Украинанын борбор калаасы Киев жана башка да он чакты аймагы 30-октябрга караган түнү Орусиянын ракеталык жана дрон чабуулуна кабылганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.
Дрондор Харьков, Сумы, Запорожье, Николаев, Днепропетров, Киев, Черкассы, Кировоград, Житомир, Винница, Хмельницкий облустарынын аймагына учурулганы айтылды, алардын так саны боюнча азырынча маалымат жок.
Чабуулдардан ондогон адам жараат алганы, арасында балдар да бар экени, үйлөр, имараттар, маанилүү инфраструктура объектилери зыянга учураганы кабарланды.
Украиналык Telegram каналдар кабарлагандай, Орусия Мурманск облусундагы "Оленья" аэродромунан Ту-95МС стратегиялык бомбалоочуларынан жетөөнү учурду, алар Х-101 жана Х-55 канаттуу ракеталары менен аткылады. (RK)
Шерине