Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы (U-20) Бишкекте өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта катары менен экинчи жеңишине жетишти. Бул тууралуу Хоккей федерациясы маалымдады.
Үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы турнир ушул күндөрү Бишкек шаарында өтүп жатат.
19-январда “Nomad Arena” муз аянтчасында экинчи турдун беттештери өтүп, кыргызстандык хоккейчилер Түштүк Африка Республикасынан (ТАР) келген курама команда менен ойноду. Атаандашын жеңип, дагы 3 упайга ээ болду. Буга чейин биринчи турда кыргызстандыктар Гонконгдун курама командасын утуп алышкан.
Үчүнчү турдун беттештери 21-январда өтөт. Анда Кыргызстандын курамасы Ирандын курама командасына каршы ойнойт.
Экинчи турдун жыйынтыгында Кыргызстан Түштүк Африка Республикасын 7:2 эсебинде жеңди.
20 жашка (U20) чейинки спортсмендер арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте 18-январда башталган. Анда Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары күч сынашууда.
Турнир 24-январда аяктайт. (ZKo)
Шерине