Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Эркиндик, коопсуздук, тышкы карыз... Элдик курултайда эмне көйгөйлөр көтөрүлдү?


Президент Садыр Жапаров катышкан IV Элдик курултай Бишкекте 25-26-декабрь күндөрү өттү.
Президент Садыр Жапаров катышкан IV Элдик курултай Бишкекте 25-26-декабрь күндөрү өттү.

26-декабрда Бишкекте өткөн IV Элдик курултайдын экинчи, жыйынтыктоочу күнүндө тышкы карыз, жабык жайлардагы адам укугунун сакталышы, жер мунапысы, чет жакта жашаган мекендештердин шайлоого талапкер катары катышуу укугу, үй-бүлөлүк зомбулук, мектеп маселеси жана башка көйгөйлөр көтөрүлдү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулду. Иш-чарага чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин жана диний конфессиялардын өкүлдөрү да чакырылган.

Жалпысынан эки күндө 150дөй делегатка сөз берилип, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Көтөрүлгөн маселелерди чечүү, ишке ашыруу боюнча план иштелип чыгары, президенттик администрация аркылуу бардык мекемелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү тапшырмалар берилери маалымдалды.

"Митингге тыюу жок, Горький бакчасында суткалап жатып алсаңар болот..."

Курултайда айтылган маселелердин бири митингдер тууралуу болду. Белгилүү болгондой, бир нече жылдан бери Кыргызстанда буга чейин түрдүү митинг-пикеттер өтүп келген аянттарда нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынууда.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө митингдерге тыюу жок экенин айтты:

"Демократияны чуулгандуу иштерге, көтөрүлүшкө колдонбош керек. Калп нерсени чындай кылып элге таратса эл ишене берет. Ушундайлар да бар арасында. Митингге биз тыюу такыр салган эмеспиз. Горький деген аянт бар. Ошол жерге барып, суткалап жатып алып, эмнени айтсаңар, айта берсеңер болот. Бирок жалган айтпагыла. Элди көтөрүлүшкө чакырып, эки улутту, региондорду бири-бирине кагыштырбагыла. Мына, Америкада деле БУУ үйүнүн жанында жер бөлүп берген, күн, түн дебей ошол жерде митинг кылып, кыйкырып жүрүшөт. Бизде деле кыла бергиле. Ак үйдүн, соттордун прокуратуранын алдында тыюу салынган, Горький паркына эч кандай тыюу жок митингдерге".

Быйыл октябрдын башында Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узартылып, шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына үч жылдан ашты. Райондук сот 30-сентябрда акимчиликтин 31-декабрга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн канааттандырган.

Райондук сот 2022-жылы март айында эле Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, Өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган. Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да тынч жыйын өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адамдардын Конституцияда жазылган тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп жатканын кайталап келишет.

Тышкы карыз

Кыргызстандын тышкы карызы боюнча маселе көтөрүлүп, президент Садыр Жапаров бул карыз 2035-жылга чейин толук жабыларын билдирди.

Жыл өткөн сайын тышкы карыз өсүп жатканын айткан Жапаров 2022-жылы 392 млн, 2023-жылы 595 млн, 2024-жылы 688 млн, ал эми 2025-жылдын эсебинен тышкы карыздын 857 млн доллары төлөнгөнүн айтты. Ал ошондой эле келерки жылы 1 млрд 48 млн, 2027-жылы 1 млрд 277 млн, ал эми 2028-жылы 1 млрд 326 млн сом сырткы карыз төлөнөрүн кошумчалады.2030-жылдан тартып сырткы карыздын көлөмү азая баштарын айткан президент 2035-жылы карыздан толук кутулууга жол ачыларын белгиледи.

Тышкы карыз маселеси тууралуу ноябрь айында да түшүндүрмө берип Жапаров 2035-жылга чейин өлкө өз күчү менен карыздан толук кутулат деп ишендирген. Ал учурда сырттан алынып жаткан каражаттар эң ириде чоң экономикалык долбоорлорго жумшалып жатканын айткан.

Жалпы көлөмү боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы сентябрдагы маалымат боюнча 732,7 млрд сом же 8,4 млрд долларга жеткен. Түзүмү боюнча мунун 37,5% ички, 62,5% тышкы карыз болуп эсептелет.

Абактагы адам укугу

Жабык жайлардагы адам укугу бузулган учурлар тууралуу маселени курултайда Ош шаарынан келген делегат, адвокат Айсалкын Карабаева көтөрдү.

Президент тергөө абактары курорт эмес экенин белгилеп, өзү абакта отурган кезде түрмөнүн шартына даттанбаганын айтты.

"Тергөө абактары курорт эмес да, ошон үчүн тергөө абактары. Жылыткычтарды коюуга уруксат жок. Аны күнү-түнү дебей сайып коюп, светке мамлекеттин эсебинен биз төлөйбүз. Ал жакта өзүнүн жылуулугу жетет. Мен деле бир эмес эки жолу камалып чыктым, биринде тогуз ай, экинчисинде 3,5 жыл жаттым. Бирөөнө арыздандымбы? Арызданган жокмун. Чыдадым. Анткени СИЗО деген СИЗО, түзөтүү колония деген түзөтүү колония. Адамдар түзөлүп чыгат. Мурда бузулуп чыкчу, азыр эми мындан ары түзөлүп чыгат. Азыр режим кирип, түрмө тартипке келип калганын көрүп жатасыңарбы? Баарын тартипке келтиргенбиз",-деди Жапаров.

Айсалкын Карабаева курултайдын биринчи күнүндө жабык жайларда соттолуучуларга ырайымсыз мамиле жасалган, кыйноого кабылган учурлар бар экенин айтып, президенттен чара көрүүнү өтүнгөн эле.

Буга чейин дагы түрмөлөрдөгү ырайымсыз мамиле, кемсинтүү тууралуу маселелер байма-бай көтөрүлүп келген, бирок абак башчылары дооматтардын баарын четке кагышкан.

Жакында Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Бишкектеги биринчи тергөө абагына барганын, анда кармалып отурган аялдар укугу тебеленип, басым-кысымга кабылып жатканын айтып беришкенин билдирген. Жаза аткаруу мекемеси андай фактылар жок экенин айтып чыккан. Укук коргоочулар мындай жоопту "өз үйүн өзү текшергенде, албетте, кынтык табылбайт" деп, жабык жайлардагы көп окуя ачыкка чыкпай каларын айтууда.

Жер мунапысы

Президент делегаттардын жер мунапысына байланыштуу кайрылуу жана суроолоруна да кеңири токтолду.

"Тилекке каршы, биздин бийликтегилер да аралашып, 50, 100 гектар жерлерди "мафия" кылган. Анын кесепетинен жакын эле арада Чүй облусунда президенттин өкүлүнүн орун басары камалды. Жер маселесине аралашкан аким, акимдердин орун басарларынын баары азыр камакта. Алар бош жаткан жерлерди "2005-жылы эле салып алгам" деген шылтоону айтасың деп пайдубалын куйдуруп, тамын тургузуп, ал тургай чатырын жаптырып ийишкен. Бул үчүн акча алган, алдамчылык кылышкан. Азыр ушулар боюнча тергөө жүрүп жатат. Комиссия да түзүлүп, башкы прокурордун орун басары, администрация, акимчиликтерден өкүлдөр кирген. Алар иштеп бүткөндөн кийин жыйынтыгын чыгарабыз",-деди Жапаров.

Президент "мурда эле салып алгам" деген шылтоо менен айдоо жерге үй салууну токтотуу керектигин, эл көбөйүп, жер тарып баратканын, Кыргызстан өзүн буудай менен камсыздай албай жатканын айтты.

Жапаров МИК салып жаткан үйлөр шаарлардан сырткары айылдарга чейин жетерин, эл ошондон турак жайга жетерин белгиледи.

2021-жылы 5-апрелде мурда мыйзамсыз ээленген жер тилкелерине мунапыс берүүчү “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.

Быйылкы июнь айындагы маалыматка ылайык, ошондон берки аралыкта жер мунапысы боюнча республикалык комиссияга Кыргызстандын бардык аймактарында 170 миңден ашуун арыз түшүп, анын 56% мыйзамдаштырылган. 25 миңден ашуун арыз түрдүү себептер менен артка кайтарылган.

"Чет жактагыларга да шайлоого талапкер болуп катышуу укугу берилсин"

Курултайдын экинчи күнүндө жарыш сөзгө чыккан, Орусиядагы кыргыз диаспораларынан шайланып келген делегат Казыбек Усупов чет жерде жүргөн кыргыз жарандарынын шайлоого талапкер катары катышуу укугу чектелгени тууралуу маселе көтөрдү.

Ал көп убакыт башка мамлекетте жүргөнү үчүн шайлоого катыша албай калганы туура эмес экенин айтып, тескерисинче, аларга атайын квота бөлүп берүүнү сунуштады.

"Чет жерде жүргөн мекендештер Жогорку Кеңештин депутаты боло албайт деген мыйзамды алып салууну сунуштайм. Бул мыйзам менен силер чет жерде жүргөн бир миллиондон ашык мекендешибиздин укугун чектеп жатасыңар. Андан көрө, чектөө киргизбестен, бир же эки квота бергиле. Ошол жактан дагы талапкерлигин көргөзүшсүн. Ал жакта эмне деген гана жаштар жүрөт. Алардын ички дүң өнүм тууралуу кабары бар",-деди делегат.

Борбордук шайлоо комиссиясы соңку парламентттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген айрым жарандарды акыркы беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашаган эмес деген негизде каттоодон баш тарткан. Муну шайлоо тууралуу жаңы мыйзамдын талабы менен түшүндүргөн.

Бул жагдай сын-дооматка кабылып, айрыкча сыртта жашап, иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын нааразылыгын жараткан.

"Зордукчул эркек мамлекеттик кызматка жолобосун"

Аялын, балдарын таштап, аларга зомбулук көрсөткөн эркектерди мамлекеттик жумушка кабыл албоо сунушу курултайда айтылды. Мындай пикирин Бишкектин Ак-Ордо конушунан делегат болуп шайланып келген Жолдошбек Турдубаев билдирди.

Ал соңку жылдарда аялдарга болгон зомбулук күч алганын, мындай эркектерди мамлекеттик жумушка албай, Жогорку Кеңештин жана ошондой эле айылдык, шаардык кеңештердин депутаттыгына баруусуна тыюу салуу керектигин белгиледи.

23-декабрда Бишкекте 47 жаштагы Жибек Урустемованын өлүмүнөн кийин аялдарды коргоо, зомбулукка каршы күрөш маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Аны өз үйүндө күйөөсү тапанча менен атып салган. Маркумдун артында үч уулу жетим калды.

Президент Садыр Жапаров 25-декабрда курултайдын биринчи күнүндө сүйлөгөн сөзүндө үй-булөлүк зомбулук маселесине кайрылып, "аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратканын" айткан. Мындай кылмышкер жазадан кутулбай турганын белгилеп, 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык багыттар берилгенин кошумчалаган.

25-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да кандуу окуя тууралуу комментарий берип, адам өлтүрүлгөн учурда аны кайсы бир жагдайга шылтоо орунсуз экенин айткан.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери 8 ай аралыгында 21 аял зомбулуктун курмандыгы болду.

12 жылдык окутуу, мектептеги көйгөйлөр

Курултайдын жүрүшүндө Кара-Суу районунан келген делегат Эстебес Маматов өлкө 12 жылдык билим берүү программасына өткөнү менен окуучуларда кызыгуу жок экенин, бир класста 50дөн бала отурган мектептер бар экенин айтты.

Президент Садыр Жапаров класстар толуп калган деген маселе 12 жылдык окутууга тиешеси жоктугун, бул ички жана сырткы миграциянын көйгөйү экенин, өзгөчө Бишкек, Ош жана Манас шаарларында билинип жатканын айтты.

Окуучу батпай жатышынын экинчи себеби деп ата-энелер балдарын орус мектепте окутууга көбүрөөк ыктап жатканын, мындан улам бир класста 15-20дан гана бала окуган мектептер да бар экенин атады.

"Мугалимдердин билим деңгээли төмөн деген шылтоо менен балдарын бир эле мектепке бере беришет. Бирок мен тапшырма бергем, бардык мектептерде мугалимдер үчүн бирдей шарттар түзүлсүн деп. Мына, азыр эмгек акысын көтөрүп бердик, эми бош турган орундарга агай-эжейлер келе баштайт болуш керек деп атабыз. Эмгек акынын аздыгынан медицинада да ушундай көйгөй бар, бош орундар көп. Ал эми 12 жылдык окутууга өткөнүбүз бул дүйнөлүк стандарт. Кыйынчылыктар болбой койбойт, андан коркуп отура берсек ого бетер артка кетебиз. 2-3 жыл дагы кыйналабыз, бирок дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келебиз да 12 классты бүткөн балдар чет өлкөгө окууга барганда дароо 1-курска отурат",-деди Жапаров.

Өзгөчө Бишкек шаарындагы мамлекеттик мектептерде орундун жетишсиздиги тууралуу ата-энелер жана мектеп жетекчилери байма-бай айтып келет. Айрым класстарда бир партада балдар үч же төрттөн отурууга аргасыз.

Соңку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат.

2025-2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирди. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.

Курултайдын биринчи күнү

Кезектеги, IV Элдик курултайдын биринчи күнүндө мугалим жана дарыгерлердин кадыр-баркын көтөрүүгө, жарандарды социалдык жактан коргоого, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга, ошондой эле аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулган. Президент Садыр Жапаров мындай көрүнүштөр жол берилгис экенин жана коомдук баалуулуктарды, маданиятты өзгөртүү зарылдыгын баса белгиледи.

Садыр Жапаров ошондой эле аймактык өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, турак жай программаларын ишке ашыруу жана инвестиция тартуу артыкчылыктарын белгилеп, экономиканын туруктуу өсүшүнө, ИДПнын жогорулашына жана өлкөнүн финансылык базасынын чыңдалышына токтолду.

Андан соң өлкө боюнча бир катар өнөр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды. Бир эле учурда ондогон ишканалар жана социалдык инфраструктура объекттери — логистикалык жана өндүрүштүк кубаттуулуктар, ошондой эле бала бакчалар, мектептер, медициналык жана спорттук мекемелер ишке киргизилди. Мындан тышкары, Баткен облусунда Зардалы алыскы калктуу конушунун транспорттук жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган унаа жолунун курулушу аяктады.

Курултайдын жүрүшүндө катышуучулар аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган маселелерди көтөрүштү.

Делегаттар унаа жолдорун оңдоо жана куруу, суу менен камсыздоо объекттерин жана социалдык мекемелерди жаңылоо, ошондой эле аймактарда жеткиликтүү турак жай куруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жайыт жерлерине байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча сунуштар айтылды.

Мындан тышкары, Курултайдын катышуучулары дары-дармектердин кымбаттыгы, кичи ГЭСтерди өнүктүрүү, туризм тармагын стимулдаштыруу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо маселелерин козгоп, мамлекеттик органдардын калк менен тыгыз байланышынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG