Американын Мичиган штатынын Гранд-Бланк шаарында 28-сентябрда мормондордун чиркөөсүнө кол салууда кеминде төрт киши каза таап, сегизи жараат алды.
Ок аткан адам атып олтүрүлгөн.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, куралчан адам жекшембиде чиркөөгө ибадат кылууга көп киши келген учурда анын кире беришин машине менен тосуп, ок ачкан. Андан кийин чиркөөнүн имаратын өрттөп жиберген.
Кылмышкер полиция менен ок атышып, аягында атып өлтүрүлгөн. Ал Мичигандын 40 жаштагы тургуну Томас Жейкоб Сэнфорд болуп чыкты. Ал мурдагы деңиз жоокери. Полиция алгач эки киши өлгөнүн кабарлаган, кийин чиркөөнүн күйүп кеткен имаратынан дагы эки сөөк чыгарылган. Кол салуунун чоо-жайы иликтенип жатат.
"Бул Кошмо Штаттарда христиандарга атайлап багытталган кезектеги кол салуу. Биздин өлкөдө мындай зомбулуктун эпидемиясы тез арада токтошу керек", — деп жазды АКШ президенти Дональд Трамп Thrue Social баракчасына. Ал иликтөөнү Федералдык Чалгын кызматы башкарып жатканын айтты.
Гранд-Бланк Детройттун түндүгүндө 105 чакырым аралыкта жайгашкан.
Шерине