Кыргызстан менен Тажикстан ортодогу чек ара тилкесинде айырбаштаган айылдардагы кыймылсыз мүлктү өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу 26-декабрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 24-декабрда кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын төрагалары – Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана Тажикстандын Мамлекеттик мүлктү жана инвестицияларды башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Султон Рахимзоданын жолугушуусу өттү. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы менен алмаштырылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктү өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү боюнча акттарга кол коюлду.
"Тактап айтканда, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук жана Дөбө айылдарынын, Ак-Татыр айыл аймагынын Таш-Тумшук айылынын жана Көк-Терек, Мазеиттин жери участкаларынын, Самаркандек айыл аймагынын Тескей участкасынан турак жайлар, бош жер тилкелери, соода борбору, мунайгаз скважинасы жана башка объектилер Тажикстанга өткөрүлүп берилди. Ал эми Тажикстандын Исфара районунун Сомониён, Сурх, Кожо-Аьло, Богистон, Кургонча айылдарынан, Б.Гафуров районунун Оочукалача айылынан, Хизтеварз айылдык кеңешинен жана Дж.Расулов районунун Лолазор жана Маданият айылдарынан турак жайлар, бош жер тилкелери, социалдык объектилер, Чек ара өткөрмө пункту, чек ара тозоттору, мунайгаз скважиналары ж.б. объектилер өткөрүлүп алынып, ички иштер органдарынын жана чек ара кызматкерлеринин кайтаруусуна тапшырылды", - деп билдирди Баткен облустук администрациясы.
Айырбаштала турган айылдардагы кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо ортодогу мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлдү. Ага ылайык, демаркациялык жумуш тобунун протоколу менен бекитилген “Кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо тартибинин” негизинде райондук жана облустук деңгээлде комиссиялар түзүлгөн.
Быйыл март айында Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын толук тактаган макулдашууга кол койгон. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат.
Чек ара такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы облус башчылары чек араны делимитация кылуунун жыйынтыгы менен эки тараптан тең алмашууга макулдашылган айыл аймактардын тургундарын көчүрүүгө байланыштуу маселелер талкууланганын быйыл сентябрда билдирген. Анын ичинде чек араны демаркациялоодо чек ара сызыгын, короо жай, бак-дарактардан, коммерциялык объекттерден тазалоо иштерин жүргүзүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу тууралуу сөз болгону айтылган.
Шерине