Бүгүн биз “Сыябан” берүүсүндө Жогорку адабий курстун максаты, алдыдагы пландары, дегеле кыргыз адабиятынын абалы, котормочулук жөнүндө маектешүүнү чечтик. Биздин конокторубуз курсту ачуу демилгесин көтөргөн филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы-сынчы Үмүт Култаева, акын Алтынай Ормотоева жана котормочу Дабыт Абдылбары уулу.
- Үмүт айым, саламатсызбы? Жогорку адабий курс сиздин демилгеңиз, аракетиңиз менен ачылды эле. Бүгүнкү күндө анда кимдер билим алууда, дегеле курсту ачууга эмне түрткү болду эле?
Үмүт Култаева: Мурда биздин калемгерлер Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтунун алдындагы курста окушчу да. Алардын баары кийин кыргыз адабиятындагы жаңы эстетикалык аралдарды ачышты. Чыңгыз Айтматов да ошол жерде окуган. “Эгер ошол курска барбасам, ушундай жазуучу болот белем, болбойт белем, бул чоң маселе” деп айткан жайы бар. Бүгүнкү күндө Айтматовдун сүрөтү Горький институтунун дубалында сыймыктуу бүтүрүүчү катары илинип турат. Ал курста 60-жылдары кыргыз адабиятына авангарддык агымды алып келген Омор Султанов, чыгаан акын Байдылда Сарногоев окуган. Азыр эми заман башка. Ушу күндө бул жактан Горькийдин адабий курсуна барып окуп келгендер сейрек. Анда бир жылдык окуу акысы 153 миң рубль экен. Андан тышкары батир, жашоо керек дегендей.
Эгемендик алгандан кийин мурункудай цензура жок, адабияттын теориясын, ички механизмин жакшы түшүнбөгөндөр деле акын-жазуучу болуп кетишти. Социалдык тармактын жаман жери ушул экен, бирөө кээде бирдеме чүргөсө эле “Ой, бул шедевр, укмуш” деп мактап калышат. Көркөм-эстетикалык деңгээл аябай түштү. Буларды көрүп ойлонот экенсиң. Былтыр кыргыз жазма адабиятынын жүз жылдыгы болду. Мааракеге карата президентке кайрылуу жаздым эле. Ага эки күн ичинде жооп болду. Президенттин реакциясы, тапшырмасы менен адабий курс ачылды десем болот. Учурдан пайдаланып терең ыраазычылык билдирем.
Адегенде 18 киши окуду. Быйылкы курска келгендер көбүрөөк. Азыр бизде Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган фестивалда байге алган Элгиза Бусурманкул кызы окуп жатат. Ага чейин акын кыздар Афина Бакирова, Максуда Оморова тапшырган. Би-Би-Сиде иштеген Сталбек Абжалил дагы биздин курска келди. Төкмө акын Азиз Биймырза уулу окуп жатат.
- Быйылкы курста Кытайдан келген жаш илимпоз, котормочу Дабыт Абдылбары уулу да окуп жаткан экен. Дабыт мырза, билишимче сиз Кытайда чоңойгон экенсиз. Ал жактан жогорку билим да алыпсыз. Анан Бишкекке келип адабий курска тапшырып калууңузга эмне себеп, зарылчылык болду?
Дабыт Абдылбары уулу: Кыргызстандагы Жогорку адабий курс мезгилдин, доордун талабы менен түзүлдү деп ойлойм. Азыр илим-билимдин жаңылануу цикли аябай тез жүрүп жатат. Муну биз сезе турган, аңдай турган мезгилдебиз. Беш жыл мурда үйрөнгөнүбүз илимдин өнүгүшү менен бат эле керектен чыгышы мүмкүн. Ушуну эске алганда, өзүбүздү өрчүтүп, билим корун улам жаңыртып турушубуз керек. Жогорку адабий курста Кыргызстандагы адабият жаатында, жазма адабият болобу, элдик оозеки чыгармачылык болобу мыкты устаттарыбыз сабак берет. Алардын сабактарын угуу, билимин алуу биз үчүн да чоң пайда. Уга турганын угуп, окуп, аары гүлдөн бал чогулткандай билимди чогултуп алсак деген ой менен адабий курска келип отурам. Өзүм жөнүндө айта кетсем, Кытайда мектепте жана университетте окуп жүргөндө, ыр, андан кийин аңгеме жазчумун. Кытайда кыргыз тилинде чыккан мезгилдүү басылмаларда жана айрым жыйнактарда жарыяланган. Котормочулук менен да алектенип жүрдүм. Кийин илимге ооп, филология илиминин доктору болгом. Андан кийин элдик оозеки чыгармачылык боюнча илимий даражамды коргодум. Бүгүнкү күндө көркөм адабий чыгармачылыкка көп аралашпасам дагы, котормо таануу, адабият таануу жаатында көбүрөөк изденип, эмгектенип жатам.
- Жогоркуда Горький тууралуу айтып калбадыңызбы. Азыр эми дүйнө ачылды. Адабият таанууну, котормочулукту же кинону башка өлкөлөрдөн деле окуса болот чыгаар. Албетте, ага бир чети акча керек дечи. Ошол эле учурда чыгарма жазуу үчүн ириде талант керек деп жүргөндөр бар.
Үмүт Култаева: Калемгер канчалык билимдүү болсо, анын чыгармасы да ошончолук мыкты болот. Адамдын таланты менен гана жазылган чыгармалар бүгүнкү окурманды канааттандырбай калды. Азыркы чыгармаларда бардык жагынан төп келген маалымат болушу керек. Эгерде каарман инсультка чалдыкса, калемгер жок дегенде бул эмне болгон оору экенин билиши керек.
Экинчи жагынан чет өлкөдө окуу үчүн адегенде өз адабиятыбызды окуп, таанып, башкаларга да таанытышыбыз керек да. Өз тамырыбызды, руханий, менталдык өзгөчөлүгүбүздү билишибиз керек. Башкача айтканда, улуттук аң-сезимди да ойготууга тийишпиз. Улуттук аң-сезим ойгонбосо, кулмүнөз психологиядан кутула албай, жүрө берет экенбиз. Аалам азыр кыргыз адабиятынын бар экенин унутуп деле калды. Айтматовдун көзү өткөнүнө эле 20 жылга жакындады. Ошондон бери Султан Раевдин чыгармалары гана чет тилдерине которулуп жатат. Калемгерлерибизди дүйнөлүк масштабга алып чыгыш үчүн билим сөзсүз керек, курулай талант менен чыгуу абдан кыйын.
- Үмүт айым, жогоруда адабий эстетика жана адабий табит тууралуу айтып калдыңыз. Негизинен, биздеги адабий табит кандай? Көп учурда окурмандарды сындайбыз да. Ошол эле учурда адабий табитти кимдер жаратат деген суроо туулат?
Үмүт Култаева: Албетте адабий табиттин жаралышына чыгарма таасир этет. Чыгарма канчалык жакшы болсо, окурмандын табити да жогору болот. Жана айтып кеткендей, кийинки кезде чыккан саман-топон чыгармалар массалык табитти түшүрүп жатат да. Такыр эле белгисиз авторлор, белгисиз чыгармасын 7 миң долларга саткан фактылар бар. Ошол эле учурда көздүн нуру кетип жазылган чыгармалар окулбай калды. Табитти жогорулатуу үчүн ириде мыкты чыгармалар керек. Мисалы, Чыңгыз Айтматов адабиятка келгенде, өзүнөн өзү анын мектеби пайда болгон. Калемгерлер Айтматовдун чыгармаларын көрүп туруп ушуга тете, ушуга жакын чыгарма жазуу керек экендигин түшүнгөн. Тендик Аскаровдун “Кыргыз адабиятында Айтматовдун повестинен кийин ташкындаган повесттердин сели жүрдү” деген сөзү бар. Өскөн Даникеев, Кеңеш Жусупов, Мурза Гапаровдой мыкты жазуучулар Айтматовдун артынан келишти. Анткени ошол калемгерлерге эстетикалык кубат берген чыгарма болду. Азыр биздин максат - чыгармалардын эстетикалык кубатын жогорулатуу.
Сиз азыр жакшы билет болушуңуз керек, “Азаттыкта” Венера Сагындык кызы эки жыл мурда Франциядан келген эки изделдөөчүдөн маек алды. Алар айтып жатат, Батышта кыргыз адабияты жөнүндө көп деле маалымат жок экен. Эки гана маалымат бар дейт. Бири “Манас” эпосу болсо, экинчиси Чыңгыз Айтматов. “Манас” гениалдуу эпос, бирок фольклор, Чыңгыз Айтматов болсо гениалдуу жазуучу. Бирок ал социалдык реализмде жазды. Калган адабиятыңар кайда?” дейт да. Ушул суроонун өзү ар бир калемгерди, адабият таануучуну ойлонтууга тийиш да.
Котормо кантип жакшырат?
- Котормону жакшыртуу керек дейсизби? Курста бул багытты да окутасыздар да?
Үмүт Култаева: Советтер союзу убагында биздин улуу жазуучулардын баары котормолор менен алектенчү, азыр Ашым Жакыпбековдой, Аман Токтогуловдой котормочу табуу кыйын. Биздин адабият дүйнөлүк масштабга чыгышы үчүн котормолорду да жакшыртышыбыз керек. Котормо - руханий дүйнөдөгү өзгөчө тармак да. Биринчиден, эгер котормочу кандайдыр бир чыгарманы которсо, өзүнчө бир мектептен өтөт. Мыкты, коомго кандайдыр бир жаңырык алып келген чыгарманы которгонго аракет кылганда адамдын дүйнө таанымы, ойлонуу масштабы кеңеет, ошол эле учурда көп сабак алат. Котормочулук өнөр аркылуу калемгерлердин эстетикалык деңгээли көтөрүлөт. Экинчиден, бул маданий байланыш, ааламдашуу шартында эстетикалык жактан артта калбаш үчүн дүйнөлүк масштабдагы чыгармаларды билүүгө тийишпиз. Бул бир жагынан пайда таба турган да тармак.
Мисалы, жакында эле Кытайдан кишилер келип кетти. “Чоң долбоор баштайлы, кытай адабиятын которо турган кишиңер барбы? Биз ага төлөйлү. Кытайга чакыралы, келип-кеткен жол киресин, чыгымын көтөрөлү. Китебин чыгарып берели” дейт. Түркияда котормочулар өздөрү аракет кылып Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын”, Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларын которушту. Калгандары турат. Батыштан келген эки изилдөөчүнүн “калган адабиятыңар кайда?” деген суроосуна азырынча жооп табылбай турат. Азыр курста эки багыт бар. Биринчиси - адабий чыгармачылык, экинчиси - котормочу адистиги. Учурдан пайдаланып калемгерлер, котормого кызыккандар болсо курска чакырат элем. Негизи котормочуларды бизде чет тилдер факультетинде даярдашат эмеспи. Ал жакта студент кезинде эле майда аңгемелерди котортушса, котормочулардын мууну пайда болот беле деп ойлойм.
- Котормо деп калдык. Айтматовдун көп чыгармалары орусча жазылып, аны Ашым Жакыпбеков кыргызчалаган эмеспи. Азыр жаштар арасында ушул маалымат таң калуу жаратып жатат. Мурда аны баары эле билчү да?
Үмүт Култаева: Мектепте адабият сабагында ошол маалымат айтылышы керек эле. Ал киши которгону айтылып эле жүрөт. Экөөнүн мамилеси жакшы, бири-бирин кыйбас адамдар болгон.
Ашым Жакыпбеков чындыгында улуу котормочу. Жакында эле ушул боюнча доктордук диссертация корголду. Мен оппонент болдум. Жакыпбековдон башка орусча текстти элдин аң-сезимине ылайыктап, кыргызчалаган котормочуну мен билбейт элем. Мисалы, маңкурттагы “кулунум” деген сөз. Найман эне “Кулунум, оозуна бир тамчы суу тамбай турганда, күндү кашайта каргай алдың бекен?” деп жатат. Чыгарманын орусчасында андай сөз жок. “Күндү кашайта каргай алдың бекен? Кудайды кашайта каргай алдың бекен? Энеңди кашайта каргай алдың бекен?” деп үч баалуулукту берген. Кыргызчасы ыр болуп төгүлүп турат да. Азыр ошол котормону биздин калемгерлер түшүнбөй жатканына капа болуп жүрөм.
Чыгыш адабиятынын кудрети
- Биз азыр дүйнөлүк адабиятты орус тилинде болсо дагы окуп жатабыз. Бирок жаныбыздагы коңшулардын, ошол эле Кытайдын адабиятын жакшы билбейбиз да. Аларда акыркы 30 жылда кандай тенденция болгону белгисиз.
Үмүт Култаева: Эмне үчүн биз Чыгыш адабиятын жакшы билбейбиз. Анткени, убагында саясат ушундай болуптур да. Орус адабиятына басымды көп коюп, өзүбүз байырлаган Чыгыштын адабиятын окубай калган экенбиз. Кубатбек Жусубалиевдин “Жигит кезимде Батыш адабиятын окудум, жигит болуп турсаң кантип окубайсың? Саади кембагалды ары ыргыттым, бери ыргыттым, ар жерде жатты. Бирок жигиттик доор өтөт экен. Ошондо Саадиге кайрылып келдим, азыр жатып да окуйм, отуруп да окуйм. Чыгыш адабияты Ош базарында отурган бир ыркыйган чал. Мээси толо акыл, көкүрөгү толо руханий байлык. Ал эми Батыш адабияты анын жанында чатырап ойнош күткөн, ресторанга барып чардаган, сүйүүнүн толкунунда жүргөн жигит”, - деп айтканы бар. Көрсө, биздин накта руханий дүйнөбүз Чыгышта экен да. Чыгыш адабиятына убагында Гегел, Гете, Пушкин, Толстой суктанган. Чыгыш адабиятынын алтын доору Бухара, Самаркандда болгон. Чыңгыз Айтматов дагы бир маегинде “Менин ыкыбалым Чыгыш адабияты” деп айткан жайы бар. Чыгыш адабиятын жакшы билбегенибиз кыргыз коомунун ак тагы. Эстетикалык табитибиздин төмөндөп жатканынын бир себеби балким ушундан уламдыр? Ошондуктан биздин курска Чыгыш адабияты да кирген.
Дабыт Абдылбары уулу: Кытайдын өзүндө котормого өзгөчө маани беришет. Эки-үч жыл мурда танзаниялык Гурна Абдулразак деген жазуучу Нобелдин адабият боюнча сыйлыгын алды. Анын чыгармалары кайсы бир жылдары кытай тилине которулган экен. Сыйлык жеңгени белгилүү болор замат анысын таап чыгып жарыялап жиберишти. Кыска убакытта башка чыгармаларын өтө сапаттуу деңгээлде которуп, жазуучунун өзүн жолугушууга чакырышты. Ошентип окурмандар менен автордун байланышын чыңдаганга аракет кылышат. Адабий курстар, семинарлар, чыгармачыл кечелер тынымсыз өтүп турат. Бизден Чыңгыз Айтматовдун “Кассандранын тамгасынан” башка дээрлик бардык чыгармалары кытай тилине которулган. Ушул жерден белгилей кетчү жагдай, “Кыямат” төрт жолу ар башка версияда которулган, “Кылым каратар бир күндү” адашпасам тогуз жолу ар башка адам которгон. Кытай адабиятында котормо абдан маанилүү орунду ээлейт.
Азыр мен өзүм дагы Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун тапшырмасы менен бир долбоорго катышып, ошонун үстүндө иштеп жатам. Кытайда Айтматов тууралуу чыккан илимий макалаларды кыргыз тилине которуу менен алекмин. Ошондо орус, кыргыз сынчылары айтпаган сөздү кытай сынчылары айткан да. Бул кыргыз адабий чөйрөсү үчүн баалуу табылга болот деген ойдомун.
- Кытайдагы кыргыздар кандай чыгармаларды окушат?
Дабыт Абдылбары уулу: Кытайда өзүңүздөргө белгилүү болгондой, калктын саны, ошого жараша окурмандар да көп. Азыр ал жакта азыр сюжети жеңил, интернетке жарыяланган чыгармалар популярдуу. Соңку жылдары бул массалык адабияттын бир түрүнө айланды. Фантастика жана детектив жанрындагы чыгармалар да көп окулат.
Ошону менен катар классика да жакшы окулат. Социалисттик реализм күчтүү, жазуучулар ушул багытта көп жазышат. Кытай кыргыздары Борбор Азиянын жазуучуларын, анын ичинде Чыңгыз Айтматов баштаган мыкты акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларын эки тилде, кыргызча, анан кытайча окушат. Кытайдагы кыргыз жаштар көбүнчө кытай тилинде окуп калышты.
Негизи Кытайда адабиятты бала бакчадан эле окутушат. Айрыкча, Кытайдын улуттук классикасын. Байыртан келе жаткан чыгармалары бар да. Конфуцийдин трактаттарын жатташат. Алтынчы класска барган бала, Ли Бо, Ду Фунун ырларын жатка айтат. 11-классты бүткөн бала Конфуцийдин чыгармасынын жарымын айтып бериши мүмкүн. Адабият боюнча институттарында дүйнө адабияты менен таанышат. Орус филологиясы Кытайда өтө өнүккөн адистиктердин бири. Кытайдын чек ара аймактарында, атайын тил боюнча билим берген мекемелерде орус тилин, адабиятын окушат.
- Түрк жазуучусу Орхан Памуктун бир-эки чыгармасын окусам, оң каарман, терс каарман деген жок экен да. Пенде болгондон кийин ката кетиребиз да. Ошону ачык жазыптыр. Кыргыз адабиятындагы көп чыгармалар андай эмес да. Көбү социалисттик реализмдин деми менен жазылган да. Кытайда да ошондой экен. Бирок ошол алкактан чыгып кеткендер барбы?
Үмүт Култаева: Бар, мисалы Кубатбек Жусубалиев. Саясат же партиялык каармандар тууралуу бир дагы чыгармасы жок. Же ошол эле Мурза Гапаров. Ал киши романтизмге кирип кетти. Гүл, булбул, булак суусу, айдын нуру, жаңгак токойу, кыштак деген романтикалык каражаттары абдан күчтүү. Социалисттик реализмде алкак бар да, жазуучу ошонун ичинен чыкпашы керек. Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев ал алкакка сыйган жок. Дүйнөлүк адабият эмнени жактырат? Нобелдин адабият сыйлыгын берип жаткандар руханий эркиндикти баалашат. Дүйнөлүк адабият чектөөнү, рамканы жактырбайт, ага баш ийбейт дагы.
Салижан Жигитовдун “Социалисттик реализм бизге каймагын калпып, көк сүттү берди” деп айтканы бар. Каймак – бул тыюу салынган адабият болчу. Ошол эле Арыстанбек, Калыгул, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Касым Тыныстанов... Союз маалында анын баарына тыюу салынган да. "Кыяматты эңсегендер, реакциячылар" деп айтышкан бизге. Чындыгында аларда эстетикалык ойлом мыкты өнүккөн экен. Биз ошондон куржалак калыптырбыз. Руханий керектөөбүз ошон үчүн канааттанбай калыптыр. Биз тойбой калыптырбыз. Улуттук эстетиканын мыкты ойломдорун бизге жеткирбей, кыйып салган экен. Азыр курста ошол тыюу салынган адабиятка да өзгөчө көңүл буруп жатабыз.
Дабыт Абдылбары уулу: Кытайда дагы социалисттик реализм багытында жазгандар көп, бирок анын чегинен чыгып кеткендер да жок эмес. Айталы, Нобель сыйлыгын алган Мо Ян деген кытай жазуучусу. Юй Хуа деген жазуучунун классикага айланган бир чыгармасы бар. “Жаша” деп аталат. Дүйнө эли бүт билет. Кино болуп да тартылган. Феодалдык система менен республикалык система орноп жаткандагы кагылышуу, андан кийинки оторчулардын Кытайга басып кириши, ички жарандык согуш сүрөттөлгөн. Улуттук менталитеттин, салт-санаанын, жаңы менен эски замандын кагылышы, андан кийинки жаңы өлкө куруу, ар кандай социалдык келишпестиктер, толкундар, ыңкылаптардын баарын бир чыгармага батырган да. Чыгармадагы каармандардын кимиси терс, кимиси оң экенин айтуу кыйын.
Кыргыз адабиятындагы аялдардын орду
- Дүйнөлүк адабиятта кыз-келиндер салган чыйыр бар да. Биздин адабий курста окуп жаткан акын-жазуучу кыздар эмнени изилдеп, жазууну каалайт?
Үмүт Култаева: Мен буга чейин ушул эле “Азаттыкта” кыргыз поэзиясында аялдар активдүү ролду ойноп жатканын айткан элем. Дүйнөлүк адабиятта деле, биздин улуттук адабиятта деле аялдар активдүү. Мунун себеби, адабияттын табияты менен аялдын табиятынын шайкештигинде. Аял сезимтал, эмоцияларга бай, психологиялык жактан абдан аялуу жан, адабият дагы ошондой аялуу баалуулук. Мен курстагы кыз-келиндер жаман көрсө да “Сүйүүңөрдү айтып бүттүңөрбү? Андан башканы да ойлонгулачы, мисалы, мекенге болгон сүйүү, кыргыз жеринин улуулугу, сулуулугу, элдин нарктуулугун” деп айтып жатам. Күлүп калышат. Элүүдөн өткөн бир калемгерибизге “Ай, сен качанга чейин өбүлө элек эриндерим деп жүрө бересиң? Токтот эми, эриндериңди” дедим. Биз азыр мекен темасын ойготушубуз керек. Анткени, кыргыздын улуулугу анын кылым карыткан тарыхында. Мекенге өзгөчө мамиле жасагандыгы менен эл болуп сакталып келе жатат да. Алтынай мына ушул теманы колго алып жатат. Башка кыздарыбызда да ушундай демилгелер бар.
Алтынай Ормотоева: Кесибим боюнча саясат талдоочумун. Адабияттан алыс окуу жайда жогорку билим алгам. Бирок кыргыздардын көбү чымындуу келет окшойт. Ыр жазып жүрдүм. Анткен менен бул тармак мага чытырман токойдой эле сезилчү. Адабият эмне экенин билүү үчүн курска тапшырдым десем болот. Азыр адабий чөйрөнүн арибин жаңыдан таанып жатам. Мурда ыр жазып жүрсөм, азыр прозага кызыгуу ойгонду. Өзүм Хемингуэйдин чыгармаларын жакшы көрөм. Ошонун таасириненби деңиз жөнүндө ырларды көп жазчумун. Азыр уктасам да, турсам да “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору оюман кетпейт. Өзөккө кайттым десем болот. Төлөгөн Касымбеков менен Чыңгыз Айтматовду кайра-кайра окуп жатам. Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөтүн” канча окусам да сиңире албай жаткан кезим. Менин көз карашымда ал башкача чыгарма. Ар бир сүйлөмүн окуган сайын муну кантип тапкан, кантип жазган деген ой туулат. Азырынча котормого кирише элекмин. Котормо чалкып жаткан океан эмеспи, даяр болбосоң жакшы чыгарманы бузуп алышың мүмкүн. Окурмандын, өзүңдүн алдында жоопкерчилик бар дегендей.
Үмүт Култаева: Алтынай жөнүндө бир-эки ооз сөз айта кетейинчи. Биздин курстагы активдүү окуучулардын бири. Сөз байлыгы күчтүү, тили жатык. Азыр прозалык жанрдагы бир нече эмгеги бар, биз аны талкуулап жатабыз. Аңгемеси, эссеси бар, повесть баштап жатат. Бирок, баары бир билим керек. Дагы бир жыл окуйт. Буюрса, мен ушул кыздан мыкты калемгер чыгат деп үмүт кылам.
- Азыр аялдарга жана балдарга карата зомбулук күчөп кетпедиби. Же болбосо экологиялык көйгөйлөр бар дегендей. Ушуларды жазуу ниетиңиз барбы?
Алтынай Ормотоева: Мен сүйүү темасына көп кайрылбайм. Эки жылдан бери 1937-жылдагы репрессия темасына кызыгып, архивдерден караштырып, изилдеп жүрөм. Ушул теманы көтөргүм келет. Баштап жатам, бирок жүрөксүнүп да турам. Азербайжанга барганда көрдүм, аларда репрессия болгондордун жаткан жери эс алуу жайларынын катарына кирет экен. Балдарын жетелеп кирип, эс алгыча тарыхтан кеп салат экен. Ошондо менде бизде эмнеге мындай эмес деген ой туулган. Балдар менен барып эс алчу, ошол эле кезде тарыхты эстетип турган жайлар жок. "Ата-Бейитте" жаткандардын баскан жолу мен үчүн чоң тарых. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы кимдердин каны менен түптөлгөнүн жазып калтырууну моюнубуздагы парз деп билем. Ушул теманы ачып беришибиз керек.
- Дабыт мырза, азыр китеп дүкөндөрүндө корей, жапон аял жазуучуларынын чыгармаларын көрүп калам, бирок кытай аял жазуучуларынын чыгармаларын көрө да, окуй да элекмин. Деги эле алар кандай чыгармаларды жазышат?
Дабыт Абдылбары уулу: Адабиятта жынысына карабай, ар ким өзүнүн деңгээлине жараша жазат. Кытай адабиятында аял жазуучуларынын да орду чоң. Анын ичинде Чжан Айлин (Эйлин Чанг) деген жазуучу болгон. Анын чыгармаларынын негизинде көптөгөн көркөм тасмалар тартылган. Бирок ондуктун ичине кирген кытай жазуучуларын карай турган болсок, алардын катарында аял жазуучулар жок. Бирок аялдар арасынан чыккан күчтүү акындар бар.
Мемуар, эссе, сын жана кино
- Жакында эле Түгөлбай Сыдыкбековдун бир мемуарын окуп калдым. Андан 30-жылдардагы кыргыздын каймактары жөнүндө маалыматтарды таптым. Үмүт айым, кыргыз адабиятында мемуар жанрынын орду кандай?
Үмүт Култаева: Мемуар автобиографиялык чыгармадан бир аз айырмаланат. Анда коомдогу процесстер менен адамдын автобиографиясы синтезделет. Эгер кийинки муун үчүн, адамдын тарыхы үчүн маанилүү маалымат болсо мемуар жазса болот. Түгөлбай Сыдыкбековдун төрт каты бар да. Бул каттар анын баатырдыгы, улутман болгону үчүн баалуу. Биринчи каты партиялык съездге келгенде, кайсы маселени көтөргүңүз келет деген суроого жооп катары жазылган. Ошондо “Мен улуттук тил маселесин көтөргүм келет. Мен дагы кайсы маселени көтөргүм келет, Ата Мекендик согушта Орто Азиянын кырчындай жигиттерин өлүмгө тосуп бердиңер. Бирок көркөм фильмдерде эмне үчүн алардын аты жок? Согуш учурунда каза болгон кыргыз баатырларынын биринин да аты жок. Москваны коргогондо булар дзотко төшүн тосподу беле?! Эмне үчүн ушуларды айтпайсыңар?” деген. Ал кат эч жакка жарыяланбай, сандыкка катылган. Азыркыга чейин чыга элек. Демек, бул өтө маанилүү, улуттун аң-сезимин ойгото турчу материал. Адамдын аң-сезимин күүгө келтирүүчү материал. Азыр жеке үй-бүлөлүк тарыхын мемуар деп жазгандар көп. Анын баалуулугу канча, кимге кызык?
- Кеңеш Жусупов убагында Жапонияга сапарын, Алыкул Осмонов тууралуу изилдөөсүн жазган экен. Китебин окуганда аябай катуу таасир эткен. Жол очерктери ж.б. жанрлар да калып кетти окшойт кыргыз адабиятында?
Үмүт Култаева: Кеңеш Жусуповдун Алыкул Осмонов жөнүндө эскерүүсү – бул эссе. Бизде бул жанр анча өнүккөн эмес. Сагын Акматбекованын оргиналдуу эсселери бар. Бирок ошол эссенин эң мыкты үлгүсүн Кеңеш Жусупов “Ыр сабындагы өмүрдө” берди да. Бул дагы адабиятта талкууланчу маселелердин бири. Ал адамдын өмүрүндөгү биз билбеген фактыларды алып чыккан. “Жыпардын упчусу” дегени эле адамдын жүрөгүн титеретет, ыйлатат. Алыкул берген түйүнчөктү ачканда анда дагы бир түйүн, аны ачса баланын упчусу жатпайбы. Акындын бүтүндөй бактысын, кубанычын, трагедиясын, кайгы-капасын да ушул упчу көрсөтүп койду да. Көркөм адабиятта көркөм деталь деген бар да. Жусупов ошол көркөм деталды ушунчалык келиштире жазган. Ошол эле Алыкулдун отургучу. Аны Кеңеш Жусупов таап, сатып алган. "Троллейбустагы орустар жапайы кыргыз деп жаман көргөнүнө карабай, төбөмө көтөрүп келгем, анткени ал баалуу эле" дейт.
Анан ошол отургучту алып келип, Мурза Гапаровго “мен отурбасам мейли, сен отур” деп бериптир. Достуктун улуулугун караңызчы... Мурза Гапаров дүйнөдөн кайтканда, Кеңеш Жусупов биздин институтта иштечү. Эки айдай өзүнө келе албай жүрдү агай. Достукту баалаган адамдар ушундай болот. Ошон үчүн достук, үй- бүлө, сүйүү ошонун баарын кошуп, керемет чыгармаларды жаратты да.
- Убагында “Кыргызстан маданияты” гезитине, “Ала-Тоо” журналына адабий сындар жарыяланып турчу экен. Аны карапайым окурмандар да окуп, рахат алышчу экен. Азыр адабий сындын деңгээли түшүп кетти дешет. Кээде акындардын чыгармасы турган жекелигине, керт башына өтүп кеткен сындар чыгып калат. Адабий курста сынды да окутасыздарбы?
Үмүт Култаева: Улуу сынчы качан жаралат? Улуу сынчы билимди өздөштүргөндө гана жаралат. Эгер билим болбосо ал кантип сындайт, кантип баалайт, кантип талдайт? Ошондуктан билим абдан чоң мааниге ээ. Бизде эки чоң корифей бар эле, бири - Кеңешбек Асаналиев, экинчиси - Кадыркул Даутов. Кеңешбек Асаналиевдин “Көчкөндө сак бол” деген макалалар жыйнагы чыккан. Ошондо эмне үчүн сын токтоп калганын айтып жатат. Биз Эгемен болдук, эркиндикке чыктык эми укмуштуудай адабият жаратабыз деп ойлогонбуз. Бирок жарата алган жокпуз. Анын себеби, өмүр бою социалисттик реализм менен руханий жактан азыктанып, ошонун суусун ичип, рахатын көрүп, ошонун жобосу менен иштеген адамдар дароо эле жаңы багытка өтүп кете албайт экен. Анткени өзүбүздүн адабий тилдин концепциясын, теориясын негиздей элек экенбиз. Ал үчүн убакыт керек экен. Жаңы муундагы сынчыларды даярдай элек экенбиз. Ортодо тыныгуу, боштук турат. Ошол боштук ичтен бышып жатат. Буюрса, ошол сынчылардын жаңы мууну өсөт, келет деген ишеним бар.
- Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров менен бир нече жыл мурда сүйлөшүп калганда, “Жакшы кино тартылышы үчүн жакшы сценарий керек, жакшы сценарий болушу үчүн жакшы чыгарма керек” деди эле. Азыр курста сценарийди окуталы деген максаттар барбы?
Үмүт Култаева: Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинде сценарий жазууну үйрөткөн факультет бар. Туура, адабият бардык көркөм өнөрдүн башаты. Чыңгыз Айтматов келди театр өнүктү. “Кыргыз керемети” жаралды. Сүрөт өнөрүндө укумуштуудай өнүгүү болду. Театрда, кинодо, балетте, операда бардыгын көтөрүп кетти да. “Адегенде сөз болгон” деп бекеринен айтылган эмес. Бардык нерсенин башаты сөз. Текст мыкты болсо, калганына идея берет экен. Айтматовдун чыгармалары союздун бардык театрларында коюлган. Бүтүндөй боордош, канаатташ элдердин театрын өнүктүрдү да. Байжиевдин “Төрт адамы” эле кырктан ашуун театрда коюлган. Адабияттагы коомдун бардык тармагына, катмарына таасир этет.
Азыр Арслан Капай уулу (Койчиев) жакшы чыгармаларды жазып жүрөт. Сценарий үчүн мисалы анын “Мисмилдирик” чыгармасын алса болот. 1916-жыл кыргыз тарыхы үчүн өзгөчө маселе да. “Бакшы менен Чыңгызханын”, “Добул-Таштык Заратустрасын” алса болот. Азыркы кыргыз прозасында эки фигура - Султан Раев жана Арслан Капай уулу турат. Жаш калемгерлердин да жакшы аңгемелери бар. Акын Нуриза Өмүрбаеванын “Өсүндү” деген алакандай аңгемеси бар. Мекен жөнүндө “Белек” деген аңгемеси бар. Нарсулуу Гургубаева жана Нуриза Өмүрбаева Горькийден окуганы үчүн ойлонуусу такыр башка да. “Белекте” миграцияда жүргөн адам каза болгондо жанынан туулган жеринин топурагы чыгат. Ошону анан кабырга чачышат. Бул бир Мекен тууралуу, миграция көйгөйүн козгогон укмуш аңгеме. Миграция темасы жазылып, тартылышы керек. “Тил билги” деген курс ачкам, сапаттуу жазууну, сүйлөөнү үйрөтөм. Бир күнү "сизден окусам болобу, Африкадамын" деп бирөө чалды. Дагы бирөө "Италияда элем, бул жакта эки миңдей кыргыз барбыз. Балдарыбыз эне тилин билбей калды" деп жазды. Ушундай көйгөйлөр көп да.
- Бир кезде бизде милициясы да, дарыгери да ыр окуган, чыгарма жазган интеллектуалдык катмар пайда болгон экен. Азыр акын-жазуучуларды башка тармактын кишилери тааныбай деле калды окшойт. Дегеним, кээде жакшы чыгармалар коомду ойготуп, жандантып жиберет турбайбы...
Үмүт Култаева: 60-жылдардагы авангард агымын алалы. Союздук маштабда Белла Ахмадулина, Роберт Рождественский ж.б. жер-жерлерге барып ырларын көркөм окуп, коомду титиреткен. Бизден Омор Султанов чыккан. Ошол күчтүү толкундун арты менен врач болобу, инженер болобу, артист болобу ыр окуп, адабиятка, искусствого кызыга баштаган. Омор Султановдун “Сен жөнүндө поэмасы” сүйүшкөндөрдүн гимнине айланып кеткен экен.
Андан кийинки Сагын Акматбекованын феноменин алалы. Москвада Горький институтунда Жолон Мамытов экөө окуп калат. Сагын Акматбекова аябай токтоо, жөнөкөй эмеспи. Жайкысын каникулга келбей ошол жакта калып калат. Бирок ырлары жупкадай китепче болуп чыккан экен. Ошол он тыйындык китепче “кара базарда” 20-30 сомго чыгып кетиптир. Жолон Мамытов каникулдан кийин барып, “Эй, Сагын сен эмне кылып отурасың бул жакта? Фрунзеде “сагынизм” болуп жатат” дептир. Акындардын ырлары элдин аң-сезимин ойготкондо, окурмандар аны жатка айта баштайт тура. Коом кесибине карабай туруп адабияттагы эстетикалык рахатты сезиптир. Азыр ошондой бүтүндөй коомдун көркөм аң-сезимин ойготуп жиберчү чыгарма жок да.
Шерине