Росавиация Москванын түштүк-чыгышындагы "Жуков" аэропорту коопсуздукка байланыштуу убактылуу жабылганын билдирди.
29-сентябрга караган түнү аталган мекеме Калуга жана Тамбов аэропортторун убактылуу жапкан.
Түнү бою Орусиянын Украина менен чектешкен аймактарынан тышкары Липецк, Рязан, Самара жана башка облустарда дрон чабуулунан улам аба коркунучу тууралуу эскертүүлөр жарыяланып турду.
28-сентябрга караган түнү Орусиянын армиясы 500гө чукул дрон, 40тан ашуун ракета менен жапырт чабуул койгонун Киев билдирген. Киевдеги соккулар төрт кишинин өмүрүн алды, бир нече киши жарадар болду. Запорожьеде 40дан ашык киши жараат алган.
Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков украин армиясы аймактын инфраструктурасына сокку урганын, электр жарыгын берүүдө олуттуу маселе жаралганын 29-сентябрда билдирди .Буга чейин аймакта ЖЭБге сокку урулуп, жарык өчүп калганын маалымат каражаттары жазган.
Украин президенти Владимир Зеленский жекшембиде бул соккуларды айыптап, "Москва мындан ары да согушту, кан төгүүнү улантууну кааларын" айтып, дүйнө коомчулугун ага катаал басым көрсөтүүгө чакырды. Украина Орусияга жооп иретинде чабуулдарды улантарын, муну менен ал өлкөнүн киреше булактарынан ажыратууну, дипломатияга келүүгө мажбур кылууну көздөй турганын билдирген.
Шерине