ачыктан-ачык жумуштарын жүргүзүп кетип турганы маалым. Анын натыйжасында дүйнөдө кандайдыр бир жагымсыз окуя болсо анын катышуучуларынын арасында кыргыз паспортун алгандар же ушул биздин өлкөдө туулгандар же башка бир байланышы барлар чыгып калып жатат. Ачыгын айтканда, биздин укук коргоо органдары динди жамынган экстремисттик топторго каршы күрөштө чабалдык кылып жаткандай таасир бар. Же күрөш барган сайын татаалдашып баратабы, же андай топтор улам күчтөнүп баратабы, кыскасы, Сузактагы окуя - чоң кылмыш. Албетте күч органдары териштирип, иштеп жатышса керек, ал такталат. Бирок, айтарым, күч органдарын эле карабай, Мусулмандар дин башкармалыгы да маяна албаса дагы бул жаатта жумуш жүргүзүшү зарыл. Алар ислам таза жана тынчтыктын дини экенин көргөзүшү керек. Түшүндүрүү иштери мектептен тартып жогорку окуу жайларында да туура багытта жүргөнү оң. Бир чети элдин билим деңгээлинин төмөндүгү дагы өз кесепетин тийгизип турган чак.

- Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети Бек-Абаддагы окуядан кийин “Хизб ут-Тахрир” уюмунун бир нече мүчөлөрүн кармады. Кыргызстанда 2003-жылы ишине сот тарабынан тыюу салынганга чейин “Хизб ут-Тахрир” уюму өлкөдө ачык эле иштечү. Азыркы тапта уюмдун баш кеңсеси Улуу Британияда, уюм бир катар мамлекеттерде ачык жумуш жүргүзөт. Элмурат мырза, ушул уюм тууралуу кандай пикирдесиздер, эмне айта аласыздар?

- Азыр “ким желекти өрттөдү”, “Хизб ут-Тахрир” эмне деген уюм” деген натыйжалар менен эле алаксып жатабыз. Бул эми бир адам рак – өнөкөт оору менен ооруп калса ошол дарт менен күрөшкөндөй эле кеп болуп жатат. Аны дарылоону, саламаттыгына кам көрүүнү 10 жыл мурда башташ керек болчу да. Биз мамлекетти сүйсөк, 10-15 жыл мурда эле бул уюм ээрге кыйшык отурганын байкап, ага карап эртелеп чара көрүш керек эле. Эгерде динди түшүнүүдө акыл-парасат, логика болбосо, бүгүнкү "Хизб ут-Тахрир” эртең башка ат менен болот, бүрсүгүнү башкача аталат, бирок, ички маңызы өзгөрбөй жарандардын светтик өлкөдө жашашына тоскоолдук катары кала берет. Артур мырза Сириядагы коркунуч тууралуу айтты, бирок биздин жарандар ал жакка даяр болуп барышты да. Демек, коркунуч биздин арабызда деле бар, болгону анын аты “Сирия” эмес. Биз алар менен кучакташып азыр деле жашап жатабыз. Ошондуктан иштин түпкү философиясын аңдайлычы. Акылга, логикага салып динди таанышыбыз керек.

Мына ушуну жеткирет деген дин кызматкерлеринин жарымынан көбү аны түшүнө ала турган деңгээлде эмес. Муфтият коомдук уюм экен, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия радикалдык чыңалууга каршы күрөшүшүбүз керек дептир, бирок иши ага төп келип жатабы, бул башка кеп. Муфтияттын кайрылуусун уктук, анда мечиттер ачылып, жакшы жолдо баратабыз дейт. Мечиттердин ачылышы горизонталдык өсүш, ал эч убакта ислам туура жайылып жатат дегенди түшүндүрбөй жатпайбы. Мечит көбөйгөнү менен Курандын негизги бир милдети болгон адамды туура тарбиялап, коомго кошуу деген миссия аткарылып жатабы? Тескерисинче, мечит көбөйгөн сайын ыймансыздык, кылмыштуулук, паракорчулук көбөйүп отурат го. Бизде вертикалдык өсүү жок, себеби, акыл, логиканын жок болуп жаткандыгында. Менимче, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга эрк жетпей жатат.

