Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Молдова КМШ курамынан чыгуу жараянын баштады


Михай Попшой.
Михай Попшой.

Молдованын өкмөтү Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинен (КМШ) чыгуу боюнча негизги үч келишимди денонсациялоо жараянын баштады. Бул тууралуу Radio Moldova радиосунун эфиринде тышкы иштер министри, вице-премьер Михай Попшой билдирди.

Сөз КМШнын 1993-жылы 22-январда Минск шаарында түзүлүп, кол коюлган Уставы, 1991-жылы 8-декабрда кол коюлган Негиздөө келишими жана 1991-жылы 22-декабрда түзүлгөн Протокол тууралуу болуп жатат.

Попшойдун айтканына караганда, денонсациялануучу документтер депутаттарга жаңы парламенттин сессиясында тааныштырылат. Ал эми жарандарга пайдалуу башка келишимдер иштей берет.

Молдова Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири, ал 2023-жылдан бери КМШ уюмунун иш-чараларына катышууну токтоткон деп жазды Reuters.

Тышкы иштер министри Михай Попшой билдиргендей, Молдова Советтер Союзу кулагандан кийин түзүлгөн, Орусия жетектеген КМШ уюмунан чыгуу үчүн зарыл чараларды аяктоонун үстүндө.

"Үч келишимди денонсациялоо бизге юридикалык жактан КМШга мүчө эмес экенибизди билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Иш жүзүндө биз уюмга мүчөлүгүбүздү токтотконубуз менен де-юре Молдова анын курамында кала берүүдө", - деди министр.

Михай Попшой Молдованын КМШга мүчөлүктөн кетүүсүн "өлкөнүн европалык багытын бекемдөөдө маанилүү кадам" деп атады.

Молдованын азыркы он жылдыкта Евробиримдикке кирүүсүн жактаган президенти Майя Санду Орусиянын Украинага кол салганын сындап, Кремлди анын өкмөтүн алсыратууга аракет кылып жатат деп айыптаган.

Армения 2024-жылы КМШнын Минскидеги саммитине катышуудан баш тарткандан бери башка иш-чараларына да аралашпай келет.

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги же КМШ 1991-жылы мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун (СССР) ордуна түзүлгөн, Москва үстөмдүк кылган бирикме. Орусиянын агрессиясына кабылган Грузия менен Украина буга чейин эле КМШ уюмунан чыгып кеткен.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG