Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламентти кезексиз таратуу кадамына президент же президенттик администрация, Министрлер кабинети баш болгон башка бийлик органдары кийлигишпегенин билдирди. Бул тууралуу ал 25-сентябрда демилгечи топтун сунушу бир добуштан колдоо тапкандан кийин сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Тургунбек уулу бардык жол-жоболорго таянып кезектеги шайлоо 30-ноябрда өтөрүн, бул жолу "президенттен же генералдан бата алуу, сүрөмөлөө" болбой турганын кошумчалады.
"Биз тарых жараттык десем жаңылышпаймын. Бул чынында тарых. Ушул күнгө чейин, эгемендик алганга чейин парламент эч качан өзүн таркаткан эмес. 1994-жылы, андан кийин 2007-жылы ошол кездеги президенттин жарлыгы менен, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен парламент мөөнөтүнөн мурда таратылган. Соңку аракеттеги Баш мыйзамга ылайык, мамлекет башчысында мындай укуктар каралган эмес. Андыктан бул парламенттин өзүнүн ички чечими болду. Бул кадамыбызга сырткы күчтөр, президент же анын администрациясы, Министрлер кабинети, башка укук коргоо органдары аралашкан жок", - деди төрага.
Тургунбек уулу кийинки шайлоону таза өткөрүүгө аракет болорун белгилеп, саясий жарышка барчуларды "мурдагыдай күч көрсөтүү, алдоо, добуш сатып алуу менен эмес, позиция, программалары менен" жеңип келүүгө чакырды. Ал мындай жолго баргандар жазалана турганын эскертти.
Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти кезексиз таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдоду. Ага 84 депутат добуш берип, эч ким "каршы" добуш берген жок.
Депутаттар бул сунушту дээрлик талкуулаган жок.
Демилгечи 32 депутаттын бири Улан Примов баяндама жасап, кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтөрүн, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганын белгилеп, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылды.
Депутат Надира Нарматова парламентти таратуу сунушун алып чыккандарды кийинки шайлоодо моралдык жоопкерчиликти эске алууга чакырды.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзгөн. (КЕ)
Шерине