Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк Кыргызстанда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жоюлушуна камтамачылыгын билдирип, бул кыйноолорду болтурбоо жаатында артка ташталган кадам экенин белгиледи.
Ал көз каранды эмес мониторинг жүргүзүүчү органды жоюп, толук көз карандысыз эмес Акыйкатчы институтуна киргизилгенин Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерине карама-каршы келерин белгиледи.
“Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Борбор Азияда эл аралык стандарттарга жооп берген, көз карандысыз улуттук укук коргоо уюму катары чөлкөм үчүн үлгү болчу. Кыргызстанга быйыл мартта барганымда мен бул уюмду сактап калуу зарылдыгын белгилегем. Мен кыргыз бийлигин кыйноолорду алдын алууда мониторинг жүргүзүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн Акыйкатчы институтунун түзүмүндө Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине ылайык жаңы бөлүм түзүү боюнча чара көрүүгө чакырам”, – деди жогорку комиссар Фолкер Түрк.
Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда кол койгон “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп, Акыйкатчы институтунун курамына киргизиле турган болду.
Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алып, документ июль айында президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Президент 12-августта долбоорду каршы пикир менен артка кайтарган. Анын алымча-кошумчаланган версиясы 3-сентябрда кабыл алынган.
Буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирип, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду өз алдынча мекеме катары калтыруу сунушун беришкен.
“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюму президент Садыр Жапаровго кайрылып, аталган мыйзамга кол койбоону, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду сактап калууну өтүнгөн.
Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2012-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон. Бул борбор соңку жылдары жабык жайлардагы даттанууларды туруктуу текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныктап келген. (ErN)
Шерине