Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Украина: 100 млн доллар пара чыры Зеленскийге чейин жетти


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

мазмуну

  • Украинада энергетика тармагындагы 100 миллион долларлык пара схемасына байланыштуу чоң коррупциялык жаңжал тутанды.
  • Андагы башкы фигуралардын бири президент Владимир Зеленскийдин мурдагы бизнес өнөктөшү Тимур Миндич.
  • Жемкорлук схемасы Украина үчүн өтө оор маалда ашкереленди. Коррупциялык чуу согуш жүрүп жаткан маалда коомдук маанайга жана фронттогу аракеттерге дагы терс таасирин тийгизип, бийликтин коррупцияга каршы аракеттерине ишенимин да солгундатып жатат.

Дээрлик үч жылдан бери согуш жүрүп жаткан Украинаны азыр ири жемкорлук жаңжал дүрбөтүп жаткан учур.

Тергөөнүн маалыматына караганда, айыпталуучулар энергетикалык объекттерди коргоо үчүн бөлүнгөн каражаттан миллиондогон долларларды кымырып турушкан.

Бул маалда орус армиясы койгон чабуулдардын натыйжасында украин эли суукта жана жарыксыз отурган эле. Бирок кеп пара алуу тууралуу эле болуп жаткан жок.

Бул чууга президент Владимир Зеленскийдин көп жылдан берки жакын өнөктөшү жана анын айланасындагы жогорку даражадагы расмий адамдар дагы аралашкан.

Андан да кооптуусу, жемкорлук схемасын Зеленский өткөн жайда жоюп салууга аракет кылган антикоррупциялык мекеме жүргүзүп жатат. Анда президенттин бул кадамына украиналыктар каршылыгын билдирип чыкканда Зеленский артка чегинүүгө аргасыз болгон.

Коррупция маселеси Украина үчүн эл аралык аренада дагы өтө маанилүү. Бул жолу коопсуздук, экономика жана эл аралык ишеним баары тобокелчиликке коюлгандай.

Кимдер шектелүүдө?

“Мидас операциясы” деп аталган иликтөөнүн ичинде бир нече көрүнүктүү фигуралар бар. Коррупциялык схеманын башкы уюштуруучусу катары Тимур Миндич шектелүүдө. Ал Зеленский президент болордон мурда бирге иштеген “Квартал-95” студиясынын ээлеринин бири. Дал ушул студия аркылуу Зеленский элге куудул жана актёр катары таанылып, кийин саясатка өтүп кеткен.

Тимур Миндич.
Тимур Миндич.

46 жаштагы Миндич бир кезде миллиардер Игорь Коломойскийдин бизнес өнөктөшү да болгон. Коломойский 2019-жылы Зеленскийдин шайлоо кампаниясын колдогон. Кийин алдамчылыкка жана арам акчаны адалдоого айыпталып, 2023-жылдан бери камакта.

Полиция кызматкерлери Миндичтин үйүн тинтердин алдында ал өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлады. Миндич өзү бул чуу тууралуу үн ката элек.

“Украинада согуш маалында укук коргоо органдарынын жардамысыз мыйзамдуу жол менен өлкөдөн чыгуу мүмкүн эмес",- дейт мурдагы башкы аскер прокурору Виктор Чумак.

Энергетикадагы коррупциялык схема

Шектүүлөр миллиондогон долларларды Киевдин борборундагы кеңседе адалдап жүргөнү маалым болду. Ал кеңсе мурдагы украин депутатынын үй-бүлөсүнө таандык. Ал азыр Орусиянын Сенатында отурган Андрей Деркач.

Бул иште дагы бир жогорку деңгээлдеги аткаминер, мурдагы энергетика министри, кийин юстиция министри болгон Герман Галущенконун да аты аталууда. Ал 12-ноябрда кызматынан четтетилди. Галущенко айыптоолорду четке кагып, “мен өзүмдү сотто коргойм, Миндичтен эч кандай жеке пайда көргөн эмесмин” деп билдирди.

Коргонуу тармагынын байланышы

Иликтөөдө мурдагы коргоо министри, азыркы Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеровдун, ошондой эле мурдагы вице-премьер-министр Алексей Чернышовдун да ысымдары аралашып жүрөт.

Бул жагдай энергетикадагы эле эмес, коргонуу тармагындагы коррупциянын көлөмү да чоң болушу мүмкүн деген божомолдорду күчөттү. Тергөөчүлөр шектүүлөрдүн миң сааттан ашык сүйлөшүүлөрүн жаздырып алган.

Аудилордо алар келишимдерди бөлүшүп, төлөмдөрдү токтотуп, согуш маалында ким канча табарын чечишкен. Маселен, аудиожаздыруулардын биринде шектүүлөр аба чабуулдарынан коргоо үчүн энергетикалык объекттерге курулуш контракттарын бөлүштүрүү тууралуу сүйлөшкөнүн угууга болот. Коррупцияга каршы агенттиктин өкүлдөрү бул иликтөөнүн алкагында 70тен ашык үйдө тинтүү жүргүзүшкөн.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте. 13-февраль, 2025-жыл.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте. 13-февраль, 2025-жыл.

Жаңжалдын кесепети канчалык чоң болушу мүмкүн?

Бул жаңжалдын натыйжасы өтө олуттуу болушу ыктымал.

Орус армиясынын Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына дээрлик төрт жылга аяк басып калды. Миллиондогон украиндер оор кырдаалда жашап жатышат. Өлкө боюнча электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүүдө. Анткени орус армиясы энергетикалык инфраструктураны бутага алып, Украинанын аскердик кубатын жана элдин демин түшүрүүгө аракет кылып келет.

Кыш жакындаган сайын бул кырдаал оорлоп баратат.

“Энергоатом” компаниясынын байкоочу кеңешинин мүчөсү Тимофей Милофанов 11-ноябрда кызматынан кеткенин жарыялады.

Анын айтымында, компаниянын жаңжалга реакция кылуу боюнча сунуштары эске алынбай калган.

“Натыйжасыз жумшалган ар бир гривна (украиндердин улуттук акчасы) уурдалса же жөн эле туура эмес пайдаланылса да бул фронтто кимдир бирөөнүн өмүрүнүн өчүшүнө алып келет,” — деди ал "Азаттыкка" курган маегинде.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Кая Каллас Украинадагы жемкорлукка байланыштуу чууну “абдан өкүнүчтүү” деп атап, Киев буга олуттуу карайт деп үмүт артарын бөлүштү.

Зеленский бир нече ай мурда Коррупцияга каршы улуттук агенттикти жабууга аракет кылган. Ошол кезде эле иликтөөчүлөр бул схеманы териштирип жатышкан. Жалпы 15 айга созулган иликтөөнүн жыйынтыгы эми гана коомчулукка жарыяланды. Анда Киевди бир топ убакыттан бери коррупцияга каршы күрөштү жакшыртууга басым жасап келе жаткан Украинанын Батыштагы өнөктөштөрү да президентти бул кадамга барбоого чакырышкан.

Зеленский коррупцияга каршы агенттиктерди жоюу тууралуу мыйзамга кол койгондон 72 саатка жетпей аларды калыбына келтирүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

"Мен бул иликтөө Коррупцияга каршы агенттикке кысым көрсөтүүнүн себеби болгон болушу мүмкүн экенин четке какпайм", — деди мурдагы прокурор Чумак.

Бул жаңылык Батыш медиасында кеңири чагылдырылды. Британиянын Guardian гезити “бул иш президент үчүн олуттуу саясий кризиске айланып жатат” деп жазса, Politico басылмасы “Зеленскийдин президенттик мезгилиндеги эң чоң коррупциялык жаңжал” деп атады.

Шерине

XS
SM
MD
LG