- Эми Дин иштери боюнча комиссиянын өкүлү буга чейинки бир программабызга келип кеткен. Алар да иштеп, мектептерге дин таануу сабактарын киргизип, аракет жасап жатканын айтышкан. Жамал айым, Кыргызстанда дин эркиндиги канчалык жөнгө салынган?

- Биздин өлкөдө дин эркиндиги аябай жакшы берилген. Мен мына 30 жылдан бери дин жаатында келатам, жоолук маселесиби, башкабы, баары жакшы жолго коюлган. Бизде негизги көйгөй тышкы көрүнүшкө, жоолукка, сакалга, мына эми туунун өрттөлүшүнө көңүл буруп жатабыз. А бирок, биз өзүбүзгө “адамдар буга эмнеге барып жатат?” деген суроо беришибиз да керек.

- Конституцияга ылайык биздин өлкөдө дин мамлекеттен бөлүнгөн да?...

- Ооба, туура, бөлүнүп, ажыратылышы керек. Диний уюмдар мамлекеттен ажыратылышы керек, бирок, ошол эле маалда мусулмандар да, башкалар дагы жаран катары ушул мамлекеттин мыйзамдарын сактап, урматтоого үйрөнүшү керек.

- Артур мырза, “Хизб ут-Тахрир” уюумуна байланыштуу ызы-чуу буга чейин да Ноокатта чыккан болчу. Ал окуя да коопсуздукка, туруктуулукка бир топ сокку урулгандай болгон. Мындай окуялар мындай кийин да кайталанбашы үчүн кандай иштер жүрүшү керек?

- “Хизб ут-Тахрир” уюму 1950-жылдары пайда болгон, анын максаты исламды жеткирүү жана ал аркылуу бийликке тынчтык жолу менен келүү болгон. Бирок, алардын үгүтү, пропагандасы өзгөрүп, бир топ радикалдашып кетишти. Эсиңизде болсо керек, 1999-2000-жылдары ФАНО (Фергана, Анжиян, Наманган, Ош) деген мамлекет курабыз деген күчтөр чыккан. Алар “Өзбекстан ислам кыймылы”, “Ислам жихады” деген уюмдар эле, аларга “хизбутчулар” жардам берип жатканы ачык эле көрүнүп калган. Азыр “муфтият мамлекеттен акча албайт” деп жатпайбызбы, ал башкармалык каяктан каржыланарын да билебиз. Бир да муфтий таза жол менен иштен кеткен жок, баары коррупциялык элементтерге аралашканы үчүн же башка себептерден улам кызматтан кетүүгө аргасыз болушту. Анын үстүнө муфтияттын өзүндө идеологиялык жактан ич ара кармаш да бар экени жалпыга маалым. Аалымдар кеңешине мүчөлөрдүн айрымдары Түркиядан, айрымдары Иорданиядан, кээ бири Египеттен билим алып келишкен. Алардын ортосунда талаш жүрүп келатканы белгилүү. Ушундай иштер биздин мамлекетте болуп кетти. Бул, албетте, жакшылыкка алып келбейт. Дин иштери боюнча комиссиянын айрым мурдагы жетекчилерине да кылмыш иштери козголгон болчу. Ошондуктан мындай уюмдардын башына таза, мекенчил адистер келиши керек. Дүйнө жүзүндө да исламды жаманатты кылуу аракеттери тынымсыз жүрүп келатат. Бизден дин аалымдары болобу, дин комиссиясынанбы адистер чыгып, анын чыныгы максатын, аруулугун, тынчтыкты сүйөрүн айтып, элге жеткиргендери чыкпады.

- Жакында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Талибанды” террордук уюмдардын катарынан чыгарып, Ооганстандын азыркы бийлиги менен тыгыз иштөөгө багыт алганын билдирди. Бул эми реалдуулук. Кыргызстан үчүн жаңы чакырык, өзгөчө бир милдет. Жамал айым, ушундай шартта эмне жумуштар жасалып, кайсы багыт менен кетишибиз керек?

- “Талибан” бийликке келгенде биздин социалдык тармакта бул жаңылыкты ачык кубаттап, сүйүнгөндөр болгон. Демек, бул да өзүнчө бир белги. Албетте, экономикалык жактан алганда жаңы рынок, биздин башкаруучулар алар менен мамиле түзүү ишаратын жасашты. Казакстан антип ачык кол сунуп жаткан чакта биз өзүбүз муну дыкат карап, коопсуздук жана башка маселелердин баарын талдап чыгышыбыз керек.

- Артур мырза, “Талибан” боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Мен муну эки тараптуу карайт элем. Талибдер көп жылдар бою дүйнө коомчулугуна террордук уюм катары таанылып келген. Алар билимге, аялдардын укуктарына жана башка светтик мыйзамдарга каршы экени белгилүү болчу. Эми азыркы реалдуулук Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттерге коңшу болуп отурат. Бул эми тымызын экстремисттик жол менен, же ачык эле иштеп жаткан азыр тыюу салынган уюмдарга ачык үлгү болуп саналат. Себеби, ушундай жол менен бийликке жетсе болот турбайбы деген үмүт оту жагылды. Талибдер менен Борбор Азия мамлекеттеринин айрымдары ушинтип кызматташууга ачык өтүп жатат, ошентсе да алар менен толук кызматташуу келечектин иши. Себеби, Ооганстандын өзүндө азыр бул уюмга каршы күчтөр дагы деле болсо бар. Геосаясий жагынан алганда бул мамлекетте жаратылыш байлыктары көп болгондуктан Ооганстанга кызыгуу күч. Ошон үчүн өтө кылдаттык менен кадам ташташыбыз керек. Себеби дүйө жүзүндө талибдердин бийлигин эч ким тааный элек.

-Элмурат мырза, бүгүн биз козгогон темага кайра кайрылсак, абалдан агартуу, билим, жумшак күч аркылуу чыгууну айткандар болууда. Аларды ишке ашыруудагы механизмдер туура тандалуудабы?

- Агартуудан башка жол жок го дейм. Бирок, механизмдер жетиштүү эмес деп эсептейм. Мамлекет тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөргө жараша натыйжа болбой жатат. Мамлекеттик органдар да коомдун алдында болушу керек. Дин ишмердигин жүргүзгөн адамдардын сүйлөгөн сөзү, жазган китеби, кылган иши акылына, логикага, билимге негизделбесе жакынкы арада майнап чыкпайт. Исламдын формасына жамынган караңгылык каптай берсе туман тарабайт. Биздин мечиттер колдонгон китеп, адабияттарды кайра бир көздөн өткөрүп чыгышыбыз шарт. Мына азыр Ооганстан, “Талибан” тууралуу сөз кылдык, мен, мисалы, талибдерден коркпойм, себеби ошондой эле деңгээлдеги караңгы адамдар менен аралашып жашап жатабыз. Мына, бизде деле “аялдар денесин көргөзүп жүргөнү үчүн базарда эт кымбаттап кетти” дегендер бар. Болгону алар азырынча бийликке келе элек. Ошондуктан агартуу, билимден артык, андан башка жол жок. Исламдын тазалыгы, аруулугу тууралуу сөз жок, биз анын тарапташыбыз. Куранда айтылган баалуулуктар, принциптердин 50-60% менен жашап жатабызбы, анын тереңдигин түшүнүп жатабызбы – кеп ушунда.

- Маекке рахмат.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG