Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Казакстан: Azerbaijan Airlines учагы "аскердик заттын элементтеринен" жабыркаган


Azerbaijan Airlines компаниясына таандык Embraer 190 жүргүнчү учагы кулаган жер. 2024-жыл, 27-декабрь.
Azerbaijan Airlines компаниясына таандык Embraer 190 жүргүнчү учагы кулаган жер. 2024-жыл, 27-декабрь.

Казакстандын Транспорт министрлиги былтыр 25-декабрда Актау шаарынын жанында кырсыктаган Azerbaijan Airlines компаниясына таандык Embraer 190 учагы боюнча баяндамасын жарыялады. Учак Баку–Грозный багыты боюнча каттамда бара жаткан.

Мекеменин маалыматына ылайык, иликтөөнүн учурдагы баскычында комиссия экипаж тууралуу маалыматтарды, диспетчердик кызматтардын ишин, эксплуатациялаган ишкананын нормативдик документтерин, учууну даярдоо жана аткаруу материалдарын, метео жана техникалык тейлөө боюнча маалыматтарды чогултуп, талдап чыкты.

Ошондой эле борт журналынын көчүрмөсү жана рейске тиешелүү башка документтер алынган. Комиссиянын ишине Азербайжан, Орусия жана Бразилиянын өкүлдөрү, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) байкоочулары катышууда.

Адистер кырсык болгон жерди тыкыр кароодон өткөрүп чыгышкан. Иликтөөнүн алкагында бир катар экспертизалар жүргүзүлгөн. Кырсык болгон жерден табылган бөтөн металл буюмдарга экспертиза жасалган.

Комиссиянын корутундусуна ылайык, учактын гидравликалык системасы "катуу буюмдар менен кагышуудан улам" жабыркаган.

Отчетто ошондой эле "аба кемесиндеги мүчүлүштүктөр согуштук заттын таасир этүүчү элементтеринен улам келип чыккан, бирок алардын кайсы тарапка таандык экенин аныктоо мүмкүн болгон жок" деп айтылат.

2024-жылдын 25-декабрында Бакудан Чеченстан жумуриятынын борбору Грозный шаарына учуп бара жаткан Embraer J2-8243 учагы Актаунун жанында кырсыктаган. Натыйжада 38 адам каза болуп, 29 киши жаракат алган.

Каза тапкандардын арасында Казакстандын алты, Азербайжандын 25 жана Орусиянын жети жараны болгон.

Башында кырсыктын себептери тууралуу ар кандай божомолдор айтылган. Кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев учактын кулашына Орусия тарап жооптуу экенин билдирип, Москваны күнөөнү моюнга алууга жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырган. Орусиянын президенти Владимир Путин кечирим сураган, бирок жоопкерчиликти өзүнө алуудан баш тарткан.

Ал эми ушул жылдын 9-октябрында Путин Дүйшөмбү шаарында Илхам Алиев менен жолукканда кырсыкка Орусиянын абадан коргонуу каражаттары учурган ракета себеп болгонун моюнга алган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG