Далласта 24-сентябрда АКШнын Иммиграциялык кызматынын (ICE) кеңсеси аткылоого кабылды.
Жергиликтүү бийлик билдиргендей, кеңсеге ок кошуна имараттан атылып, ал жерде кармалып турган эки иммигрант каза тапты. Дагы бири оор абалда ооруканага жеткирилди. Ок аткан адам өзүн да атып салганы кабарланды.
Кеңсенин кызматкерлери жабыркаган эмес.
Кол салган адам мигранттар кармалган борборду эмес, АКШнын иммиграциялык мыйзамдарын бузду деген негизде жакын арада кармалгандарга карата административдик аракеттер жана каттоо жүргүзүлгөн кеңсени бутага алганы айтылды.
АКШнын Федералдык чалгын башкармалыгынын (ФБР) директору Каш Пател X социалдык баракчасына кол салган адамдан колдонулбаган ок табылганы тууралуу сүрөттөрдү жарыялады. Анын биринде «ANTI-ICE» деген жазууну көрүүгө болот.
«Иликтөө жүрүп жатат, далилдерди изилдөөнүн баштапкы жыйынтыгы кол салуунун идеологиялык мотиви бар экенин көрсөтүүдө», — деп жазды Пател.
Далластагы брифингде расмий адамдар жогорудагы маалыматты ырастап, бирок иликтөө эми башталганын айтышты.
Бийлик ок атууну "атайлап даярдалган зомбулук" катары карап жатканын ФБРдин Далластагы бөлүмүнүн жетекчиси Жозеф Ротрок журналисттерге билдирди.
АКШда президент Дональд Трамптын катаал иммиграциялык саясатына каршы Иммиграция кызматтарынын айланасында тынымсыз каршылык акциялары өтүп турат. Акыркы жумаларда мындай акциялар полиция менен кагылышууга, жаш агызуучу газды жана атайын каражаттарды колдонууга чейин жетти.
Буга чейин Чикагонун четинде ушундай акцияларга бир нече демонстрант жана Эванстон шаарынын мэри, июлда Техаста мекемелердин бирине кол салууда полиция кызматкери жараат алган.
Шерине