Ош шаарында 16 жаштагы кызды сабап салган 17 жаштардагы эки кыз жана 13 жаштагы бир кыз шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу шаар милициясынын басма сөз кызматы 25-сентябрда кабарлады.
Мунун алдында калаанын Раимбеков жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кыздардын өз ара жаңжалдашып жаткандыгы тартылган кыскача видео интернетке жарыяланып, талкуу жараткан.
Милициядан билдиришкендей, окуя 24-сентябрь күнү болгон. Факт Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү башталган. Окуяга тиешеси бар тараптар ошол эле күнү милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Жабыркаган кыз Оштогу окуу жайлардын биринин студенти, 16 жаштагы Р.А. экени белгилүү болду. Ага кол көтөрдү деп эже-сиңди - 17 жаштагы, эч жерде окубаган, иштебеген К.М. жана Оштогу мектептердин биринин окуучусу 13 жаштагы К.А. менен кошо алардын курбусу, 9-класстын окуучусу Т.А. шектелүүдө.
Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, чырдашкан кыздар бири-бири менен буга чейин тааныш болгон эмес. Алар Масалиев көчөсүндө, Каныкей эненин эстелигинин алдында топ ойноп жатып чырдаша кетишкен. Кыздардын бири түштүк тарапка карай басып кеткенде К.А. өзүнүн бир тууган эжесин жана курбусун жардамга чакырып, анын артынан жетип, ур-токмокко алышкан.
Жабыркаган кыз жашы жете элек экендигин эске алып, анын мыйзамдуу өкүлдөрү – ата-энеси Кара-Кулжа районунун Алайку аймагынан тергөөгө чакырылды. Милиция тергөө кызматы окуя боюнча ата-эненин арызына жараша иш алып бара турганын билдирди. (ErN)
Шерине