Газа секторунда Израилдин соккусунан дагы 11 кишинин өмүрү кыйылганын 25-сентябрда AFP маалымат агенттиги кабарлады. Бейшемби күнү сектордун борбордук бөлүгүндө качкындар баш калкалап отурган үйгө абадан чабуул жасалганы, өлгөндөр арасында бир нече бала бар экени маалымдалды.
"11 киши набыт кетти, дагы көптөгөн кишинин дайыны табылбай жатат, айрымдары жараат алды", - деди агенттикке жергиликтүү жарандык коргонуу мекемесинин өкүлү Махмуд Бассал.
Соңку апталарда Израил армиясы ЦАХАЛ Газадагы соккуларын күчөтүп, жүз миңдеген кишини ал жактан чыгып кетүүгө мажбур кылды.
АКШ жана Европа Биримдиги террордук уюм деп жарыялаган ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа секторунун саламаттык сактоо мекемесинин соңку эсебинде, азыркы согуш жүрүп жаткан эки жылдан бери анклавда Израилдин аткылоосунан каза болгондор 65 миң 400дөн ашты, алардын көбү жайкын тургундар. Бириккен Улуттар Уюму бул маалымат анык деп эсептейт.
Би-Би-Си израилдик аскерлер Газанын Газа шаарынын борбордук бөлүгүнө келип калганын жана айыгышкан кармашка даярданып турганын 24-сентябрда жазды. Израил бул калааны ХАМАСтын карманар акыркы бекети болуп эсептелерин, аны толук ээлеп, барымтадагыларды бошотуу зарыл экенин билдирүүдө.
Израил 2023-жылдын октябрында Газа тараптан ХАМАСтын кандуу кол салуусуна кабылганын жарыялап, ага каршы согуш баштаган. Ал күнү Израилде 1200дөй киши куралчан топтун колунан набыт болгон, 251 кишини барымтага алып кетишкен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери ошол жакта каза тапкан. (RK)
Шерине