Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Карылар үйүндөгү өрт: Паллиатив бөлүмүндө жаткан эки киши каза болду


Бишкекте “Үмүт үйү” карылар үйүндө 6-январдын кечинде болгон өрт кырсыгынан эки кишинин өмүрү кыйылды, 14 киши ооруканага түштү. Каза тапкан эки киши паллиативдик бөлүмдө оор абалда жаткан бейтаптар болчу. Өрт эмнеден улам тутанганы тууралуу азырынча эч бир мекеме расмий айта элек.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына жеткирилген 14 адамдын 13ү иске ууланганын, бирөө биринчи даражадагы күйүк алганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, төрт бейтаптын абалы орточо, экөөнүкү оор, калгандарыныкы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, каза тапкандар 67 жаштагы Орункул Шайданов менен 69 жаштагы Владимир Данилов болгон. Шайданов 2024-жылдын июнь айында үй-жайы жок адамдар жашаган “Коломто” үйүнөн, Данилов 2019-жылдын сентябрында Ак-Суудагы социалдык коргоо башкармалыгынан келген.

Өрттүн тутанышына эмне себеп болгону тууралуу азырынча расмий эч кандай маалымат бериле элек. Тийиштүү мекемелер, комиссия иштеп жатканы, ошонун корутундусун күтүү керек экени гана айтылды.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүп жатканын билдирди. Маалыматта айтылгандай, иш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренесинин ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") негизинде козголду.

Тилсиз жоо Карылар үйүнүн паллиативдик жардам бөлүмүнүн бир палатасында болжол менен 30 чарчы метр аянтты каптаган, өрт өчүрүүчүлөр тогуз мүнөт ичинде жетип барышкан. Мекеменин негизги имараты жабыркаган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 2024-жылы өрт коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору бул жерде талаптар сакталбагандыгын аныктап, эскертүү беришкенин, көзөмөлдөөдөн соң эрежелердин сакталышы толугу менен камсыздалганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, былтыр 17-июлда ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы Карылар үйүндө инструктаж, сабак өткөргөн.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева карылар үйүнүн имараттарында өткөн жылы эле өрт коопсуздугун сактоо системасы орнотулганын билдирди:

Виктория Мозгачева
Виктория Мозгачева

“Бул имарат 10-12-жыл мурун оңдолгон болчу. Салыштырмалуу жаңы эле деп эсептелет. Жалындын себептерин эксперттер менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аныкташат. Бекитилген иштөө алгоритми толук сакталган. Июль айында бул жерде ӨКМ менен биргеликте өрттү аныктоо жана өчүрүү боюнча машыгуу өткөрүлгөн. 2025-жылы 70 объектте машыгуу өткөргөнбүз. Ошондо так ушул жерде 25-июлда машыгуу болгон. Бул жерде, тилекке каршы, жакын туугандары жок адамдар турушат. Алар мамлекеттин камкордугунда жашайт. Алдыда бардык чаралар мыйзамдын алкагында жасалат”.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун кызматкерлери учурда кырсык болгон имараттын эсеп-чотун баалоо менен алектенип жатышат. Уюмдун авариялык комиссарлар секторунун жетекчиси Улукбек Камчыбеков атайын лицензиялуу эксперттер менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундулары чыкса кырсыктан келип чыккан зыяндын ордун толтуруп берүү иши жүрөрүн айтты:

Улукбек Камчыбеков
Улукбек Камчыбеков

“Үмүт үйү” камсыздандыруу уюмунан 25-декабрда өткөн (камсыздандырылган). Жалпы баланстык наркы 9 миллион сом экен. Биздин жоопкерчилик 9 миллионго чейин болот. Адистер бул жактан канча кылып эсептеп берсе, ошонун жыйынтыгы менен биз төлөп бергенге даярбыз”.

Бишкектин Абай көчөсүндө жайгашкан Карылар үйү расмий түрдө Улгайган жана майыптыгы бар жарандар үчүн “Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемеси деп аталат. Мекеме Бишкек шаарынын мэриясына карайт. Анда жалпысынан 220 киши жашайт.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG