Малайзиянын мурдагы премьер-министри Нажиб Разак жума күнү 1Malaysia Development Berhad (1MDB) мамлекеттик инвестициялык фондуна байланышкан эң ири коррупциялык иш боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал ошондой эле 2,8 млрд доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Ал эми мүлкүн конфискациялоого өкүм кылынды. Эгер Нажиб бул акчаны төлөй албаса анын абактагы жазасы узартылышы мүмкүн.
Малайзиянын Жогорку соту 72 жаштагы Нажиб Разакты бийликти кыянат пайдалануу боюнча төрт берене жана акча адалдоо боюнча 21 берене менен күнөөлүү деп тапты. Айыптоого ылайык, 1MDB фондунан 700 миллион доллардан ашуун каражат анын жеке банк эсептерине которулган.
Нажибдин адвокаты өкүмгө каршы доо арыз менен кайрыларын билдирди. Ал эми мурдагы өкмөт башчы бардык айыптоолорду четке кагып, каражаттар Сауд Арабиясынан кайрымдуулук катары келгенин жана Лоу Тэк Жхо жетектеген "финансисттер анын башын адаштырганын" айткан. Жаңжалдын негизги уюштуруучусу катары саналган Лоу азыркыга чейин кармала элек.
Бул жаңжал Уолл-стритке да таасирин тийгизген. Goldman Sachs банкы 1MDB фонду үчүн каражат тартуудагы ролуна байланыштуу миллиарддаган доллар айып пул төлөөгө мажбур болгон.
Белгилүү саясий үй-бүлөнүн өкүлү болгон Нажиб Разак узак убакыт бою кол тийгис саясатчы деп саналчу. 1MDB айланасындагы коомдук нааразылыктан улам 2018-жылкы шайлоодо анын партиясы жеңилип калган. Ал партия 1957-жылы өлкө Британиядан көз карандысыздык алгандан бери Малайзияны башкарып келген.
Шерине