Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

"Чет элдик студенттерди тартуу үчүн элди тарбиялайлы"


"Чет элдик студенттерди тартуу үчүн элди тарбиялайлы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:21 0:00

Кыргызстанда билим алган чет элдик студенттердин саны кыскарууда. Айрыкча, Түштүк-Чыгыш Азиядан келгендердин саны суюла баштаганын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, мурдагы советтик өлкөлөрдү кошпогондо Кыргызстанга келген чет элдик студенттердин саны жыл сайын көбөйүп отуруп, 2023-жылы 25 миңден ашкан. Акыйкатчы институту Тышкы иштер министрлигине таянып берген маалыматка ылайык, быйыл студенттик визалардын саны өткөн жылга салыштырмалуу төрт эсе азайып, болгону 11645 виза берилген. "Азаттык" Кыргызстанда билим алган чет элдик студенттер туш болгон көйгөйлөр тууралуу баяндайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG