Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Украинада согушта туткунга түшкөн Айбектин энеси кыргыз бийлигине кайрылды


"Азаттыктын" видеосунан алынган сүрөт
"Азаттыктын" видеосунан алынган сүрөт

Орусия тараптан согушка катышып, Украинада колго түшкөн кыргызстандыктын энеси Жумагүл Шадманова уулун туткундан бошотууга жардам сурап, кыргыз бийлигине "Азаттык" радиосу аркылуу кайрылды.

«Орусияга иштегени кеткен бойдон дайынсыз болуп калды. Көрсө, азыр Украинада туткунда экен. Баламдын бейбаштык кылып, согушка кетип калганын билген эмеспиз. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, мага жардам бериңиздер. Апасы өтүп кеткен. Улуу кызымдан калган жалгыз белек эле. Кантип кайтарарымды билбей жатам. Баламды алып келгенге жардам берип коюңуздар», - деди Шадманова.

Шадманованын 23 жаштагы небереси Айбек бир нече айдан бери Украинада согуш туткундарынын лагеринде отурат. Ал «Азаттыкка» берген маегинде аны мүмкүн болушунча тезирээк туткун алмашуу тизмесине кошууга жардам берүүнү суранган.

Женева конвенциясынын талаптарына ылайык, Айбектин толук аты-жөнүн жана жүзүн көрсөтүүгө болбойт.

«Азаттык» Айбек менен Украинанын мамлекеттик «Хочу жить» долбоорунун жардамы менен байланышты. Ал быйыл жыл башында орус армиясы менен келишим түзгөнүн айткан.

Украин бийлиги колго түшкөн согуш туткундары Женева конвенциясынын талаптарына ылайык кармаларын билдирет. Расмий маалыматтарга ылайык, туткундар атайын лагерлерге жайгаштырылып, аларга тамак-аш жана медициналык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле эл аралык уюмдар аркылуу жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Айбек Орусиянын армиясы тараптан согушка катышып, Украинада туткунга түшкөн онго жакын кыргызстандыктын бири. «Азаттык» өзүн Сергей деп тааныштырган туткундагы дагы бир кыргызстандык менен байланышты.

Учурда Украинада Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашуун киши «согуш туткуну» макамында кармалып турат. Украин өкмөтүнүн туткундар менен иштеген «Хочу жить» долбоору орус бийлиги чет өлкөлүк жарандарды туткун алмашуу тизмесине кошууга адатта кызыкдар эместигин белгилейт.

Былтыр YouTube порталындагы «Пленные СВО» деген украин каналына жарыяланган видеодо өзүн Алишер Турсунов деп тааныштырган киши Орусияга балдарына барган учурда полиция кармап кетип, согушка мажбурлап жөнөтүлгөнүн айткан. Өзбек жана орус тилдеринде сүйлөгөн 57 жаштагы бул адам Кыргызстандын жараны экенин, Ош шаарынан барганын билдирген.

«Азаттык» ошол кезде Турсуновдун туугандарын таап, алар менен сүйлөшкөн. Бир нече айдан кийин Турсунов туткун алмашуу тизмесине кирип, Орусияга өткөрүлгөн. Бирок анын кийинки тагдыры белгисиз.

2022-жылдын февралында Москва Украинага басып киргенден бери орус тарапта согушкан же набыт болгон Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын так саны белгисиз. Украинанын «Хочу жить» долбоору жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген 800дөн ашуун кыргызстандыктын 181и набыт болгону көрсөтүлгөн. Бирок бул маалыматты Кыргызстандын расмий органдары азырынча ачык тастыктаган эмес.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарга катышуу оор кылмыш болуп эсептелет. Мындай аракеттер үчүн узак мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган. (AiA)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG