Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Беларус бийлиги Тихановскийдин сайтын, соцтармактагы баракчаларын "экстремисттик" деп тапты


Сергей Тихановский президенттик шайлоонун алдындагы оппозициянын митингинде. 24-май, 2020-жыл. (Архив)
Сергей Тихановский президенттик шайлоонун алдындагы оппозициянын митингинде. 24-май, 2020-жыл. (Архив)

Беларустун бийлиги саясатчы Сергей Тихановскийдин сайты менен социалдык тармактардагы баракчаларын "экстремисттик" деп тапты. Мындай чечимди Минскинин Борбордук райондук соту чыгарганын жергиликтүү "Наша Нива" гезити жазды.

Соттун чечими Тихановскийдин жеке сайты, Телеграм, Твиттер, Фейсбук, Ютуб жана Инстаграмдагы баракчаларына тиешелүү. "Экстремисттик" деп табылган ресурстарга катталгандар жана андагы материалдарды жактыргандар Беларуста кылмыш жообуна тартылат.

Буга чейин октябрдын аягында Беларус соту Тихановскийдин ТикТоктогу аккаунтун "экстремисттик" деп тапкан.

Сергей Тихановский — блогер, YouTube, Телеграмда "Страна для жизни" деген берүүнү алып барат. Ал 2020-жылы Беларустун авторитардик башчысы Александр Лукашенкого атаандаш болом деп президенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы аны каттоодон баш тарткан, кийинчерээк күч органдары Тихановскийди "жапырт башаламандык уюштурган" деген айып менен камакка алган.

2021-жылдын декабрында шайлоо жыйынтыгын бурмалоого байланыштуу Лукашенконун бийлигине каршы жапырт нааразылык акциясынан кийин Тихановский 18 жылга кесилген. Түрмөдө аны кыйноо шартында кармашкан, жакындары менен көрүшкөн эмес, аялы Светлана Тихановская Беларустан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог Беларуска барып, Лукашенко менен жолуккандан кийин быйыл 21-июнда Тихановский баштаган 20дай саясий туткун абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгарылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG