Алардын катарында "Эрдик" орденинин үч даражасы, "Данакер" ордени, "Кыргыз Республикасынын Эл акыны" ардак наамы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана экинчи категориядагы "Эмгек сиңирген" ардак наамдары бар.
Жаңы мыйзам долбоорунда Ардак грамотаны жана "Эмгек сиңирген" наамдарын ыйгаруу укугун Министрлер кабинетине өткөрүп берүү каралган.
"Мыйзам долбоорунда мамлекеттик сыйлыктарды алардын арналышына жана мазмунуна ылайык келтирүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Ар бир сыйлык өз алдынча мааниге ээ болгон, эмгектердин мүнөзүн так чагылдырган жана сыйлоонун башка формаларын кайталабаган бирдиктүү ыкманы белгилөө каралууда. Мындай ыкма сыйлоо системасын ирээтке келтирүүгө, кайталануучу жоболорду жоюуга жана эмгектердин түрлөрүнүн ортосунда так чектөөнү камсыз кылууга багытталган", - деп жазылган өкмөттүн маалымкатында.
Өкмөт муну менен катар "Эмгек сиңирген дарыгер", "Эмгек сиңирген билим берүү кызматкери", "Эмгек сиңирген куруучу" ж.б. наамдарды жоюуга белсенүүдө.
Бул чечимин жогорудагы наамдар жарандардын кесиптик ишмердүүлүгү башкы критерий болгон доордо калыптанганы менен түшүндүргөн.
Мыйзам долбоорунда мамлекеттик деңгээлдеги “Кыргыз Республикасынын жаратманы”, “Кыргыз Республикасынын сыймыгы” “Кыргыз Республикасынын эл артисти”, “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” жана “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” беш ардак наамын сактап калуу жана уюштуруу да сунушталган.
"Мындай ыкма ченемдик укуктук актынын логикалык бүтүндүгүн жана ички ырааттуулугун камсыз кылат, укуктук коллизияларды жоёт жана мыйзамдын түшүнүктүүлүгүн жана колдонулушун жогорулатат", - дейт өкмөт.
Мындан тышкары, долбоордо укуктук жөнгө салууну ирээтке келтирүү жана бирдейликти камсыз кылуу максатында мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга татыктуу адамдар үчүн социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди президенттин бирдиктүү жарлыгында бекитүү жолу менен системалаштыруу сунушталган.
Өкмөт бул ыкма ченемдик жөнгө салуунун бүтүндүгүн, ачыктыгын жана ырааттуулугун камсыз кылат деп ишендирген.
Муну менен катар мыйзам долбоорун кабыл алуу кандайдыр бир терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбей турганы белгилеген.
"Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый-акылар жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү долбооруна өзгөртүү кире турганы 2023-жылы белгилүү болгон.
Ошол кездеги юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов Жогорку Кеңеште баяндама жасаган.
"Бүгүнкү күндө мамлекеттик сыйлыктар эң жогорку, биринчи, экинчи жана үчүнчү категориядагы болуп бөлүнөт. Биз болсо өзгөчө категориядагы "Ата Мекен" жана "Эмгек баатыры" деген сыйлыктарды киргизүүнү сунуштап жатабыз. Экинчи категориядагы сыйлык бар, бул "Эрдик" деген медаль, биз анын деңгээлин орденге көтөрүп жатабыз. Биз андан сырткары мамлекеттик сый акылар деген түшүнүктү да киргизип жатабыз. Былтыр президент ишкерлердин макамын көтөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошол жарлыктын негизинде ишкерлерге "эмгек сиңирген ишмер" деген наам берүүнү сунуштап жатабыз. Азыркы мыйзамда "мамлекеттик сыйлыктар соттун чечими менен гана алынат" деген тартип бар. Биз болсо президентке дагы ушундай укук берип жатабыз", - деген анда Орозов.
Ал эми президент Садыр Жапаров 2024-жылы “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата жүзгө жакын кишиге сыйлык тапшырыларын, андан кийин айрым мамлекеттик сыйлыктарды жоюу же талаптарды күчөтүү маселесин Сыйлык берүү боюнча комиссия карап чыгарын айткан.
“Мурда сыйлыктар сатылып келгенин баарыңар эле жакшы билесиңер. Кечээ эле жаңы чыгармачылыгын баштаган жапжаш жарандарыбыз эң жогорку сыйлыктарды алышчу. Тээ СССР мезгилинен бери элге эмгеги сиңгендер сыйлык албай келишкен. Мен келгенден кийин дароо ревизия кылдырттым. Илгертен бери эмгеги сиңип, бирок сыйлык ала албай жүргөндөрдүн баарына сыйлык берип бүттүк. Эми быйыл мамлекеттүүлүгүбүздүн 100 жылдыгына байланыштуу 100гө жакын кишиге сыйлык беребиз. Болду, ошону менен сыйлык деген теманы кескин кыскартабыз. Айрым сыйлыктарды жоёбузбу же талаптарды күчөтөбүзбү, ал боюнча сыйлык берүү боюнча комиссия карап чыгат”, - деген Жапаров.
