Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

Бишкекте "бомба" тууралуу жалган кабар ондон ашык мектепти дүрбөттү


Бишкектеги мектептердин биринин окуучуларын эвакуациялоо учуру.
Бишкектеги мектептердин биринин окуучуларын эвакуациялоо учуру.

20-апрелде эртең менен Бишкек шаарында бир катар мектептерге "бомба коюлганы" тууралуу маалымат түшүп, окуучулар үйлөрүнө таратылган. Мындай окуя соңку аптада эле экинчи ирет кайталанды. Буга байланыштуу коопсуздук маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Атайын кызмат бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

"Бомба коюлганы" тууралуу эртең менен саат 07:29 чамасында Бишкек милициясына алгач №33 мектеп-гимназиядан билдирүү түшкөн. Мектеп жамааты окуучуларды сыртка чыгарып, тез арада үйүнө кетирген. Ал жерге милиция келип, издөө иштерин жүргүзгөн, бирок эч нерсе аныкталган эмес.

Бишкектин №33 мектеп-гимназиясы. 20-апрелде окуу үзгүлтүккө учурады.
Бишкектин №33 мектеп-гимназиясы. 20-апрелде окуу үзгүлтүккө учурады.

Бир учурда бир нече мектептин электрондук почтасына түшкөн катты "Сейтек СТЕМ" жалпы билим берүү жеке мектеби да алган. Соңку бир жумада эле эки жолу окуу жараяны үзгүлтүккө учурады дейт окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Самакова.

Гүлбарчын Самакова
Гүлбарчын Самакова

"Мектептин электрондук почтасына орус тилинде кат келет. Анда "Мектепте бомба коюлган, чыккыла" деген, же болбосо "Мен жиндимин, мен келесомун" деп да жазат. Мындай окуя жаңы окуу жылы башталгандан бери үчүнчү ирет кайталанды. Мисалы, ушул аптанын шейшемби күнү да электрондук почтабызга кат келип, биз бул тууралуу милицияга кабар бергенбиз. Анда миңге чукул окуучу, мугалимдер жамааты эвакуацияланып, балдарды үйлөрүнө тараттык. Бүгүн да ушундай эле көрүнүш катталып, окуу үзгүлтүккө учурады. Буга ата-энелер да нааразы болуп, чоо-жайын сурап атышат. Биз укук оргоо органдарынан маалымат алуу аракетин көргөнүбүз менен майнап чыккан жок".

Ушул эле күнү Бишкектеги №52, 67, 62, 32, 51, 63, 52 мектептеринен, ошондой эле "Акылтай", Oxford, Intellect school, "Сейтек", "Звездочка", “Сапат” менчик мектептеринен жана Раззаков атындагы техникалык университеттен шашылыш кабар түшкөн. Атайын адистердин тобу барып, текшергенден кийин баары таза чыккан.

Парламентте да бул маселе көтөрүлүп, депутаттар атайын кызмат эмне иш аткарып жатканын сурады. Депутат Аида Исатбек кызы ата-энелер кайрылып жатканын айтып, "бомба" тууралуу маалыматтан улам №67 мектептин окуучулары үч жолу эвакуацияланганын билдирди.

"Бул адаттагы көрүнүш болуп калды. Буга чейин да ушундай эле окуялар болуп келген. Ушуга байланыштуу кандайдыр бир иш алып барып жатасыздарбы? Мисалы, №67 мектепте үчүнчү жолу катталды. Эми ошол бомба тууралуу кат жазган адам аныкталды, ал жоопкерчиликке тартылат деген маалымат барбы?".

УКМКнын төрагасынын орун басары Айбек Шаменов жана милициция жетекчилери Жогорку Кеңештин жыйынында. 20-апрель, 2023-жыл.
УКМКнын төрагасынын орун басары Айбек Шаменов жана милициция жетекчилери Жогорку Кеңештин жыйынында. 20-апрель, 2023-жыл.

