Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:16

Сегиз айда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 35% көбөйдү


Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Бишкек. Архив.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Бишкек. Архив.

Кыргызстанда 2025-жылдын сегиз айында (январь айынан августка чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 277 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда (2024-жылдын сегиз айында 10 567 факты катталган) 35,1% же 3710 фактыга көп.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 3354 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 1154 адам коомдук ишке тартылып, 1610 киши камакка алынган.

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен 22, “Ден соолукка оор зыян келтирүү” менен 25, “Уруп-согуп кыйноо” менен 17, “Зордуктоо” менен 23, “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктуу аракеттер” менен алты кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп. (BTo)




Шерине

XS
SM
MD
LG