"Азаттык" радиосунун "Мигрант медиа" долбоорунун журналисти
Кыргыз бийлигинен башпаанек сураган украиналык Артем Бородинди 2025-жылы жергиликтүү милиция Орусиянын өтүнүчү менен Бишкекте кармаган. Ал бир жылдан ашык тергөө абагында отурду.
Орусияда 15 жаштагы кыргызстандык кыз “теракт” жасоого шектелип, жети жылга кесилди. Секелек ушул жылдын 23-февралында Санкт-Петербургдагы май куйган жайды өрттөөгө шектелип кармалган. “Азаттык” өспүрүмдүн жакындары менен байланышканда белгилүү себептен улам алар комментарий берүүдөн баш тартты.
Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарынын бири болгон тигүү өндүрүшү кыйын абалга кептелди. Буга чейин экспорттогу тоскоолдуктар таасир этсе, быйыл Орусиядагы Wildberries кампаларына жасалган чабуулдар кыргыз ишкерлерин ири чыгымга учуратты. “Азаттык” тармактын азыркы абалынан кабар алды.
Кыргызстандын экономикасынын негизги түркүктөрүнүн бири саналган тигүү тармагы кризиске кептелди. Бул тармакка аралашып, калктын калың бөлүгү тиричилик кылчу. Тигүү тармагы кантип талкаланып, чоң базардан сүрүлүп калды? “Азаттык” өлкөдөгү жеңил өнөр жай тармагынын азыркы абалына кызыкты.
Акын, композитор Аскат Жетиген жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, 19-августта абактан чыкты.
Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде камакта отурган акын Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыкты. Ал үч жылдык жаза мөөнөтүн толук өтөп бүттү.
1-август күнү Москвадагы ресторанда болгон жардыруудан кийин Орусияда жеткирүү кызматында иштеген мигранттарга текшерүү күчөдү. Кырсык болгон жерге жардыргыч зат катылган баштыкты курьер аял алып барганы айтылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы такталган соң эки өлкө ортосундагы жер алмашуу айрым тургундардын тагдырына да таасирин тийгизди. Баткендин Лейлек районунун тургуну Ыхыбал Абдувалиева жер алмашуунун жыйынтыгында үй-жайсыз калганын айтууда.
Алайлык Кадырбек Жээнбаев үч айылдашы анын апасын зордуктап, бирок жазасыз калганын айтып, тиешелүү органдардын эшигин каккылап жүргөнүнө көп болду. Ал зордуктоодон улам энеси бир айда каза тапканын айтып, үч шектүү бат эле мунапыс менен эркиндикке чыгып кетти деп нааразы.
Словакияга барганына эки жума болгондо Казим Керимбек уулу сууга чөгүп каза болду. Учурда сөөктү Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүүдө. Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашканы борборазиялыктар, анын ичинде кыргызстандыктар Европа өлкөлөрүнө оой башташкан.
Орусиянын бир катар аймактарында күйүүчү май кризисинин кесепети эмгек мигранттарына да тийүүдө. Айрыкча такси жана жеткирүү кызматында иштеген кыргызстандыктар май куюу жайларындагы кезектерден улам түн ичинде май куюуга аргасыз болуп жатышат.
Орусиянын “Юнармиясынын” окуучулары Кыргызстандын Кант шаарындагы авиабазада сабактан кийин 1,5-2 саат машыгат. Ага окуучулар кыз, эркек экенине карабай тартылат. Кыймылга кирип жаткандар “Служу России” деп ант берет, ок атуу, жарадарларга жардам берүү сыяктуу согуштук көндүмдөрдү үйрөнүшөт.
Алайлык Кадырбек Жээнбаев үч айылдашы анын апасын зордуктап, бирок жазасыз калганын айтып чыкты. Анын айтымында, зордукталган апасы алган жараатынан улам, окуядан бир ай өтүп каза тапкан.
31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыкта сүзгөн кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты өткөнү жатат. Туризм департаменти бул иш-чара өлкөнүн эл аралык туристтик жана инвестициялык дараметин жогорулатарын айтууда.
Ысык-Көлдө өтүүчү суу кайыктарынын чемпионатынын алкагында мамлекеттик экологиялык экспертизанын баштапкы жыйынтыгы оң көрсөткүчтө чыкканы белгилүү болду. Уюштуруучулар мелдешке чейин жана кийин төрт этап менен экологиялык экспертиза жүргүзүлөт деп убада берип жатышат.
Президент Садыр Жапаров блогерлерди, IT, кинофильм өндүрүүчүлөрдү баш кылып, креативдүү чыгармачылык менен алектенгендерди беш жылга салыктан бошотуу жарлыгына кол койду.
Аялдарга зомбулукту баяндаган “Курак” фильми Кыргызстанда көрсөтүлбөйт. Буга “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборунун прокаттык каттоо күбөлүгүн берүүдөн баш тартканы себеп болгон.
Бишкек мэриясы шаардын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу жол куруу ишин баштады. Окуу жайдын администрациясы ал жерде кампус курулуп жатканын айтып, жол салынышына каршылыгын билдирди.
Түркияда Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалды.
“Служу России” деп ант берген “юнармиячылар” учурда Кыргызстандагы Кант авиабазасында машыгышат. Ага 6-7 жаштан 18ге чейинки окуучулар кыз, эркек экенине карабай кабыл алынат. Алар курал атуу, жарадарларга жардам берүү сыяктуу согуштук көндүмдөргө үйрөтүлөт.
Дагы жүктөңүз