Азырынча өкмөт сунуштаган бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште талкуулана элек. Маданият министрлигине бул боюнча кайрылганда, өкмөткө кайрылууну сунушташты.
"Эмгек сиңирген" наамы эмне берет?
Жогорудагы сыйлыктардын көпчүлүгү совет доорунан калган. Ошондуктан бул маселе көп жылдан бери көтөрүлүп, сыйлыктарды ирээттеп, кыскартуу, өзгөртүүгө байланыштуу талкуулар мурдатан бери эле жүрүп келет.
Кыргызстанда кино жана театр чөйрөсүндө "Эмгек сиңирген артист" деген наамга жетпей жүргөндөр арбын. Өткөн жылдары бул наам айрым эстрада ырчыларына берилгенде бир топ маданият ишмерлери ызаланып, таарынган учурлар болгон.
Кыл кыякчы Нурбек Серкебаев "Эмгек сиңирген" деген наамды жок дегенде пенсия жашына барып калган өнөр адамдарынын баарына ыйгаруу керек деген пикирде. Ал бул жүйөсүн минтип түшүндүрдү.
“Өкмөт 70 жашка чейин наам албай келген адамдарга аны бериши керек. Бул адамдардын эмгеги сиңген, 90-жылдары эле алышы керек эле. Бирок доор алмашып, мамлекетке кереги жок адамдай болуп калышкан да. "Эмгек сиңирген" деген наам коммуналдык кызматтарды төлөөдө 50% жеңилдик берилет. Айлыгына, пенсиясына кошулат. Атайын ооруканада акысыз дарыланышат. Менин атам бул наамды үч жыл мурда алган. Ооруканага барбай эле жүргөн. Бирөө айткан экен, барса акысыз текшеришкен экен. Турдакун Керимбеков деген гитарада ойногон агай бар. Музыкалык мектептер ошол киши жазган китепти окушат. Назарматовдон кийин эле комуздун күүлөрүн гитарага салган киши. Шакирттеринин баары кыйын чыгып, чет жактарда билим алышты. Ошол кишинин ушул күнгө чейин эч кандай наамы жок. Үч жолу инсульт алды. Пенсиясы эч нерсеге жетпейт экен. Ал кишини өткөн жылы маданият министрине киргизгем. Министр өз чөнтөгүнөн 35 миң сом берип, атайын ооруканага дайындаган. Ошондой кишилерге берсе, жок дегенде акысыз дарыланып, пенсиясы дары-дармегине жетип турмак да. Азыр бизде эстрадада ырдап жүргөн 40 жашка элек жаштар алып жатат. Алар же мамлекеттик кызматта иштебейт. Атайын иш-чараларга барса, кеминде 300-400 доллар сурайт. Чыныгы кесипкөйлөр ошону көргөндө сынат да”.
Маданият жаатындагы эксперт, активист Бакыт Болгонбаев жаңы мыйзам долбоорундагы “Кыргыз Республикасынын жаратманы" жана "Кыргыз Республикасынын сыймыгы" деген жаңы наамдар эмне себептен киргизилип жатканына таң калганын жашырган жок.
Ал наам, сыйлыктарга байланыштуу мыйзамды кабыл алардан мурда түшүндүрүү иштери жүрсө болмок дейт.
“Президенттик аппарат мыйзамга алымча-кошумча киргизерден мурда, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзсө болмок. Булар андай кылбай эле коомдук талкууга койду. Эми бир чети дүйнөнү карасак, сыйлык деген жок. Артисттер өз тапканы менен байып, жашайт. Батышта таанымал скрипач, пианисттер бар го, гонарары бери дегенде 150 миң доллар. Бизде барбы андай таланттар? Болсо да ким алардын концертине барып жатат? Менимче чыгармачыл адамдарга сыйлык берүү ордуна өз талантын таанытууга, аны менен жан багууга эркиндик берип, шарт түзүү алда канча туура болмок. Мугалим, дарыгерлер деле ошол. Айлыгын көтөрүп, мыйзам тарабынан статусунан так аныктаса, аларга сыйлыктын деле кереги жок. Андан көрө "Айдын мыкты мугалими", "Жылдын мыкты мугалими" деген сынактар өтүп, акчалай сыйлыктар берилип турса өздөрү эле издене баштамак".
"Сыйлыктан көрө четке чыгар"
Ал эми акын, жазуучу Олжобай Шакир сыйлык-наамдар дайыма чыгармачыл жамааттарга жик салып келгенин эске салды. Ал сыйлык-наамдарды мамлекет эмес, Батыштагыдай коомдук уюмдар ыйгарса туура болмок деген ойдо.
“Жазуучулар союзунда "бул бааланбай жатат, тигил бааланбай жатат" деген сөздөр илгертеден эле айтылып келет. Мамлекеттик сыйлыктар дайыма чыр-чатакты тутанткан тамызгы болгон. Ошонун айынан таарынычтар, көрө албастыктар келип чыккан. Президент мамлекеттик сыйлык-наамдарды берүүгө чек койсо, маданият ишмерлери көз каранды болуудан калат эле. Мамлекеттик акырдан жем жеген “Манас” театрын көрүп жатабыз. Акындар ачык пикирин айта албай калды. Акындар, чыгармачыл инсандар ачуу чындыкты, акыйкаттыкты айтып турса бийлик дагы, эл дагы күчтүү болмок. Бийлик кур дегенде рухий дөңсөө боло турган чыгармачыл чөйрө менен илимий чөйрөнү мамлекеттик сыйлыкка байлабай койсо туура болмок. Маданият же коомдук ишмерлерге сыйлыкты же наамды коомдук уюмдар бериши керек. Батышта ошондой жана ал туура".
Олжобай Шакир ошол эле маалда куруучуларга, медиктерге же мугалимдерге ардак грамота же наам берүү ордуна аларды мамлекет эсебинен чет өлкөгө окууга же тажрыйба алмашууга жиберсе эки тарапка тең пайдалуу болмок дейт.
“Врачтарга же мугалимдерге мамлекеттик сыйлык бергенден көрө, тажрыйба алмашуу үчүн чет өлкөгө жиберсе туура болмок да. Себеби, биздин адистерге дүйнөлүк атаандаштыкка чыгып, башкалардын өрнөктөрүн алып келгенге шарт түзүлмөк. Бир же бир жарым айлык окууларга барып айыл чарбада же медицинада кандай өзгөрүү болуп жатканын өз көздөрү менен көрмөк. Адистерге жөн эле саякаттап, дүйнөнү көрүп келүү сыйлыкка караганда чоң стимул болмок”.
"Токтогул сыйлык үчүн ырдаган эмес"
Ал эми кинорежиссер Темир Бирназаров наам, сыйлыктарга эски доордон калган калдык катары карайт. Ал чыгармачылыкты, талантты сый-ургал менен өлчөөгө каршы экенин айтты:
“Союздун убагында искусство мамлекеттик идеологиянын куралы болчу. Маданият ишмерлери ошол идеологиянын аскерлери эле. "Коммунисттер арак ичпейт, эки аял албайт, ууру кылбайт" дешип, идеал жаратып алышкан. Анан ошондой адамдарга сыйлык, үй, машине, жогорку айлык берип кызыктырып турчу. Чыгармалардын, кинолордун баш каармандары коммунисттер болчу. Кийин союз кыйрады. Көрсө, коммунизм деген жок экен. Андай болгон соң маданияттагы идеологиялык аскерлердин да кереги жок болуп калды. Мамлекет аларды каржылабай да калды. Чыгармалардын көбү товарга айланды. Эми союз кулагандан кийин сыйлык, наамдардын эмне кереги бар? Болбой эле союздан калган күү менен эле келе жатышат. Токтогул Сатылгановдун "Эл акыны" деген наамы бар беле? Ал адамдар чыгармаларын өзү үчүн, эл үчүн чыгарчу да. Ошол жазуудан, бир нерсе жаратуудан рахат алуу ордуна аны кадыр колко кылабыз. Бизде өксүк комплекси деген бар. Ошол сыйлыкка жетсе эле өзүн адам сезип калышат. Бир эле мамлекеттик сыйлыкты калтырып, калганын жоюп салышса деле болмок. Ошол бир сыйлыкты кимге берүүнү бир ууч адамдар эмес, эл өзү чечүүгө тийиш”.
Быйыл август айында президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууга, ардак наамдарды жана мамлекеттик сый акыларды берүүгө мораторий киргизген. Ага ылайык, мамлекеттик сыйлык жана ардак наамдар өлкөгө жана коомго пайда алып келгендерге мораторий учурунда президенттин демилгеси менен гана тапшырыла турганы айтылган.
2011-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы мамлекеттик сыйлыктарды оңду-солду таратууга каршылыгын билдирип, убактылуу мораторий киргизген. Бирок ал президенттик мөөнөтүнүн соңку жылдарында ал өзүнүн айланасында жүргөн Сапар Исаковду, Икрам Илмияновду, Фарид Ниязовду "Манас" ордени менен сыйлаган.
Мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мыйзамга ылайык, сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштамаларды өлкө президентине Жогорку Кеңеш, өкмөт, Жогорку сот, президенттик аппарат жана башка мамлекеттик мекемелер, Акыйкатчы, кесиптик кошуундар бере алат.
Сунуштамаларды Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия карап, баа берет жана президентке сунуш киргизет.
"Азаттыктын" архиви: "Токтогул сыйлыгы: талант менен таасирдин талашы"
Шерине