Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:49

Бир млрд 791 млн сом чогулду. Талапкерлер шайлоого канча акча коротту?


30-ноябрь, 2025-жыл
30-ноябрь, 2025-жыл

мазмуну

  • Бул жолку шайлоо Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң каражат көп коротулган парламенттик шайлоо болуп калды. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер үгүткө 1,5 млрд сом сарптаганын билдирди.
  • Бирок айрым серепчилер каражаттар мындан бир нече эсе көп чачылганын, көп округдарда добуш сатып алуу аракеттери болгонун айтып, буга дээрлик көпчүлүк округдардан жалаң капчыктуу талапкерлер утуп чыкканын мисал тартышууда.

Кайсыл талапкер канча каражат коротту? Шайлоо чыгымдарына сереп салабыз.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, катталган 460 талапкердин шайлоо фондуна жалпысынан 1 млрд 791 млн сом каражат чогулган. Анын 88% (1 млрд 581 млн сому) үгүт иштерине коротулган. Салыштырып айтсак, 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо жеке талапкерлер менен партиялар биригип 480 млн сомго жакын акча коротушкан болчу.

Азыркы мыйзам боюнча, талапкер шайлоо фондуна 20 млн сомго чейин гана каражат чогулта алат. Чыгымы да ошол каражаттын алкагында жүргүзүлөт. Ага штаб кызматкерлеринин, үгүтчүлөрдүн эмгек акысы, үгүт материалдарын чыгаруу, жайылтуу өңдүү чыгымдар кирет.

Ким канча каражат коротту?

Талапкерлердин шайлоо фонддоруна абай салсак, коротулган 1 млрд 581 млн сомдун жарымынан көбүрөөгү (52%) 70 кишиге же жалпы талапкерлердин 15% таандык болуп чыгат. Алардын 27си мандатка жетсе, 43ү атаандаштарына утулуп калган.

Шайлоодо утуп чыккан Улан Бакасов 20 млн сомго чукул, Болот Сагынаев 19 млн 800 миң, Медер Чотонов 18 млн 260 миң, Нурланбек Азыгалиев 18 млн 200 миңге жакын, Жылдыз Таалайбек кызы менен Гүлжан Сатиева 17 млн 950 миң, Нурбек Сыдыгалиев 17 млн 612 миң сом коротушкан.

Ал эми чыгымы алардан кем калышпаган Саидбек Зулпуев 19 млн 160 миң, Тойгонбай Абдыкаров 17 млн 500 миң, Таалайбек Сарыбашов 16 млн 700 миң, Улугбек Ормонов 16 млн 562 миң, Мурадил Сыдыков 15 млн 685 миң, Айжан Чыныбаева 15 млн 387 миң жана Сталбек Акматов 15 млн 300 миң сом иштетип, бирок депутаттык мандатка жетпей калышты.

Тогуз талапкер алып чыккан “Ынтымак” партиясынын шайлоо фондуна 71 млн сомго жакын каражат чогулган (70 960 290 сом). БШКдагы финансылык отчетто ошол сумма ар бир талапкеринин тушуна жазылып калгандыктан, бир аз түшүнүксүз көрүнүштү жаратат. Партия лидери Марлен Маматалиев жагдайды мындайча түшүндүрдү.

“Ал жалпы партиянын акчасы, жалгыз меники эмес. Биз партия менен көрсөтүлүп, тогуз кишини чыгарганбыз. Ошол тогуз кишинин жалпы акчасы. Азыр жалпы партия тапшырат да. Бирок, ичинен көрсөтөт, “бул мунуку болчу, бул тигиники болчу” деп. Анан кимге канча кеткенин кадимкидей көрсөтөт. Мисалы, аз же такыр эле акча сала албай калгандар ошого жараша эле алып калышты. Себеби, үгүтчүлөрдү ала алган жок. Бир дагы жакшы үгүтчүлөрдү алып, жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк болбой калды. Үгүтчү алып, жакшы иштегендердики ошого жараша эле болду. Бирок эл чечет да. Меники (үгүтчүлөр) расмий 500дөн ашык эл, ошонун тегерегинде иштеди. Менин өзүмдүкү ойдогудай эле болду”.

Ал эми Эрулан Көкүлов менен Жылдызкан Жолдошова шайлоо өнөктүгүнө эң аз каражат коротуп, утуп чыккан талапкерлер болуп калды. №18 округдан ат салышкан Бусурман Сатыбалдиев 50 миң сом короткон.

Көмүскө чачылган акчаны ким эсептейт?

Бул шайлоодо расмий коротулган каражаттан тышкары, көмүскө акчалар да көп чачылганын айтып жатышат. Шайлоодон кийин электоратына кайрылган көпчүлүк талапкерлер округдарында добуш сатып алуу көрүнүшү көп болгонун билдирүүдө. Ар кайсы жерлерде акча таркаткан, акча берүүнү убада кылган видеотасмалар чыгып жатты. Бирок, шайлоонун көмүскө оюндарына чачылган каражаттын көлөмү канча экенин эсептөө мүмкүн эмес.

Саясий активист Адил Турдукулов миңге чейин үгүтчү жалдоого уруксат берген эреже добуш сатып алууну мыйзамдаштырып койгонун белгилейт.

“Мисалы, миң үгүтчүнү жалдап алуу – бул дагы кыйыр түрдө добуш сатып алуунун бир түрү катары кабылдасак болот. Акчасын алган миң үгүтчү эки-үчтөн адамды алып келсе, бул деле сатып алуунун мыйзамдаштырылган бир түрү го дейм. Ошондуктан, үгүтчүлөрдүн санын азайтып, көбүрөөк убакытты үгүткө, дебатка орун бериш керек. Анткени, көбүнесе азыркы талапкерлер кайсы саясий платформа менен шайлоого баратканы бүдөмүк бойдон калды”.

Мамлекет бул шайлоону өткөрүүгө 700 млн сом каражат бөлгөн. Анын 350,5 млн сому БШКнын, 291,5 млн сому округдук шайлоо комиссияларынын чыгымдарына жана 58 млн сому тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө шайлоону уюштуруу иштерине каралган.

Ошол эле маалда, катталгандардан алынган 300 миң сомдук кайтарымсыз күрөөдөн мамлекеттик бюджетке 147 млн сом түшкөн. Анын 143 млн 400 миң сомун 478 талапкер, 980 миң сомун I-II (14 киши – 50 миң сомдон) жана III (4 киши – 70 миң сомдон) топтогу майыптыгы бар талапкерлер төлөгөн. “Ынтымак” партиясы шайлоого талапкер чыгарган жалгыз партия болгон. Анын 9 талапкерине күрөө катары 2 млн 700 миң сом төлөнгөн.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG