Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Токтогулда суу азайды. Кыргызстан кыштан кантип чыгат?


Токтогул суу сактагычы, 19-сентябрь, 2024-жыл
Токтогул суу сактагычы, 19-сентябрь, 2024-жыл

Өкмөт жыйынында Токтогул суу сактагычында учурда 9,102 млрд куб метр суу калганы айтылды. Бул былтыркы жылга салыштырганда 1,631 млрд куб метрге аз. Суу таңкыстыгынан электр энергиясын жетиштүү көлөмдө өндүрүүгө мүмкүн болбой калат. Кыш ортосундагы мындай кырдаалдан Кыргызстан кантип чыгат?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев профилдик мамлекеттик органдардын жетекчилерин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, райондук акимдерди чогултуп, кышкы жылытуу мезгилинин абалын талкуулады.

Жыйында электр энергияны керектөөнүн көлөмү жогору болуп жатканы, бул кышта керектөө былтыркыдан 900 млн кВт/саатка көп экени айтылды. Керектелген электр энергиясынын 15,4 млрд кВт/с Кыргызстандан өндүрүлүп чыкса, калган 3,9 млрд кВт/с импортолгон.

Өкмөт чөлкөмдөгү жалпы климаттык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын дарыяларынын агымы аз болуп жатканын билдирүүдө. Маселен, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,1 млрд м3 түзөт. Бул 2025-жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,6 млрд м3 аз дегенди билдирет.

Өкмөт Токтогул ГЭСине кирип-чыккан агым тууралуу маалыматка 2025-жылы май айында чектөө киргизип койгондуктан, реалдуу көрүнүштү өз көзүбүз менен көрүү мүмкүн эмес.

Ага чейин күн сайын маалымат берип келген “Электр станциялары” ишканасы 15-майдан тартып мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук комитети өңдүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылып гана алса болорун билдирген эле.

Декабрдын соңунда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатканда Энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов бул кышта электр жетишсиздиги кандай болорун мындайча түшүндүргөн.

“Быйыл биз жетпей калган 4 млрд 335 млн кВт/с электр энергиясын импорттоону чечкенбиз. Бүгүнкү күндө анын 87% алып бүттүк. Буюрса, 2028-жылга бул тартыштыктан толук чыгабыз”.

Расмий кабарлангандай, экономика тармактарын жана калкты бул кыштан ийгиликтүү алып өтүү үчүн өлкө боюнча 3 млн 175 миң тонна көмүр камдалышы керек болсо, анын кору жетиштүү.

Тармакты сынаган кыш

Жыйында бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерине күчөтүлгөн режимде иш алып баруу тапшырмасы берилди. Өзгөчө калкты жана социалдык маанидеги объектилерди отун, электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, жакын арада аба ырайынын өзгөрүүсүнө карата даяр болуу камы көрүлүп жатат.

Энергетика жаатындагы эксперт Мырзатай Султаналиевдин эсебинде, Токтогул суу сактагычындагы суунун азыркы көлөмү менен дагы 2 млрд кВт/с электр энергиясын өндүрсө болот. Андан көбү мүмкүн эмес, анткени суунун деңгээли кызыл чекке жетет.

“Эгерде кыш ушундай мээлүүн болсо, суунун ушул көлөмү менен чыгып кетебиз. Климаттык шарт азыр биз үчүн жагымдуу болуп турат. Суук күчөй турган болсо, анда өчүрүүлөр сөзсүз болот. Эгерде аба ырайы ушундай болуп турса, импорт боюнча түзүлгөн келишимдер бардыгы аткарылат. Бирок суутуп кетсе Түркмөнстандан келе турган электр энергияны Өзбекстан, Орусиядан келе турган жарыкты Казакстан өткөрүп бере албай калышы мүмкүн. Анткени, алардын өздөрүндө да керектөө күчөйт”, - дейт эксперт.

Бакыт Төрөбаев экономика динамикалуу өсүп жатканына байланыштуу кубаттуулукту да ошого жараша көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатканын айткан.

2024-жылы 8, 2025-жылы тогуз чакан ГЭС курулган. Эки жылда модернизацияланган ири ГЭСтер менен жаңы курулган чакан ГЭСтердин эсебинен 230 мВт электр кубаты кошулган.

Өкмөт алдыда “Камбар-Ата-1” ГЭСи, Кара-Кечеде 7 млрд кВт/саатка чейинки жылуулук электр энергиясы, 912 мВттык Казарман, 1305 мВттык Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады жана 3000 мВттык күн-шамал электр станциялары куруларын жарыялап жатат.

Энергетика жаатындагы инфратүзүмдүк долбоорлор ырааттуу ишке ашчу болсо, 2029-жылдан тарта Кыргызстан жарыкты экспорттоого өтөрүн убадаланып келет. Бирок, азыркы реалдуулукта электр тартыштыгы калкты жана экономиканын ишкер субъектилерин каржалткан негизги көйгөйлөрдүн бири болуп турат.

"Майда-барат объектилер менен каатчылыктан чыга албайбыз, ири станциялар керек"

Адистер учурдагы суунун аздыгынан электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү да төмөн болоорун коңгуроо кылууда. Мындан улам, өкмөт бекитилген лимитти кармоо аракетин көрүп жатат.

Арийне, эксперттик чөйрөдө өкмөттүн электр кубаттуулугун көбөйтүү аракетине анча канааттанбай келет. Алар курулуп жаткан чакан ГЭСтер менен күн-шамал станцияларынын өндүрүштүк масштабы өтө эле төмөн экенин айтышат.

Эксперт Мырзатай Султаналиев кыргыз өкмөтү сууну сарамжал пайдаланып, коңшулар менен мамиледе бекемирээк турушу зарыл болуп турганын айтат.

"Өкмөт 50 мВт, 70 мВт кубаттуулук киргиздик деп атат. Ал электр энергиясы бир айылга гана жетиши мүмкүн. Бизге азыр жетишпей жаткан тартыштыкты жабыш үчүн кеминде 400 мВттык кубаттуулук керек. Эгерде ошончо кубаттуулукту ишке киргизсек, ошондо өзүбүзгө талап кылынган керектөөнүн көлөмүн жабабыз. Кара-Кечеде жылуулук электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду. Кубаттуулугу Токтогул ГЭСине барабар болгон 1200 мВт/с ЖЭБ болот. Ачык булактарда айтылганга караганда, 2,5 жылдын ичинде курулуп бүтүшү керек экен. Наркы 1 млрд долларга туруп, аны кытайлыктар курат дешкен. Ал курулуп калса, электр энергиясынан толук көз карандысыз болобуз деп айтса болот. Ал жайында сууну сактаганга, кышында электр энергия бергенге эң негизги таасирин тийгизген объект болот".

"Миллиарддаган сомго жарык импорттоп жатабыз"

Кыргыз өкмөтү быйылкы кыштан чыгуу үчүн 4,3 млрд кВт/саат электр энергиясы импорттолорун билдирген. Жарык негизинен Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан алынат.

Быйылкы кышта, ноябрдан бери кайдан, канча электр энергиясы импорттолуп жатканы коомчулукка белгисиз. Статистикалык маалыматтар жабык болгондуктан, Түркмөнстандан канча көлөмдөгү электр энергиясын импорттоп жатканыбыз белгисиз. Расмий кабарлардагы эптүүлүк менен айтылбай калган сандардан улам альтернативдүү жагдайларды божомолдоо гана мүмкүн.

Ноябрь айында министр Таалайбек Ибраев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылганда, өкмөт электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн 3 сомдон алып келип, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатканын айтканы бар.

Эгерде ошол эсепке таянчу болсок, анда өкмөт бул кышта жарык импортуна 13 млрд сом, же долларга которгондо дээрлик 149 млн доллар коротушу мүмкүн. Анын жарымына жакыны (6 млрд сом же 68 млн доллар) министр айткан тариф менен элге сатуунун эсебинен кайтарылат деп эсептесек, калганы тармактын карыз куржунуна түшөт.

Быйылкы кышка чейинки мезгилге көз чаптырсак, Кыргызстан 2025-жылдын январь-октябрь айларында Түркмөнстандан 30,3 млн долларга отун ресурсун сатып алган (товардык топтун коду 27, ага электр энергиясы да кирет). Анын 1,4 млн доллары битум же мунай каражаты болсо, калган 29 млн долларына эмне сатып алганы көрсөтүлгөн эмес. Аны электр энергиянын импортуна коротулган деп божомолдосо болот.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG