Парламенттин спикери Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңешти өзүн өзү таркатуу чечими президент Садыр Жапаров менен талкуулангандан кийин кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу ал эркин журналист Ыдырыс Исаковдун Ютуб каналына курган маегинде айтты.
Ал кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында, 2027-жылдын январь айында президенттик шайлоо болуп эки чоң саясий иш-чара удаа келип калганы Жогорку Кеңешти таркатууга негизги жүйө болгонун кошумчалады. Андан тышкары 2026-жылы Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири саясий жана маданий иш-чаралар да өтөрүн билдирди.
“Мен президент менен кеңештим. Президент “Мен бардыгына даярмын. Президенттик десеңер президенттик, парламенттик десеңер парламенттик шайлоо өткөрөлү. Айткан жүйөр туура. Өзүңөр чечкиле” деди. Биз президент жакшы иштеп жатат, экономикада өсүш бар. Президент аткаруу бийлигинин, мамлекеттин башында турат дедик. Президентке ыргакты бузуп албай парламенттик эле шайлоону өткөрөлү деп айттым”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан кологон. Парламентке кезексиз шайлоо болжол менен 30-ноябрда өтөрү айтылууда.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт. Мыйзам боюнча парламентке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек болчу. (BTo)
Шерине