Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:13

Иран: Кандуу тополоң тууралуу күбөлөр, дарыгерлер эмне дейт?


2026-жылдын 15-январында Тегерандын Садегие аянты
2026-жылдын 15-январында Тегерандын Садегие аянты

Иранда башкаруучу режимге каршы демонстрациялар күчөп, коопсуздук күчтөрүнүн катуу кысымы жана интернеттин чектелиши өлкөдөгү кырдаал жөнүндө маалымат алуу өтө кыйын болууда.

Иранда башкаруучу режимге каршы жапырт элдик толкундоо жайылганда Тегеран бийлиги өлкөнү санариптик караңгылыкка кептегенде маалымат алуу катуу чектелди.

Интернет жана телефон байланыштары толук чектелген шартта Ирандын ичинде эмне болгонун спутниктен алынган маалыматтан жана жакында өлкөдөн чыккан ирандыктардан гана үзүн-кесил билсе болот.

2025-жылдын декабрь айынын аягында экономикалык кыйынчылыктар, инфляциянын кескин өсүшү жана улуттук валюта - риалдын куну качканы карапайым элди көчөгө чыгарды.

Демонстрациялар тез арада бир нече шаарга жайылып, башкаруучу режимге каршы акцияларга айланды. Коопсуздук күчтөрү элге ок атып, тоз-тополоң күчөдү.

Адам укуктарын коргоо уюмдары Иранда каза болгондор же жаракат алгандардын саны миңдеп саналары тууралуу коңгуроо кагууда. Учурдагы кырдаалдан улам кандуу каргашанын масштабын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес. "Азаттык" радиосунун "Фарда" кызматы байланышкан күбөлөр, ирандык дарыгерлер ооруканаларда башка, көзгө, көкүрөккө жана курсакка тийген октон оор жараат алган бейтаптар толуп кеткенин айтышкан.

Түндүк-чыгыштагы Мешхед шаарынан жакында качып чыккан күбө демонстрациялар маалында коопсуздук күчтөрү жаштар менен катуу кагылышканын көргөнүн айтты. Ал бир жигит бетине таяк менен оор жараат алганын, ал эми ок жеген экинчи уландын бутун догдурлар кесип салууга мажбур болгонун айтты.

Жарадарларга толгон ооруканалар

Айрым күбөлөр демонстрациялар басаңдаган соң коомдук жайларда зордук-зомбулуктун ачык белгилери кашкайып калганын сүрөттөшөт. Мешхед шаарынан келген дагы бир күбө “эртең менен таңга маал Хафт-е Тир районунда бардык көчөлөр жуулуп жатканын” көргөнүн "Фарда" радиосуна айтып берген. “Менин жубайым көчөнүн баары канга боелуп калганын көрүптүр".

Ирандагы саламаттык сактоо кызматкерлери медициналык мекемелерге өтө катуу басым болгонун билдиришкен. Бир кабарга кабарганда дарыгерлер башына жана бетине ок жеген бейтаптарга операция жасай турган нейрохирург, ортопед-хирург жана көз догдур сыяктуу адистер өтө тартыш экенин айтышкан.

Ушул таптагы кырдаалдан улам "Фарда" радиосу Иранда курмандыктардын санын көз карандысыз текшере албайт. Ирандын ичинде жана тышында иштеген дарыгерлер жаракаттардын көлөмү менен өзгөчөлүгүнө карап туруп, коопсуздук күчтөрү кадимки жана чачыратма окторду кеңири колдонгону байкалат дешет.

Лондондогу Падышалык коллежинин Онкология жана фармацевтика факультетинин изилдөө бөлүмүнүн директору Шахрам Кордасти Иранда иштеген кесиптештери көзүнө жана башынан оор жарадарлардын саны мурдагыга салыштырмалуу абдан көп түшкөнүн билдиришкенин айтты.

"Жарадарлар көп болгондуктан көз оорулар боюнча адистешкен оорукана бейтаптардын баарын кабыл алууга жетишпей жатканын, дары-дармек, медициналык каражаттар тартыш экенин айтты", - деди.

Ооруканаларда кан өтө тартыш. АКШга көчүп кеткен, мурда Тегеранда "Тез жардам" дарыгери болуп иштеген Рузбех Эсфандиари канынын тобу О‑оң (O‑positive) жана O‑терс (O‑negative) болгон мекендештерин шашылыш кан тапшырууга үндөдү.

Ирандык гезиттер чектелген, бирок нес кыла турган кабарларды чыгарып жатат. Тегеранда чыккан "Ham‑Mihan" басылмасы 30 жаштагы бир демонстранттын агасы ооруканада иниси тирүү сүйлөп жатканын, бирок күтүүсүздөн курсагына ок тийген соң кулап түшүп, көз жумганын айткан. Мындан тышкары, "Фарда" радиосуна дагы бир күбө жаракат алган досун куткарып калууга аракеттенгенде бир адамга бир нече ок тийгенин, анын үй‑бүлөсү сөөгүн алып кетүү үчүн олчойгон акча төлөөгө мажбур болгонун айтып берген.

Көзүнөн жараат алгандар

Ирандык “Shargh” гезити нааразылык акцияларында жапа чеккендердин көпчүлүгү көзүнөн жаракат алгандар экенин маалымдады. Тегерандагы Farabi көз клиникасы болгон мүмкүнчүлүгү менен иштеп жатканын жазды.

Мүнхен көз борборунун башчысы Амир‑Мобарез Параста "Фарда" радиосуна жаракат алгандардын саны салыштырмалуу мурдагыдан өтө чоң экенин белгилеген.

“Мен Ирандагы тажрыйбалуу көз дарыгерлер менен байланыштамын. Тегерандагы бир жеке көз клиникага эле азырынча 6000ден ашуун киши кайрылганын билдик. Ошондой эле Тегеран, Мешхед, Шираз жана Табриз сыяктуу ири шаарлардагы университеттердин ооруканалары көзүнүн айынан келген кеминде 600 бейтапты документтештиришкен”.

Күбөлөр жана медициналык кызматкерлер ооруканаларда коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлү күчөгөнүн билдирүүдө. Куралчан күчтөр кирүүгө чектөө коюп, айрым учурларда дарылоо бүтө электе бейтаптарды кармап кеткени маалым болду.

11‑январда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи белгилегендей, айрым жарадарлардын көзүн расмий күч органдары эмес “террористтер” деп аталгандар "тазалаганын" моюнга алган.

Нааразылык акциясында жүрүп, жаракат алган көптөр кармап кетпесин деп коркуп, ооруканага көрүнбөй, жашынып жүргөнүн дарыгерлер белгилейт. Өз маалында дарыланбаган жараат, инфекция алардын өмүрүнө тикелей коркунуч туудурат.

Шерине

XS
SM
MD
LG