Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен санкция, визалык жана миграциялык маселелерди талкуудады. Бул тууралуу делегациялар 26-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында жолугушканда сөз болгонун Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси билдирди.
Жээнбек Кулубаев санкциялар боюнча тең салмактуу мамиле зарыл экенин жана Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү маанилүүлү экенин айткан.
“Министр Жээнбек Кулубаев кыргыз тарап АКШлык инвесторлорду жана жаңы технологияларды тартууга кызыкдар экенин айтып, бул үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин баса белгиледи”, - деп айтылат маалыматта.
АКШ, Улуу Британия жана Жапония Орусия менен активдүү кызматташканы үчүн санкция киргизген Кыргызстандагы компаниялардын саны 10-15ке чамалады. Алар көбүнесе өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар.
11-январда АКШ Кыргызстанда катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына санкция салган. Төрт күндөн кийин – 15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет банкка” да санкция киргизген. АКШ “Керемет банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө өлкөгө салынган санкцияларды негизсиз деп атап, муну өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп атаган.
АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Анда мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террористтерден жана башка улуттук жана коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген. (BTo)
Шерине