Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Орусия жана Украина согуш туткундарын айырбаштады


Мекенине кайтарылган украин жоокери. 2-октябрь, 2025-жыл.
Мекенине кайтарылган украин жоокери. 2-октябрь, 2025-жыл.

Орусия жана Украина согуш туткундарын айырбаштады. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул маалыматты бышыктап, 183 катардагы аскерлер менен сержанттар, эки офицер жана 20 карапайым киши үйүнө кайтарылганын билдирди.

"Биздин жоокерлер Мариуполду жана „Азовстальды“, Чернобыл АЭСин коргогон. Көбү 2022-жылдан бери туткунда болчу, акыры алар үйдө", - деп жазды Зеленский.

Ага чейин Орусиянын Коргоо министрлиги 23-июлда Стамбул шаарында жетишилген макулдашууга ылайык орусиялык 185 аскер кайтарылганын, украиналык 185 аскер өткөрүлүп берилгенин маалымдаган. Мекеме андан тышкары 20 карапайым киши кайтып келгенин кошумчалады. Маалыматка ылайык, ушу тапта аларга Беларуста медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

Буга чейин тараптар акыркы жолу августтун аягында 146дан туткундан алмашкан. Ошондо украин аймагына кирип кеткен Курск облусунун сегиз тургуну да кайтарылган.

Ага чейин Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мындан көп киши айырбашталган.

Май жана июнда өткөн кездешүүлөрдө украин жана орус делегациялары башка олуттуу мунасага жетише алган эмес.


Шерине

XS
SM
MD
LG