Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти кезексиз таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдоду. Ага 84 депутат добуш берип, эч ким "каршы" добуш берген жок.
Депутаттар бул сунушту дээрлик талкуулаган жок. Демилгечи 32 депутаттын бири Улан Примов баяндама жасап, кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтөрүн, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганын белгилеп, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылды.
Депутат Надира Нарматова парламентти таратуу сунушун алып чыккандарды кийинки шайлоодо моралдык жоопкерчиликти эске алууга чакырды.
"Келгенине алты ай, бир жыл боло элек депутаттардын келе калып кете калам деп демилге көтөргөнү коомчулукта түрдүү пикирди жаратты. Болгондо дагы үч вице-спикердин бардыгы кетем деп жарыялап жатат. Алты комитеттин төрагасы кетем деп маселе көтөрүп жатат. Катардагы карапайым депутаттар мүмкүнчүлүк берип, көкөлөтүп төргө отургузган адамдардын парламентти таратабыз деп алып чыкканы коомчулукта бүдөмүк суроолорду жаратып жатат. Алар тарайбыз десе, кеткилери келсе арыз жазып кете берсе болмок экен... Демилге көтөргөндөр элдин алдына кантип добуш бер деп барасыңар? Кудайдын, мыйзамдын, шайлоочулардын алдында моралдык укугуңарды ойлоп койгула", - деди Нарматова.
Спикер Нурланбек Тургунбек уулу эгемен кыргыз тарыхында биринчи жолу Жогорку Кеңеш өзүн өзү таратып жатканын, VII чакырылыштагы парламент төрт жыл ичинде чек арага, тилге байланыштуу бир катар мыйзамдарды кабыл алып, натыйжалуу иштегенин белгиледи.
Өткөн аптада Жогорку Кеңеште өзүн өзү таркатуу боюнча 32 депутаттан кол чогултулуп, сунуш парламенттин төрагасына жөнөтүлгөн. Спикер бул демилгени колдой турганын айткан.
23-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети парламенттин өзүн өзү таркатуу тууралуу демилге көтөргөн депутаттык топтун сунушун колдогон.
Эми парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Шайлоо болжол менен 30-ноябрда өтөрү айтылууда.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт. Мыйзам боюнча парламентке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров “Азаттыкка” маек берип, эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген. (КЕ)
Шерине