Белгисиз дрондорго байланыштуу Даниянын Ольборг шаарындагы аэропорт 24-сентябрдын кечинде учууларды убактылуу токтотту.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Эсбьерг, Сённерборг жана Войенс аэропорттору да аба мейкиндигинде дрондордун пайда болгонун кабарлап, бирок ишин улантты.
Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, Ольборг аэропортунда саат 21:44тө аба мейкиндикте бир нече учкучсуз аппарат жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Канча дрон экени айтылган жок.
Полициянын башкы инспектору Йеспер Бойгаард Мадсен дрон учургандарды жана алардын максатын иликтөө жүрүп жатканын айтты. Аппараттарды кармоого мүмкүн болбогонун кошумчалады.
Окуядан кийин Ольборгго багыт алган эки учак кайра Копенгагенге, үчүнчү учак Каруп шаарына кайтарылды.
23-сентябрга оогон түнү Европадагы Копенгаген жана Осло шаарларындагы аэропорттордо да дрондор учуп жүргөнү кабарланып, иш бир нече саатка үзгүлтүккө учураган.
Даниянын бийлиги учкучсуз аппараттардын Орусия менен байланышы болушу ыктымалдыгын билдирген.
Шерине