Манас шаардык кеңеши 26-сентябрдагы кезексиз сессиясында мындан ары 27-сентябрды Манас шаарынын күнү деп белгилөө чечимин кабыл алды.
Маалыматты “Азаттыкка” шаардын мэри Эрнисбек Ормоков ырастады. Ал президент Садыр Жапаров Жалал-Абадды Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө мыйзамга 17-сентябрда кол койгонун жана ал 10 күндөн кийин, 27-сентябрда күчүнө киргенин айтты. Ушундан улам бул күн Манас шаарынын күнү деп белгиленгенин кошумчалады. 27-сентябрь Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин да туулган күнү.
“Чынын айтсам биз Камчыбек Кыдыршаевичтин туулган күнү экенин билген жокпуз. Бул жөн гана дал келүү. Анткени биз мыйзам 27-сентябрда күчүнө кирет дегенге бир күн калганда шаардын күнүн белгилеп коёлу деп бекитип атпайбызбы. Анан социалдык тармактардан эле генералыбыздын туулган күнү экенин билдик. Тескерисинче ал кишиден тил угабыз го деп турабыз”, - деди Эрнисбек Ормоков.
27-сентябрда Камчыбек Ташиев 57 жашка чыкты. Эрнисбек Ормоковдун маалыматында Жалал-Абад шаарынын аты өзгөртүлө электе шаар күнү октябрь айынын үчүнчү дем алыш күнү белгиленип келген. Акыркы эки жылда 26-октябрда майрамдалган.
Садыр Жапаров Жалал-Абадды Манас шаары деп атоо жөнүндөгү мыйзамга 17-сентябрда кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 10-сентябрда кабыл алган. Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон.
Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо анын идеясы болгонун жана эл да демилге көтөргөнүн айтып, Кыргызстандын борборун Манаска көчүрүү сунушу берилсе аны эл чечиши керектигин айткан.
Шаар 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул калаада көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып, ички жолдор, стадион, социалдык объектилер курулуп, жасалды. Манас шаарынын калкы 184 миңден ашат. (BTo)
Шерине