Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

ИИМ Шайлообек Атазовдун үйүндөгү тинтүү тууралуу эски видео тарап жатканын билдирди


Шайлообек Атазовдун үйү тинтүүгө алынганы боюнча видеодон алынган сүрөт.
Шайлообек Атазовдун үйү тинтүүгө алынганы боюнча видеодон алынган сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун үйү тинтүүгө алынганы боюнча социалдык тармактарга тараган тасмага түшүндүрмө берди. Министрлик быйыл июнь айында экс-депутаттын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүн ырастап, ошол эски видео тарап жатканын тактады.

"Ал иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн. Азыркы учурда Ш.Атазовго карата эч кандай процессуалдык аракеттер жүргүзүлүп жаткан жок", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Министрлик бул эски маалыматтын тарашы боюнча текшерип жатканын кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз берген Атазовду каттоодон баш тарткан. Буга анын уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары 2024-жылдан бери каттоодо турганы себеп катары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары ал 2024-жылы 13-марттан 29-ноябрга чейин чет өлкөдө жүргөн. Талапкер болуу үчүн жаран соңку беш жылда өлкө аймагында туруктуу жашашы керек же бир жылда четте жүргөн убактысы алты айдан ашпашы шарт.

Атазов уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар экени тууралуу маалыматты четке кагып, "соттун чечими жок туруп күнөөлөнүп жатканын" айткан.

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Свердлов округунан шайланып келген. Ал мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен жакын мамиледе болгон. Матраимов камалгандан кийин мандаты алынган.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. Жаңы мыйзамга ылайык, өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын экөө эркек, бири аял болушу кажет, же эки аял алдыда келсе, үчүнчүсү эркек болушу шарт.

Шерине

XS
SM
MD
LG