Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Грекия олигарх Владимир Плахотнюкту Молдовага өткөрүп берди


Плахотнюк. 25-сентябрь, 2025-жыл. Кишинев
Плахотнюк. 25-сентябрь, 2025-жыл. Кишинев

Грекия молдовалык олигарх, Демократиялык партиянын мурдагы лидери Владимир Плахотнюкту Кишиневго өткөрүп берди. Бул тууралуу NewsMaker жазды.

Плахотнюк мекенинде үч кылмыш ишине айыпталган, анын бири ири банктардан миллиард доллар уурдоого байланыштуу.

2025-жылдын апрелинде Плахотнюкка эл аралык издөө жарыяланып, июлда Грекиядан кармалган.

2010-жылдарда Плахотнюк өз өлкөсүндө эң таасирдүү адам катары саналып келген, аны "Молдованын кожоюну" деп аташчу. Ал өкмөттү жана парламенттик көпчүлүктү көзөмөлдөп турган. 2019-жылы тарапташтары министрлер кабинетин түзө албай койгондон кийин ишкер өлкөдөн чыгып кеткен.

Плахотнюкка каршы Орусияда да каржылык көз боемочулук, баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу, кылмыштуу топ түзүү боюнча кылмыш иштери ачылган. Ал Европа Биримдиги менен АКШнын санкциясында.

Олигархтын экстрадициясы Молдовада парламенттик шайлоого даярдык жүрүп жаткан кезге туш келди. Шайлоо 28-сентябрга белгиленген.

Шерине

XS
SM
MD
LG