Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Акыйкатчы институту Кыйноолорду алдын алуу борборунун жоюлушуна байланыштуу комментарий берди


Кыргызстандын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун логотиби.
Кыргызстандын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун логотиби.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрүнүн тынчсыздануусун жана билдирүүлөрүн эске алуу менен Кыйноолорду алдын алуу борборунун жоюлуп, анын функциясы аталган мекеменин ичине киргизилип жатканына байланыштуу түшүндүрмө таратты.

“Институт конституциялык мыйзамга кол коюлганга чейин эле, өз ыйгарым укуктарынын алкагында кыйноолорду жана ырайымсыз мамилелерди алдын алуу боюнча активдүү иш алып барып келген жана мындан ары да уланта берет. “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесине ылайык, акыйкатчы кайсы убакта болбосун кармалгандарга, баштапкы камоо жайларына, соттолгондор жазасын өтөөчү жайларга, мажбурлап дарылоочу жана кайра тарбиялоочу мекемелерге, психиатриялык ооруканаларга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу. Кыргызстан БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясынын Факультативдик протоколу боюнча өз милдеттерин аткарат”, – деп айтылат Акыйкатчы институтунун маалыматында.

Мекеме тактагандай, Акыйкатчы 2024-жылы Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК), Ички иштер министрилигинин (ИИМ), Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жабык жайларына 258 жолу инспекция жана мониторинг жүргүзгөн. Жыйынтыгында кармалгандардан жана соттолгондордон 139 арыз түшсө, анын 36сы кыйноолорго байланыштуу болгон.

2024-жылы келип түшкөн арыздардын негизинде укук коргоо органдарына 6 Көңүл буруу актысы жөнөтүлүп, анын жыйынтыгында 22 кызматкер жоопкерчиликке тартылган.

Быйылкы жылдын 8 айында кыйноолор боюнча 39 арыз келип түшкөн. Ал боюнча канча кызматкерге чара көрүлгөнү маалыматта белгиленген эмес.

Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда кол койгон “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп, Акыйкатчы институтунун курамына киргизиле турган болду.

Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алып, документ июль айында президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Президент 12-августта долбоорду каршы пикир менен артка кайтарган. Анын алымча-кошумчаланган версиясы 3-сентябрда кабыл алынган.

Мыйзамды талкуулоо учурунда бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирип, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду өз алдынча мекеме катары калтыруу сунушун беришкен.

Жергиликтүү укук коргоо уюмдары президент Садыр Жапаровго кайрылып, аталган мыйзамга кол койбоону өтүнүшкөн. Мыйзам кабыл алынган соң Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк билдирүү таратып, Кыргызстанда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жоюлганын айыптаган.

Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2012-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон. Бул борбор соңку жылдары жабык жайлардагы даттанууларды туруктуу текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныктап келген. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG