Украин президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен жакын арада жолугушуу тууралуу келишкенин билдирди.
"Көп маселе жаңы жылга чейин чечилиши мүмкүн. Украинага даңк!",-деп жазды Зеленский.
Kyiv Post гезити өз булактарына таянып, сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Укаринанын лидери жакын арада Флоридага барышы күтүлүп жатканын кабарлады. Басылма белгилегендей, баары планга ылайык болсо Зеленский менен Трамп 28-декабрда жолугат.
Расмий Вашингтон бул тууралуу үн ката элек.
Буга чейин Украина, Европа, АКШнын өкүлдөрү Маямиде жана Берлинде сүйлөшүү өткөрүп, анда расмий Киев европалык союздаштары менен 20 пункттан турган тынчтык келишимин иштеп чыккан.
Долбоорго ылайык, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн саны тынчтык мезгилинде 800 миң аскердин тегерегинде сакталат. Документте АКШ, НАТО жана келишимге кол койгон европалык мамлекеттер Украинаны аскердик альянстын бешинчи беренесине окшош коопсуздук кепилдиктери менен камсыздоосу каралган. Ал беренеде альянстын бир мүчөсүнө кол салуу бардыгына кол салуу дегенди билдирет. Пландагы жоболордун биринде Орусия Европага жана Украинага кол салбай турганын өз мыйзамдары аркылуу бекитиши керек болот. Жетинчи жобого ылайык, Украина Евробиримдиктин мүчөсү болуп так белгиленген мөөнөттө кирет. Долбоордо келишим күчүнө кириши үчүн Орусия өз аскерлерин Украинанын Днепропетровск, Николаев, Сумы жана Харьков облустарынан чыгарышы керектиги көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, Украина келишимге кол коюлгандан кийин мүмкүн болушунча эртерээк шайлоо өткөрүүгө тийиш.
Ал эми Запорожье атомдук электр станциясы боюнча азырынча мунаса табыла элек.
Москва бул тынчтык планга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кыларын Bloomberg Кремлге жакын булактарына таянып 25-декабрда жазган. (KS)
Шерине