Парламент депутатынын суроосуна жооп берип жатып, УКМК төрагасынын орун басары Айбек Шаменов билдирүү тараткандарды аныктоо дээрлик мүмкүн болбой жатканын мындайча түшүндүрдү:

"Электрондук катты жөнөткөн аккаунт Орусия же Украинанын аймагында катталган. Азыр кызматташуу аркылуу аларды аныктап чыгуу үчүн аракеттер көрүлүп жатат. Алар аныктап берсе, биз андан аркы иштерди аткарабыз. Маселе бир күндө түзүлүп, кат жөнөтүлгөндөн кийин кайра жок болуп кеткен аккаунттарда болууда. Алар катты түрдүү даректерден жиберип, биздин иште кыйынчылык жаратууда".

Бишкектин тургуну Жамилянын эки баласы мектепте окуйт. Ал ата-энелердин Whatsapp тайпасында айрымдар балдарын мектепке жиберүүдөн чочулап жатканын айтты.

"Тун кызым чоңурак болгондуктан бат эле мектептен чыгып кетиптир. Кичүүсү класстан чыккандан кийин каридордо тыгын болуп калып, ыйлап жибергенин айтып келди. "Мектептерде бомба бар" деп окуучулар эвакуацияланды" деген кабарды окуп алып жаман болдум. Жумушта отурган жеримден мектепке такси жалдап келдим. Мен келгенде дагы бир канча ата-эне балдарын кучактап, үйүнө кетип баратыптыр. Биздин ата-энелер кирген Whatsapp группаларда да ушул маселе талкууланууда. Мектеп администрациясы "милиция иштеп атат, биз билбейбиз" деп кыска жооп берет. Бүгүн да балдарымды эрте алып кеткенге туура келди, кызымдын классташынын апасы "эмне кылсаңар ошону кылгыла" деп эми уулун мектепке жибербей турганын жазды. Бала үчүн да, ата-энелер үчүн да бул көрүнүш чоң стресс".

Ошентип мектептеги чукул кырдаал таң атпай балдарын окууга жиберген ата-энелерди да катуу чочуткан. Айрым мектеп жетекчилери, ата-энелер социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасады.

"Эмне максатта кылынып жатат билбейм, бирок бир жумада эки жолу ушундай кат келип, окуучулар эвакуацияланды. Эгер бирөөлөр ойноп жатса, керектүү органдар чара көрүшү керек. Ата-энелер балдарын мектепке жөнөтүүдөн чочулап калышты. Бул эмне деген жорук? Кышы бою күн суук деп эки күндө бир каникулга чыктык, эми жазында эки күндүн биринде милиция келип, балдарды эвакуациялап жатат. Окубай калдык. Бул нерсеге чекит коюу керек!", - деп жазды Фейсбук баракчасына Intellect school жеке менчик мектебинин жетекчиси Жакшылык Матанов.


Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Индира Токонова балдардын саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн бардык күч жумшалып жатканын билдирди.

"Билим берүү министрлигинде тиешелүү объектилеринин сактап калышын камсыз кылуу, алдын алуу иштери - биздин милдет. Ошондой эле кызматкерлердин, окуучулардын өмүрүн, ден соолугун сактоо да - биздин милдет. Буга байланыштуу атайын антитеррордук паспорт түзүлгөн, анда кызматкерлерге эрежелер үйрөтүлүп, класстык сааттар өтөт. Эвакуация пландары түзүлүп, алдын алуу иштери максаттуу болуп турат".

Буга чейин дагы Бишкек шаарынын эл көп барган жайларда "бомба коюлганы" тууралуу милицияга анонимдүү маалымат түшүп, атайын адистердин ыкчам тобу иш алып барган фактылар катталган. Укук коргоо органдары жалган маалыматты кимдер таратып жатканы аныкталып-аныкталбаганын билдирген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG