Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Дуров Казакстанда жасалма интеллект лабораториясы ачыларын билдирди


Павел Дуров Астанадагы форумда. 2-октябрь, 2025-жыл.
Павел Дуров Астанадагы форумда. 2-октябрь, 2025-жыл.

Telegram компаниясынын негиздөөчүсү Павел Дуров Казакстанда жасалма интеллект лабораториясы ачыларын билдирди.

Астанада Digital Bridge – 2025 форумунда сүйлөгөн ишкер биргелешкен долбоор миллиарддаган кишиге жасалма интеллекттин функцияларын ачык, эффективдүү, жеке маалыматын ачыкка чыгарбай колдонууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Дуров былтыркы августта соттук көзөмөлгө алынган. Анын үстүнөн бир нече кылмыш иши боюнча иликтөө жүрүүдө. Атап айтканда, Telegram платформасында мыйзамсыз мазмундун жайылышы териштирилүүдө. Тергөөнүн пикиринде, Дуров кылмышка шерик катары катышкан, себеби мессенжер контентти жакшылап тескеген эмес жана бийликтин кайрылууларына жооп бербей койгон. Бизнесмен дооматтарды четке кагууда. Июнда Франциянын соту ага чет өлкөгө убактылуу чыгууга уруксат берген.

Сөз болгон форумда казак президенти Касым-Жомарт Токаев, Венгриянын мамлекет башчысы Тамаш Шуйок жана башкалар чыгып сүйлөдү.


Шерине

XS
SM
MD
LG