Маалыматта Кыргызстан эл аралык милдеттемелерди алганын, жазанын мындай түрүн кайра киргизүү ага каршы келери белгиленген. Укуктук мамлекет катары мындан ары дагы эл аралык милдеттемелерди аткара берери жазылган.
"Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди. Демек, Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана бул демилгени ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Конституциялык сотунун корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулууга тийиш. Белгилей кетсек, Кыргызстан катышуучусу болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын экинчи Факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жана биротоло жоюуну максат кылат жана мында денонсациялоо механизми каралган эмес. Бул протоколго кошулуу менен мамлекет өлүм жазасын кайра киргизбөө жана эч кандай шартта ага кайрылбоо боюнча мөөнөтсүз милдеттенме алды дегенди билдирет. Мындай шарттарда ички мыйзамдарга өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузган мамлекеттин абалына алып келмек, жана бул конституциялык жактан бекитилген эл аралык укукту таануу жана эл аралык келишимдерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принцибине туура келбейт. Кыргызстан укуктук мамлекет катары мындан ары да өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткара берет. Ошол эле учурда, бул милдеттенмелердин алкагында балдарга жана аялдарга каршы кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер улантылат", - деп жазылган ТИМ тараткан маалыматта.
Деген менен бул чечимди айыптагандар дагы чыкты. Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Феликс Кулов өлүм жазасына байланыштуу маселенин референдум аркылуу чечилбей калганын сынга алды.
"Конституциялык сот бул маселени референдумга чыгарууга, талкуулоого, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө тыюу салды. Мисалы, Италиянын Конситуциясында "республика деген сөздү өзгөртүүгө тыюу салынат, болбосо кайрадан монархияга жол ачылат" деп так жазылган. Биздин Конституцияда анын кайсы бир жерин өзгөртүүгө эч бир жеринде тыюу салынган эмес. Өлүм жазасын киргизүүгө тыюу салган эч бир жобо жок. Ошондуктан Конституциялык соттун эл өз мүдөөсүн көрсөтө албайт дегени анча деле ынанымдуу болбой турат. Эл - бийликтин жалгыз ээси. Ал бул бийлигин референдум аркылуу колдоно алат. Ошондуктан мен Конституциялык сот бул маселенин талкууланышына тыюу салганын колдобойм. Маселе болсо учурда курч турат".
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева болсо Консоттун чемин колдой турганын билдирди. Ал азыркы Баш мыйзамда өлүм жазасына каршы норма бар экенин белгиледи. Ал президентке жана анын администрациясына кайрылып, бул маселенин кайра Конституциялык сотто каралышына жол бербөөгө чакырды.
"Конституция мамлекетибиздин негизги документи болуп, адамдын негизги укуктарын жана Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелеринин алкагын аныктайт. Конституциянын 25-беренеси өлүм жазасы тыюу салынганын түз көрсөтөт. Ошондуктан аны кайра киргизүү боюнча ар кандай демилгелер Конституциянын нормаларына да, Кыргызстан өз ыктыяры менен кабыл алган эл аралык келишимдерге да каршы келет. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен өлүм жазасын колдонуу дээрлик токтогон, Беларус гана аны колдонуп келет, ал эми Орусия көп жылдан бери мораторий кармап турат. Бул жагдай өлүм жазасынан баш тартуу региондогу жалпы багытка айланганын тастыктайт. Мыйзам боюнча президент Конституциялык сотко каршы пикир жиберип, иштин кайра каралышын суранууга укуктуу. Бирок мен президентке, анын администрациясына бул укукту колдонбоо өтүнүчү менен кайрылам. Кыргызстан үчүн укуктук туруктуулукту сактоо, конституциялык көзөмөл органынын чечимдерине урмат көрсөтүү жана эл аралык милдеттенмелердин өзгөрбөс мүнөзүн тастыктоо абдан маанилүү. Укуктук туруктуулук коомдун да, эл аралык өнөктөштөрдүн да ишенимин бекемдейт. Айрым саясатчылар өз пикирлерин билдириши мүмкүн, бирок мындай билдирүүлөр көп учурда эмоцияга же популизмге негизделет. Ошентсе да эң оор кылмыштар үчүн адилеттүү жана катуу жаза колдонулушу зарыл экенине эч ким каршы эмес. Балдарды жана аялдарды зордуктоо же өлтүрүү сыяктуу кылмыштар өзгөчө оор кылмыштарга кирет жана алар үчүн эң катуу чаралар каралууга тийиш. Мындай учурларда жазаны жумшартуу, пробация же альтернативдүү чараларды колдонуу таптакыр жарабайт. Кылмыш-жаза мыйзамдары өмүр бою эркинен ажыратууга чейин жеткен узак мөөнөттөрдү карайт жана мамлекет аларды толук жана бирдей колдонууга милдеттүү. Мындан тышкары, Кыргызстандагы укук коргоо жана сот системасы өлүм жазасы сыяктуу кайтарылгыс чараларды талап кылган иштерде кемчиликсиз жана жаңылыштыгы жок чечим чыгарууга азырынча толук даяр эмес", - деди юрист.
Конституциялык сот 10-декабрда “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу президенттин сунушун карап, өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга каршы келет, ал жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянак чыгарды.
Муну менен бул маселеге биротоло чекит коюлдубу же жокпу деген маселе азырынча ачык турат. Себеби, буга чейин Конституциялык сот өзүнүн чечимин өзгөрткөн учур болгон. Ошондой эле Садыр Жапаров жана анын администрациясы азырынча комментарий бере элек.
Өлүм жазасына байланыштуу талкуулар сентябрь айынын аягында Ысык-Көлдө 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин жанданган.
Президент Садыр Жапаров бул үрөй учурган окуядан кийин өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн.
Жапаров октябрь айында "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде жазанын катаал түрүн киргизүүгө соңку жылдары балдарга жана кыз-келиндерге зордук-зомбулук көрсөтүп өлтүргөн учурлардын көбөйүшү себеп экенин белгилеген. Өлүм жазасы киргизиле турган болсо бул эл менен кеңешүүдөн кийин кабыл алынарына токтолгон.
“Коомчулук балдарыбыздын жана аялдардын кол тийгис укуктарын коргоо үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатат. Элдин калың катмарынын бул талабы мыйзам аркылуу гана чечилиши керек. Мыйзамдын долбоору - Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө - биринчи иретте коомдук талкууга коюлат. Андан кийин Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбооруна корутунду берет. Ал мыйзам долбоору референдумда кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, маселе бүткүл элдик добуш берүү аркылуу гана чечилет. Эгерде көпчүлүк эл колдосо, андан кийин эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси, иштеги кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдарды жаңы келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек”, - деген президент.
Буга чейин Жогорку соттун мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков өлүм жазасын киргизүүгө система даяр эместигин билдирген. Ал "Азаттыкка" курган маегинде тергөө органдарында, сот тармагында маселелер бар экенин айткан.
Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү демилгесине каршы экенин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева да билдирген. Ал 30-октябрда БУУнун туруктуу координатору Антье Граве жана уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушуу учурунда ал өлкөдө аялдарга жана балдарга каршы жасалган кылмыштар жыл сайын 36% көбөйүп жатканын белгилеп, бирок өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт деп эсептей турганын айткан.
Садыр Жапаров акыйткачы менен 10-декабрда жолуккан жана анда өлүм жазасына байланыштуу сөз болуп болбогону тууралуу маалымат берилген жок.
Адвокат Есения Рамазанова өлүм жазасын киргизүүнүн кесепеттерине токтолду.
"Өлүм жазасын киргизип коюу эч кандай маселени чечпейт. Оор кылмыштарга бөгөт коет деп айтуу кыйын. Өлүм жазасын киргизүү бизге чоң жаңылыштык болот. Өлүм жазасына мораторий киргизип, эл аралык пактка кол койгонбуз. Андан кийин өлүм жазасын алып салуу тууралуу декларацияга кол койгонбуз. Эгер биз өлүм жазасына кайтсак, эл аралык келишимдерди сактабаган болобуз. Бул юридикалык жагы. Өлүм жазасын киргизүүнүн башка дагы терс жактары бар. Бизде соттук каталар болушу мүмкүн. Күнөөсүз айыпталган, негизсиз караланган, резонанстын айынан чечим кабыл алынган, тергөө жакшы жүрбөгөн учурлар болот. Коомдо катуу талкуу жаратты деп сотко өтүп, судьялар чечим чыгаргандан коркуп, өлүм жазасына чегерген учурлар болуп калышы мүмкүн. Көп иштер коомчулуктун басымы менен сотко өтүп, ал жерде далилдерге да көп көнүл бурулбай, бул иш коомчулуктун көзөмөлүндө турат деген шылтоолор менен жакшы тергелбей эле өтүп кетет. Эгерде ушундай жагдайда адамга өлүм жазасы берилсе, ал аткарылгандан кийин ага кайра башка мүмкүнчүлүк берилбейт. Ал өлгөндөн кийин кайсы бир мыйзамдар өзгөрсө, же анын ишинде кандайдыр бир жаңы далилдер табылса, анын ишин кайра артка кайтара албай калабыз. Бизде азыр өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу жазасы бар. Эгер ушундай жаза алган адамдын ишинде кандайдыр бир жаңы жагдайлар жаралса, анын ошондой кылмыш кылбаганы анын негизинде аныкталып калса анда ал ишти кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү болот, анын негизинде жаза өзгөрүп калышы да мүмкүн. Эгер оор кылмыш кылгандарга, балдарды, бир нече адамды өлтүрүүгө айыпталып соттолгондорду өмүр бою эркинен ажыратып, аларга ырайым кылуу колдонулбаса бул өлүм жазасына эле тете жаза болот. Өлүм жазасы аткарылып, кийин тергөөдө, сотто ката кеткени аныкталса, буга байланыштуу кайра кайра кылмыш иштери ачылышы мүмкүн, ошол судьяларга, тергөөчүлөргө кылмыш иштери козголушу мүмкүн, өкмөт ири өлчөмдөгү доого кабылышы мүмкүн. Биздин мыйзамдардагы кылмыш иштерди категорияга бөлүп, ушул топко киргендерге ырайым берилбейт деп так белгилеп койсо ошол өлүм жазасына эле барабар болот. Биз кудайдын ролун өзүбүзгө албашыбыз керек".
Өлүм жазасын киргизүү маселеси буга чейин парламентте дагы маал-маалы менен талкууланып келген. Айрым депутаттар педофилдерге каршы жазанын мындай түрү киргизилиши керектигин билдирип чыгышкан.
Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий 1998-жылы жарыяланган. Жогорку Кеңеш он жылдай убактан кийин, 2007-жылы аны өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына алмаштырган. Мындан туура 15 жыл мурда өлкө Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. 2021-жылдагы Баш мыйзам менен өлүм жазасын колдонууга тыюу салынган.
Шерине