Анда шайлоо участогундагы добушканаларда камерасын күйгүзүп, телефон илип, ага шайлоочулардын кирип чыкканын тартышкан.
БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров 3-декабрдагы жыйынында токтомду жарыялады:
"Токтомдун негизинде №13 округундагы жыйынтыктар жокко чыгарылды. Аталган округдан шайлоого катышкан 14 талапкер кийинки шайлоого катыша албайт", - деди БШК төрагасы Шайназаров.
Буга чейин Боршайкомдун Ноокендеги өкүлү бул факты боюнча бир участокто шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын журналисттерге билдирген болчу.
№13 шайлоо окуругундагы айрым добушканаларда телефон менен шайлоочулардын келип-кеткенин тарткан учурлар тууралуу соцтармактарга бир нече видео жарыяланды. Алардын бирине тартылып калган киши өзүн талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлү экенин айткан. Тасмада участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “болбойт дегенге карабай, илип коюшту” деп айтып жатышат.
Аталган округдан 14 талапкер ат салышкан. Аты аталып жаткан Бактыбек Сыдыков баштапкы эсептер боюнча округдан эң көп - 17 397 добуш алган. Ал Фейсбуктан кайрылуу жасап, "каралоо" катары мүнөздөдү. Экинчи орунду 13 477 добуш менен мурдагы депутат Айбек Алтынбеков алса, парламенттин мурдагы спикери Талант Мамытов 12 096 добуш алып үчүнчү орунда келген. Шайлоочулардын 9 миңдей добушун алган Айгүл Карабекова гендердик квота менен алдыга чыккан.
Боршайкомдун 3-декабрдагы жыйынында айтылган маалыматтарга караганда, талапкер Бактыбек Сыдыковдун байкоочусу катары катталган өкүлдөрү 35 добушканада телефондорду мыйзамсыз илип, шайлоочулардын кыймыл-аракеттерин көзөмөлдөп отурушкан. Муну менен шайлоонун купуялуулугун бузушкан. Аталган округда 94 добушкана бар.
Добуш сатып алуу болгонбу?
Жарандык активист, Кыргызстандагы шайлоолорго көп убактан бери байкоо салып келген Рита Карасартова 13-шайлоо округуна караштуу добушканада болгон окуяны "ачыктан ачык мыйзам бузуу" деп атады.
"Эгер далилденсе, ал талапкердин ошол шайлоо тилкесиндеги добуштары жокко чыгарылышы керек же андай көрүнүштөр көп болсо, талапкердин өзүн жарыштан четтетүү керек деген мыйзамдар иштеши керек. Анткени бул жерде ачык эле добуш сатып алууну көзөмөлдөө болуп жатат. "Мени шайлайсың" деп берген акчасынын акталышын көзөмөлдөө максатында телефонду илип коюптур. Бул кудум эле далил. Ошондой көзөмөл орнотуп аткан соң, демек, акча берилген, добуш сатып алынган. Эгер акча бербесе, шайлоочуларды келдиңби, добуш бердиңби деп неге көзөмөлдөйт? Экинчиден мында шайлоочунун добуш берүү купуялуулугу да одоно бузулуп жатат. Бул мыйзам бузууларда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими маанилүү. Анткени, алар бийликке керек адамдардын мыйзам бузууларына көз жуумп койгон учурлар болуп жатат. Мурунку шайлоолордо деле биздин добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндө миңдеген арыздар жазылган күндө да, аймактык шайлооком деле, боршайком деле чечпей койчу".
Жекшембиде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу видео-аудио материалдар соцтармактарга жарыяланып, айрым талапкерлер добуш сатып алуу боюнча арыз менен БШКга жана укук коргоо органдарына кайрылышкан. Боршайком төрагасы кечээ күнү кайрылуу жасап, бардык арыздар каралып укуктук баа берилерин айткан.
"Мыйзамды бузган ар бир шайлоо тилкеси, ошондой эле сөз болуп жаткан 13-округ боюнча дагы материалдарды карап чыгабыз, 2-3 күндүн ичинде чечим кабыл алабыз. Биз мамлекеттин репутациясына көлөкө түшүүсүнө жол бербеш үчүн адилеттүү чечимдерди чыгарышыбыз керек. Ага чейин дүрбөлөңгө түшпөй, бизди ашыкча сындабай, шашылыш чечим чыгарбай турууга чакырам", - деди Шайназаров.
№26 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Элдар Абакиров Кемин районунда 460 миң сом менен кармалган 5-6 адам боюнча арыз каралбай калганына даттанып, акчанын чоо-жайы боюнча териштирүүнү талап кылууда. Милиция ошондой эле Кара-Суудагы ыктымал добуш сатып алуу жөнүндө интернетте тараган видеого байланыштуу текшерүү иштерин баштаганы кабарланды.
ИИМ жалпысынан 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш сатып алуу боюнча тогуз кылмыш иши козголгонун, бул боюнча 12 кишиге айыбы угузулганын маалымдаган.
30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Ага жалпы катталган 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446сы катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.
Шерине